Коррупция Кыргызстандагы башкы көйгөй бойдон калууда
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында коррупция токтобой жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, сентябрь айында казынадан каржыланган иштерди, курулуп жаткан объекттерди, асфальтталып жаткан жолдорду текшерүү үчүн адистерден турган комиссия түзүлөт. Садыр Жапаров эл аны: «Мамлекеттик казына ыйык, андан уурдаба жана башкаларга уурдатууга жол бербе» деген ишенич менен шайлаганын эске салды.
Коррупция Кыргызстанда гана эмес, куфр системасы колдонулган бардык жерде мамлекеттин өнүгүүсүнө негизги тоскоолдуктардын бири болуп калууда. Экономиканы, жарандардын ишенимин жана бийликтин легитимдүүлүгүн алсыратууда. Оозеки коркутуулар жана видеого тартылган тандалма жазалоолор аркылуу натыйжага жетүү мүмкүн эмес. Паракорлук менен күрөш комплекстүү түрдө болушу керек. Ал системдүү мамилени талап кылат жана өлкө жетекчилигинин жеке үлгүсү да маанилүү.
Эгер күрөштүн тез натыйжалары жөнүндө сөз кыла турган болсок, азыркы шартта, биринчи кезекте бюджеттик чыгымдардын ачык-айкындыгын камсыз кылуу зарыл. Эл мамлекеттик акчалар кайда жумшалып жатканын, тендерлерди ким утуп жатканын, кайсы компаниялар кандай шарттарда келишимдерди түзүп жатканын көрүшү керек. Бул жок дегенде коомдук көзөмөлдү пайда кылат жана коррупциялык схемаларды ишке ашырууну кыйла кыйындатат. Маанилүү кадам катары өкмөттөн көз карандысыз, жогорку кызматтагылардын иштерин иликтөөгө реалдуу ыйгарым укуктары бар коррупцияга каршы орган түзүү керек. Буга кошумча, сөзсүз түрдө жазалоону камсыз кылуу маанилүү. Мыйзамды ким бузганына карабай – кичине кызматкерби же жогорку даражалуу министрби – жоопкерчиликти баары тартыш керек.
Коррупция тууралуу билдиргендерди коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул адамдар көп учурда коомдон четтетилип калат, бирок алар системаны тазалоодо негизги ролду ойнойт. Мамлекет аларды коргошу керек, ал эми кээ бир учурларда сыйлык берүү зарыл. Дагы бир маанилүү чара — кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө шарт. Кызматкер өзү же жакындары аркылуу бизнес менен алектенбеши керек, ал эми дайындоолор урук-тууган, достукка эмес, профессионалдуулукка негизделиши керек.
Эгер мамлекет жетекчиси өзү үлгү көрсөтө албаса, анда эч кандай мыйзамдар жана чаралар иштебейт. Президент ачык-айкындыктын, чынчылдыктын жана жөнөкөйлүктүн үлгүсү болушу керек. Анын кирешелери жана мүлкү толугу менен ачык, ал эми жашоо образы элди кыжырдантпаган, акылга сыярлык болушу керек. Жеке үлгү — таасир этүүнүн эң натыйжалуу куралдарынын бири. Эгер президент өзүнүн жакындарына, атүгүл туугандарына да коррупцияга катышууга жол бербесе, бул бүтүндөй системага «уурдоого болбойт» деген ачык сигнал берет.
Жеке жоопкерчилик – тууганчылыктан баш тартуу (трайбализм), мыйзам алдында баарынын теңдиги, чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындык — мунун баары жөн гана кагаз бетиндеги сөз эмес, мамлекет башчысынын жүрүм-туруму, жашоо образы болушу керек. Ошондо гана коррупцияга каршы күрөш популисттик ураандардан чыныгы натыйжалуу саясатка айланат.
Пайгамбар Мухаммаддын ﷺ доорундагы ислам башкаруусунун жана анын адилет халифтери: Абу Бакр, Умар, Усман жана Алинин (Аллах алардан ыраазы болсун) тарыхы коррупцияга, уурдоого жана бийликти кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөштүн чынчылдык, принципиалдуулук жана адилеттүүлүк жагынан көптөгөн жаркын мисалдарын берет. Бул мисалдар жамаатты (умманы) башкарууда кандай бийик адеп-ахлактык стандарт орнотулганын жана лидерлердин жеке үлгүсү ишеним менен тартиптин негизи болгонун көрсөтөт.
Эң белгилүү окуялардын бири — Фатима бинт Асвад аттуу атактуу уруудан чыккан аялдын уурулук кылганы тууралуу окуя. Айрым сахабалар (атап айтканда, Усама ибн Зайд) анын коомдогу жагдайын эске алып, жазаны жеңилдетүүнү суранышкан. Ошондо Пайгамбар ﷺ мындай деген: «Аллахка ант болсун, эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылган болсо, мен анын колун кесип салмакмын» (Сахих аль-Бухари, хадис 6788).
