Орусия Кыргызстандагы таасирин бекемдемекчи
2-июлда Москвада президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушту. Бул жолугушуу Орусия Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга расмий сапарынын артынан күтүүсүз уюштурулду. Адатта мамлекет жетекчилеринин расмий жолугушуусу күн мурунтан белгиленип, жолугушуу күнү ачыкталат. А бирок, бул сапар тууралуу маалымат каражаттарына бир күн калганда маалым болду. Буга улай жолугушуунун расмий форматында анчалык көңүл бура турган темалар да козголгон жок. Мындан белгилүү болгондой, Кыргызстан тышкы саясатында Орусияга байлануусун приоритет катары белгилеп алганын айтуу мүмкүн. Кыргыз бийлигинин мындай кадамына Орусиянын акыркы учурда оппозициялык күчтөрдү колдоого алуусу жана мигранттарга болгон кысымды күчөтүүсү себеп болду. Анткени, Кремль аймактагы башка оюнчулардан айырмаланып таасири астындагы өлкөлөрдө басым өткөрүү, коркутуу саясатын жүргүзөт.
Украинадагы согуш жана Батыштын санкциялык басымдары себептүү Кремлдин Борбор Азиядагы таасири бошоңдоп калган эле. Согуш отунун Жакынкы Чыгышта күч алуусу жана Батыштын, айрыкча Американын негизги көңүлүн Кытай менен Жакынкы Чыгышка буруусу Орусияга убактылуу болсо да жеңилдик берди. Мындан улам Орусия алгачкы аракетин Борбор Азиядагы ыңгайлуу өлкө Кыргызстанда таасирин бекемдөөдөн баштамакчы. Бул үчүн мурдагы саясатынан бираз айырмаланып сакофатын күчөтүүгө көңүл буруп жатат. Маселен, эки президенттин жолугушуусунда маданият жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкка көңүл бурулду. Учурда Кыргызстанда орусиялык 200 окутуучу жана 200 мугалим эмгектенип жатат. Алар өлкөдө орус тилин бекемдөө жанан өлкөнүн билим берүү системасын Орусиянын билим берүү системасына ылайыктоонун алкагында иш алып барууда. О.э орус тилдүү мектептердин санын көбөйтүү үчүн Орусия каржылаган мектептер курулуп жатат. Учурда 9 мектеп курулуп бүткөн. Ал эми, Кыргыз-Орус Славян университети реформаланып, ири кампустун курулушу башталды. Окуу жайдын камкорчулар кеңешин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев башкармай болду. Мындан улам Путин Жапаровго Кыргызстанда орус тилине “өзгөчө макам берилгенине” жана кызматташтыкка ыраазычылык билдирди.
Буга Кыргызстанда кыргыз тилинин таасирин арттыруу үчүн кабыл алынып жаткан мыйзамдар, Батыш сакофатынын артып жатышы жана мусулмандардын Ислам сакофатын тездик менен үйрөнүүсү да түрткү болду. Анткени, сакофат кайсы бир идеологияга тиешелүү билимдер болуп, ага ошол идеологиянын тарыхы, мыйзамы, адабияты жана тили кирет.
Буга кошумча эки өлкөнүн экономикалык, соода алакалары да стратегиялык мааниде. Былтыр соода байланыштын көлөмү 11% жогоруласа, быйыл төрт айда бул көрсөткүч 17%дан ашкан. Орусия Кыргызстанга негизинен мунай, курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, дан азыктарын, дары-дармектерди сатат. Кыргызстан Орусияга көбүнчө айыл чарба продуктылары менен жеңил өнөр-жай товарларын экспорттойт. Эки өлкөнүн жылдык соодасынын көлөмү 3,5-4 млрд долларга жетет. Кыргызстан тышкы соодасынын дээрлик ¼ (төрттөн бирин) Орусия менен жүргүзөт. Орусия саясий жактан КМШ, экономикалык жактан ЕАЭБ, аскерий жактан ЖККУ уюмдарын өлкөнү өз таасири астында кармоо үчүн колдонуп келет.
Мумтаз Маверанахрий