Яхудий түзүмүнүн Иранга кол салуусу жана анын кесепеттери

28
0

Бисмиллахир Рахмаанир Рахим

Яхудий түзүмүнүн Иранга кол салуусу жана анын кесепеттери

Суроо: “Арабия” сайты 2025-жылдын 27-июнунда төмөнкүлөрдү жарыялады:

«Дональд Трамптын администрациясы Иранга жарандык максаттар үчүн энергия өндүрүүгө багытталган өзөктүк программа куруу үчүн 30 миллиард долларга чейин жардам берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу 4 ишенимдүү булак маалымдады… Булактардын айтымында, бул талкуулар ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгенден кийин ушул жумада да уланган… Трамп администрациясынын кызматкерлери бир нече сунуштарды көтөрүп чыкканын, алар баштапкы жана өркүндөтүлгөн сунуштар экенин, бирок бир гана өзгөрбөс шарт бар экенин билдиришти. Ал шарт «Ирандын уран байытууну толугу менен токтотуусу».

Мындан сырткары, Трамп Иран менен яхудий түзүмүнүн ортосунда сунуш кылган ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенин жарыялады. Нетаньяху Трамптын сунушуна макул болгонун билдирди… Рейтер агенттиги ирандык жогорку даражалуу бир кызматкердин айтканына таянып: «Тегеран Катар ортомчулугу жана Америка сунуш менен ок атышууну токтотууга макул болду» деп жазды. (Аль-Жазира, 2025-жылдын 24-июну).

Булардын баары 2025-жылдын 22-июнунда Трамптын күчтөрү Ирандын өзөктүк объекттерине чабуул жасагандан кийин жана 2025-жылдын 13-июнунан бери яхудий түзүмү Иранга масштабдуу жана капыстан кол салуу жүргүзгөндөн кийин болду. Суроо мындай: Яхудий түзүмү бул кокустан кол салууну эмне үчүн жасады? Ал мындай иштерди Америка буйрук кылмайынча жасабайт го? Андан тышкары, Иран Америка багытында жүрүп жатса, эмне үчүн Америка Ирандын өзөктүк объекттерин бомбалады?

Жооп:

Жоопту так түшүнүү үчүн төмөнкү маселелерди карап чыгалы:

  1. Ооба, Ирандын өзөктүк программасы яхудий түзүмү үчүн олуттуу жана коркунучтуу күч болуп эсептелет. Ошондуктан алар бул коркунучту ар кандай жол менен жок кылууну каалайт. Ошондуктан, 2018-жылы президент Трамп 2015-жылдагы келишимден чыккандан кийин, яхудий түзүмү кубанып колдогон. Яхудий түзүмүнүн позициясы так болгон. Алар Ливия үлгүсүн гана кабыл алышат, башкача айтканда, Иран өзүнүн өзөктүк программасынан толугу менен баш тартуусун каалайт. Ушул максатта яхудий түзүмү Иран ичинде тыңчыларын күчөттү. Кол салуунун биринчи эле күнүндө Иран ичинде чоң сандагы агенттер иштеп жатканы, алар яхудий түзүмүнүн чалгындоо кызматы «Моссад» менен акча үчүн кызматташып жатканы ачыкка чыкты. Алар учкучсуз учактардын тетиктерин сырттан алып келип, Иран ичиндеги чакан устаканаларда чогултуп, андан соң аларды Иран режиминдеги жетекчилердин үйлөрүнө чейин багыттап аткылады. Бул көрүнүш Ливандагы Иран партиясынын (Хизбулла) лидерлерин яхудий түзүмү жок кылган окуяларга окшош.
  2. Америка болсо, Ирандын өзөктүк долбооруна каршы күрөшүүдө яхудий түзүмүнүн негизги колдоочусу, ал тургай бул иштердин кыймылдаткыч күчү болду. Бирок Трамп бул багытта эки жолду сунуш кылды: сүйлөшүү жолу жана аскердик жол. Ошентип, 2025-жылдын апрель айында Америка менен Иран Маскатка (Оман) сүйлөшүүлөргө багыт алды. Трамптын администрациясы бул сүйлөшүүлөрдү мактап, Иран тарап чоң берилүүлөргө барып жатканын билдирип, жаңы өзөктүк келишим өтө жакын калганын айтышты. Трамп бул келишимди бүтүрүү үчүн эки ай мөөнөт белгилеген.

Яхудий түзүмүнүн жооптуу өкүлдөрү аймактагы америкалык өкүл Уиткофф жана Иран менен сүйлөшүүлөрдөгү башкы ортомчу менен жолугуп турушкан. Алар дээрлик ар бир ирандык делегация менен жолугушуудан мурун америкалык ортомчудан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат алып турушкан.

