Кыргызстан Москва менен көз карандысыздык арасында

32
0

Кыргызстан Москва менен көз карандысыздык арасында

Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун 2-июлда Москвага болгон сапары мамилелердин тең укуктуу болбогон мүнөзүн дагы бир жолу көрсөттү. Расмий түрдө сүйлөшүүлөр стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, экономикалык кызматташуу жана эл аралык коопсуздук маселелерине арналды. Бирок кооз сөздөрдүн артында ачык-айкын нерсе жатат: Бишкек Кремлдин колониалдык күн тартибине ачык эле кошулуп, өз элинин кызыкчылыктарын коргоого батына алган жок.

Айрыкча орус тилинин Кыргызстандагы “артыкчылыктуу макамы” жөнүндөгү билдирүү көңүл бурууга арзыйт. Москва постсоветтик мейкиндикте тил саясатын таасир этүү куралы катары салттуу түрдө колдонуп келет. Кыргыз саясатында анын орус тилин даңазалоосу – бул достук же маданий катнаштын белгиси эмес, Кремлдин пропагандалык аймагын кеңейтүүдөгү дагы бир кадам катары баалоого болот. Айрыкча, орус бийлиги тарыхый эс тутумду өчүрүү жана өзүнүн геосаясий амбицияларын легитимдештирүү үчүн гуманитардык услубдарды активдүү колдонуп жаткан шартта өтө кооптуу жараян.

Кол коюлган келишимдерге көз салсак, Кыргызстанга убада кылынган 623 миллион рубль өлчөмүндөгү жардам  –  экономиканын реалдуу муктаждыктарына салыштырмалуу өтө эле символикалык сумма болуп эсептет. Дан өсүмдүктөрү, вакциналар, товарларды маркалоо жөнүндөгү келишимдер – мунун баары өлкөнүн өнүгүүсүнө узак мөөнөттүү таасирин тийгизе албайт. Ал эми ири долбоорлор, инвестициялар же өнөр жай өнөктөштүгү жөнүндө сөз да болгон жок. Ошол эле учурда Кремль аскердик кызматташуу жана маалыматтык коопсуздук маселелеринде өз позицияларын бекемдеди. Бул Москвага Бишкектин ички жана тышкы саясатын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген тармактар.

Кыргыз тараптын эң чоң кемчилиги – эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселеси. Россиядагы кыргызстандыктарга карата зомбулуктан тартып коомдук кемсинтүүлөргө чейинки чыр-чатактар көбөйүп жаткан шартта Жапаровдун позициясы пассивдүү жана алсыз болду. Акыркы бир жыл ичинде эле кыргызстандыктардын россиялык укук коргоо органдары жана жарандары тарабынан катаал мамилеге дуушар болгон бир нече чуулгандуу окуялар катталды. Буга жооп катары бир да конкреттүү санкция, бир да коомдук ультиматум болгон жок. Тескерисинче, Россия кыргыз тарапты куралдуу жаңжалдарга “жалданма жоокерлерди тартууда” деп айыптап, ошондой эле кыргыз дипломаттарына басым жасап, алардын турак жайларына мыйзамсыз тинтүүнү уюштурган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин реакциясы болсо этияттык жана натыйжасыз болду.

Бул жерде мыйзам ченемдүү суроо пайда болот: президент жеке кызыкчылыктарын саясий кулдука айырбаштап жаткан жокпу? Буга чейин авторитардык башкаруу стилин бир нече жолу көрсөткөн Жапаров Кремлдин тышкы колдоосун өзүнүн саясий өмүрүнүн кепилдиги катары кабыл алууда. Мигранттар жөнүндө сүкүт сактоо, тил маселесиндеги жеңилдиктер, сүйлөшүүлөрдөгү чыныгы субъективдүүлүктүн жоктугу – мунун баары өлкөнүн эгемендүүлүгү бийликтин туруктуулугуна алмашылган келишимдин элементтери катары чечмелениши мүмкүн.

Ошондой эле Бишкектин Пекин жана Анкара менен мамилелериндеги активдүүлүгү стратегия эмес, айласыздыктын реакциясы катары көрүнөт. Кытай алсыраган Россияга караганда Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу реалдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда, бул Кыргызстан өкмөтүнө логистикалык агымдарды көзөмөлдөө жана Азия рынокторуна жетүү мүмкүнчүлүгүн убада кылат. Бул ички саясатта саясий спекуляцияга жана чиновниктердин киреше табуусуна да мүмкүнчүлүк берет. Түркия болсо маданий дипломатия, аскердик кызматташуу жана билим берүү демилгелери аркылуу өз таасирин бекемдеп жатат. Бул кадамдар тобокелчиликтерди алып келгени менен, Бишкекке эл аралык долбоорлордо саясий коргоонуу жана көп тараптуу дипломатиялык алкаларга мүмкүнчүлүк берет. Кремль муну түшүнүп турат, кыязы, буга кыжырданууда.

Ошого карабастан, Бишкек өз жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо жана экономиканы модернизациялоо, өз саясатын бекемдөөнүн ордуна Кремлдин символикалык “жумшак” мамилесине басым жасап жатканы тынчсыздандырат. Жапаровдун сапары чегинүү жана геосаясий баш ийүү саясатынын дагы бир эпизоду болду. Кыргызстан Россиянын таасиринин көлөкөсүндө калууда, эл аралык аренада чыныгы субъективдүүлүккө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатат. Глобалдык өзгөрүүлөр жана Борбор Азиядагы таасир үчүн күрөштүн күчөшү шартында мындай позиция стратегиялык алсыздыкка барабар. Эл аралык сүйлөшүүлөрдө калктын кызыкчылыктарынын ордуна, жеке пайда жана бийликтин коопсуздугу сыяктуу жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылган чакта, өлкө көз карандылыгын жана эгемендүүлүгүн жоготуу жолунда жүрө берет. Капиталисттик түзүмдүн табиятына ылайык дүйнө матасын жана бийликти сактоо үчүн коомдун кызыкчылыгын курмандык чабуунун кесепеттери мындан башкача болушу мүмкүн эмес.

Латыфул Расых.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here