Кыргызстанда күнөөлүүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү кыйноого алуу көйгөйүн чечпейт

34
0

Кыргызстанда күнөөлүүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү кыйноого алуу көйгөйүн чечпейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кыйноо кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандардын чөйрөсүн кеңейтүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка ылайык, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 137беренесин БУУнун Конвенциясынын 1-беренесинде камтылган бардык элементтерге шайкеш келтирүүнү тапшырды. Анын ичинде бул беренеге кыйноо кылмышынын субъекттерин кеңейтүү үчүн түзөтүү киргизүү жана кыйноону колдонуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес «расмий түрдө иш алып барган башка адамдарга» да белгилөө каралган.

Мыйзам долбоорунда расмий түрдө иш алып барган адам деп билим берүү, тарбиялоо, дарылоо, коомдук-медициналык уюмдардын кызматкерлери, педагог, инструктор, медициналык кызматкер, ошондой эле келишим боюнча иштеген кызматкерлер кирет.

Комментарий:

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренесине ылайык кыйноо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган адамдардын чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөр биринчи караганда эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана укук коргоо механизмдерин чыңдоого каратылгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул мыйзам долбоорунун формалдуу мазмунунан баштап, анын иш жүзүндө ишке ашуусу, ага болгон саясий умтулуунун өзү күмөн жаратуучу жагдай.

Бул демилге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен чыгып жатат жана бул орган укук коргоо уюмдарынын отчетторунда Кыргызстандагы кыйноо жана ырайымсыз мамилеге катышы бар негизги тарап катары бир нече жолу айтылган. Бул жерде, эгер демилгенин автору өзү Конституцияда жана эл аралык адам укуктарынын нормаларында белгиленген эрежелерди дайыма бузуп жатса, анда жогоруда айтылган түзөтүүлөрдү кабыл алуу кыйноолорду алдын алууга кандайча өбөлгө түзөт деген суроо пайда болот.

Андан тышкары, учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин жоболоруна карабастан, практикада УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноо фактылары жазасыз калууда. Аларга карата кылмыш иштери же козголбойт, же алгачкы этаптарда жабылат, ал эми жабырлануучулар кысымга жана коркутууларга туш болушат. Тергөөнүн жана соттун көз карандысыздыгы болбосо, мыйзамда кандай гана өзгөртүүлөр болбосун, өз маанисин жоготуп, укуктук реформа эл көрсүн үчүн жасалган болот. Бул аткаруу системасынын, анын ичинде жогорку бийлик катмарынын жоопкерчилигин жогорулатмайынча ишке ашырылбайт.

Күч структураларынын жоопкерчилигин жана иликтөөнүн реалдуу механизмдерин түзбөстөн потенциалдуу күнөөлүүлөрдүн тизмесине педагогдор менен медиктерди кошуу аркылуу алардын санын көбөйтүү жана жоопкерчиликти кеңейтүү, көзөмөлдү негизги кылмыш ээлери — УКМК менен күч структураларынын кызматкерлеринен алыстатат.

Ошентип, сунушталган мыйзам долбоору колдоо эмес, тынчсызданууну гана жаратат. Аны жазаланбагандыктын себептерин жоюунун ордуна, жоопкерчиликти күч структураларынан педагогдор жана медиктер сыяктуу анча маанилүү эмес субъекттерге оодаруу аракети катары бааласа болот. УКМК, ИИМ жана башка күч структураларынын кызматкерлери чыныгы жоопкерчиликке тартылмайынча, кандай гана түзөтүүлөр болбосун кагаз жүзүндө калып, кыйноо тажрыйбасы өзгөрүүсүз кала берет.

Хужжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here