  1. Трамптын администрациясы өз ичиндеги катаал багыттагы бир катар таасирдүү адамдардын пикирлерин кабыл алган, бул пикирлер яхудий түзүмүнүн позициясына толук дал келген. Бул процесс менен катар эле Европада да катаал пикирлер чыга баштаган. Европалык мамлекеттерди кыжырланткан нерсе — Америка Иран менен жалгыз сүйлөшүп жаткандыгы эле, башкача айтканда, Америка Иран менен кандайдыр бир келишим түзүлсө, анын негизги пайдасын өзү алмак. Айрыкча Иран Трамптын администрациясын шилекейин агызып, азгырып жаткан, себеби Иранда америкалык компаниялар ири көлөмдө инвестиция салып, жүздөгөн миллиард долларга пайда алып келе турган мунай-газ келишимдери, авиакомпаниялар жана башка көптөгөн тармактар жөнүндө сөз болгон.

Бул катаал пикирлерди Эл аралык атомдук энергия агенттигинин катаал баяндамасы да күчтөндүрдү: «Жакынкы 20 жылда биринчи жолу Эл аралык атомдук энергия агенттигинин башкаруучулар кеңеши 2025-жылдын 12-июнунда (бейшемби күнү) Ирандын өзөктүк куралдарды жайылтпоого байланыштуу милдеттенмелерин бузганын жарыялады…» (Deutsche Welle, Германия, 12.6.2025). Мунун алдында Ирандын жогорку жетекчиси уран байытууну токтотуудан баш тарткан эле. «Хаменеи мындай деген: “Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан, мен экинчи тарапка эскертким келет. Америка тарап, бул түз эмес сүйлөшүүлөргө катышып, талкууларды жүргүзүп жаткан тарап, куру сөз сүйлөбөсүн. Алардын “Иранга уран байытууга жол бербейбиз” дегени чоң ката, Иран эч кимдин уруксатын күтпөйт…”. Ошондой эле Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Уиткофф жекшемби күнү мындай деген: “Вашингтон Тегеран менен мүмкүн болгон келишимде уран байытуунун эч кандай деңгээлин кабыл албайт”. Ал “Эй Би Си Ньюс” агенттигине берген интервьюсунда мындай деп кошумчалады: “Биздин оюбузча, келишим эч кандай уран байытууну камтыбашы керек, биз бир пайыздык деңгээлде да уруксат бере албайбыз». (Иран Интернэшнл гезити, 20.5.2025).

  1. Иран уран байытууну токтотуудан баш тартканы жана Америка аны токтотууга катаал талап койгону себептүү, Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелди. Расмий түрдө сүйлөшүүлөр токтотулганы жарыяланбаса да, 2025-жылдын 12-июнунда Эл аралык атомдук энергия агенттигинин баяндамасы чыккан соң, яхудий түзүмү Америка менен түн ичинде пландарын тез арада ишке ашырууга киришти. 2025-жылдын 13-июнунда күтүлбөгөн кол салуу болуп, Ирандын Натанз аймагындагы өзөктүк объектине сокку урулду. Бул объект Ирандын эң чоң уран байытуучу заводу болуп эсептелет жана анда 14 миң центрифуга бар. Ошондой эле, Иран армиясынын жана Иран революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилерин, өзөктүк илимпоздорун жок кылуу боюнча бир катар чабуулдар ишке ашты. Ракета атуу платформаларына да чабуул жасалды.

Яхудий түзүмү Нетаньяхунун айтканына ылайык, бул кол салууларын «Иран өзөктүк куралды изилдөө жана өнүктүрүүнү улантты» (RT, 14.6.2025) деген жүйө менен актоого аракет кылганына карабастан, бул жүйөлөрдү Ирандын көптөгөн билдирүүлөрү жокко чыгарат. Анткени Иран «өзөктүк курал өндүрүүнү пландабагандыгын» жана өзүнүн өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн текшерүү үчүн «эл аралык көзөмөлдүн каалаган деңгээлин» кабыл аларын бир нече жолу билдирген. Бирок бир нерсе анык, яхудий түзүмү Американын «жашыл жарыкты» жагуусун күтүп турган жана бул жашыл жарыкты көргөндө дароо кол салууну баштаган.

  1. Демек, акыл-эстүү адам яхудий түзүмү мындай кол салууну Америкадан «жашыл жарык» албай туруп жасашы мүмкүн деп ойлой албайт. Бул таптакыр мүмкүн эмес. Америка Кошмо Штаттарынын яхудий түзүмүндөгү элчиси Майк Хакаби бейшемби күнү мындай деген: «Мен “Израилди” Америкадан “жашыл жарык” албай туруп Иранга кол салат деп ойлобойм…» (Arab 48, 12.06.2025).