Бул окуя ислам башкаруусунда «кол тийгис» адамдар болбошу керектигин ачык көрсөттү. Мыйзам баарына бирдей, атүгүл бийликке жакын адамдарга да.
Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) халиф болуп турганда, алгач үй-бүлөсүн багуу үчүн кадимки адамдай соода кылууну уланткан. Кийинчерээк жамаат ага казынадан маяна төлөөнү сунуштаган, ал эң аз маянаны тандаган, анын көлөмү төмөнкү өлчөмдөгү эмгек акыга барабар болгон. Өлөр алдында ал үй-бүлөсүнө мамлекеттен алган ашыкча каражатты казынага кайтарууну осуят кылган. Бул жупунулукту жана коомдук каражаттын ар бир тыйынына болгон жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтөт.
Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) дайынсыз коротуу жана артыкчылыктар маселесинде катуу позициясы менен белгилүү болгон. Бир нече жаркын мисалдары бар. Ал кызматкерлерди кирешелери тууралуу үзгүлтүксүз отчет берүүгө милдеттендирген жана алардын чынчылдыгына шек туулса, мүлкүн конфискациялаган.
Белгилүү окуялардын биринде Мисрдин валийи (губернатору) Амр ибн аль-Ас өзүнүн уулуна жарышта биринчи келген атты белек кылган. Умар атты коомдук пайдаланууга кайтарууну талап кылган жана Амрды бул иши үчүн жемелеген.
Ал ошондой эле эл алдында отчет берип, өзүнө карата сынды кабыл алган. Бир жолу бир адам аны токтотуп, жаңы кийими кайдан пайда болгонун сураган. Анткени мамлекеттен берилген кездеме үстүңкү кыска кийимине гана жетмек. Умар өзүнүн уулун чакырып, ал атасына кездемесин бергенин тастыктаган жана ошондон кийин гана эл тынчыган.
Усман (Аллах андан ыраазы болсун) халиф боло электе эле бай адам болгон, бирок өзүнүн жеке каражаттарын мусулмандардын муктаждыктарына жумшаган. Ал Рума кудугун сатып алып, аны коомго бекер пайдаланууга берген. Ошол эле учурда ал башкарууда жумшактык көрсөткөн жана кийинки жылдары туугандарын бийликке дайындаганы үчүн сынга кабылган. Бирок алар тарабынан түздөн-түз кыянаттык болгону далилденген эмес. Усман (р.а.) казынаны жеке максаттарда эч качан колдонгон эмес, анын жашоосу өтө жөнөкөй болгон.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) адилеттүүлүккө болгон катуу мамилеси менен белгилүү болгон. Халиф болуп турганда тууганчыл деп эсептелген көптөгөн кызматкерлерди кызматтан алган. Алардын нааразычылыгына карабастан, бийликтен ажырайм деп корпостон чегинүүгө барган эмес. Анын сөздөрү: «Эгер мусулмандардын казынасы менин жеке менчигим болгон болсо да, мен аны адамдар арасында адилеттүү бөлүштүрмөкмүн. Ал эми бул алардын түздөн түз акысы болуп турса, мен кандай кылмакмын?».
Ал бир жолу өзүнүн бир тууганы Акилди ашыкча каражат суроодон баш тартууга мажбурлаган, ал темирди отко салып: «Сен ушу темирдин ысыгына чыдай албасаң, мусулмандардын казынасынан уурдаганың үчүн Тозоктун отуна кантип чыдайсың?» деген.
Зейд ибн Табит (Аллах андан ыраазы болсун), Пайгамбардын ﷺ катчысы жана Умардын тушунда каржыны башкарууга жооптуу болгон сахаба. Ал ачык-айкын жана так эсеп жүргүзгөнү үчүн ишеним жана сый-урматка ээ болгон. Анын колунан бир да динар каттоосуз жумшалган эмес.
Алгачкы ислам башкаруусунун тарыхы коррупцияга каршы күрөштүн ийгилиги, лидерлердин жеке чынчылдыгы жана жөнөкөйлүгү, мыйзам алдында баарынын теңдиги, кызматкерлерди катуу көзөмөлдөө жана коомдук мүлк менен иштөөдө толук ачык-айкындык аркылуу жетишилгенин көрсөтөт.
Пайгамбар ﷺ жана анын адилеттүү халифтери паракорлукту жок кылууда жетекчинин моралдык аброю негизги калкан экенин түшүнүшкөн. Бул мисалдар адилет башкарууга умтулган замандын жетекчилерин жакшы жака шыктандырышы керек. Биз Аллахтын Ырайымы жана уруксаты менен болочок ислам мамлекети коррупция жана уурулуктан тышкары боло тургандыгына кепилдик беребиз.
Латыфул Расых