Трамп менен Нетаньяхунун ортосунда 40 мүнөт созулган телефон сүйлөшүүдөн кийин бир израилдик расмий адам «Таймс оф Израил» гезитине жума күнү билдиргендей, Тель-Авив менен Вашингтон «кеңири маалыматтык жана коопсуздук боюнча адаштыруу кампаниясын» жүргүзүшкөн. Бул кампанияга Дональд Трамп да активдүү катышкан. Анын максаты, Ирандын өзөктүк объекттерине чабуул жакын арада болбойт деп ишендирүү болгон. Ошондой эле, ошол учурда израилдик маалымат каражаттарына «Трамп Нетаньяхуну Иранга кол салбоого чакырды» деген шек жараткан маалыматтар атайылап таратылган. Бул «адаштыруу операциясынын бир бөлүгү» экени айтылган. («Аль-Жазира Нет», 13.06.2025).

Буга кошумча, кол салуудан мурун Америка яхудий түзүмүнө атайын курал-жарактарды берип, алар кол салууда колдонулган. Медиа отчетторго ылайык, “АКШ өткөн шейшемби күнү жашыруун түрдө болжол менен 300 даана AGM-114 Хеллфайр ракеталарын “Израилге” жөнөткөн. Бул тууралуу америкалык расмий өкүлдөр билдиришкен. «Иерусалим Пост» гезитинин маалыматына ылайык, Вашингтон Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине жума күнү таңга маал кол салуу планы жөнүндө алдын ала кабардар болгон. Ошондой эле, америкалык аба коргонуу системалары Иран тарабынан чабуулга жооп иретинде атылган 150дөн ашуун баллистикалык ракеталарды тосууга жардам берген. Бир америкалык жогорку даражалуу коргонуу өкүлү Хеллфайр ракеталары “Израил” үчүн пайдалуу болгонун, “Израилдин” аба күчтөрү 100дөн ашуун учакты колдонуп, Иран революциясынын сакчылар корпусунун жогорку офицерлерине, өзөктүк илимпоздорго жана Исфахан менен Тегерандын айланасындагы башкаруу борборлоруна сокку урганын билдирген” («RT», 14.06.2025).

  1. Ошентип, Трамптын администрациясы Иран менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатып, аны адаштыруу аркылуу яхудий түзүмүнүн кол салуусун натыйжалуу жана күтүлбөгөндөй болуусун көздөдү. Американын билдирүүлөрү дал ушул ниетти көрсөтүп турат. Башкача айтканда, Америка яхудий түзүмүнүн бул кол салуусун Иранды өзөктүк сүйлөшүүлөрдө кошумча жеңилүүгө мажбурлоо үчүн колдонгусу келди. Бул болсо, кол салуу Америка сүйлөшүү стратегиясынын бир куралы экенин билдирет. Муну менен бирге, Америка яхудий түзүмүнүн кол салуусун ачык коргоп, аны «өзүн-өзү коргоо» деп атап, курал-жарак менен камсыздап, америкалык учактарды жана абадан коргонуу системаларын колдонуп Ирандын жооп чабуулдарын тосууга жардам берди. Бул аракеттер чындыгында түздөн-түз болбосо да, «жарым-жартылай» Американын кол салуусуна тете. Трамп жекшемби күнү Канададагы «Чоң жетилик» саммитине бара жатып журналисттерге берген билдирүүсүндө: «Кээ бир салгылашуулар келишимге жеткиче качып кутулгус» деп айткан («Arab48», 16.6.2025). «ABC» телеканалына берген маегинде болсо, Трамп АКШ Израилге жардам берип, Ирандын өзөктүк программасын жок кылууга катыша аларын айткан.
  2. Америка согушту Иранды баш ийдирүүчү курал катары колдонууда. Трамптын жогорудагы «келишимге жеткиче кээ бир салгылашуулар качып кутулгус» деген сөзү, бул пикирди ырастайт. Муну Трамптын кол салууга берген баасы дагы ачык көрсөтөт. Ал: «Израилдин Иранга кол салуусу эң сонун иш. Мен аларга мүмкүнчүлүк бергем, бирок алар аны пайдаланган жок жана абдан катуу сокку алышты, келечекте дагы соккулар болот», — деди («ABC», 13.6.2025). Трамп дагы мындай деген: «Ирандыктар сүйлөшүүнү каалашат, бирок муну мурда эле кылышы керек болчу. Менде 60 күн бар болчу, аларда да 60 күн бар эле, 61-күнү мен “келишим жок” деп айттым» («CNN», 16.6.2025).

Бул билдирүүлөрдөн так көрүнүп турат. Кол салууга уруксат берген Америка. Ал тургай, алар түздөн-түз тапшырма да беришкен. Трамп «Труз Сошиал» платформасында мындай деп жазган: “Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча келишимге кол коюшу керек болчу, мен алардан дал ушул нерсени талап кылгам… Кыскача айтканда, Иран өзөктүк куралга ээ боло албайт. Муну мен кайра-кайра айттым” («RT», 16.6.2025). Ошондой эле, яхудий түзүмүнүн бир өкүлү Фордонун жер алдындагы бекем корголгон объектин бомбалоого Америка катышканын айтып: «Америка Иранга каршы согуштук операцияга кошулушу мүмкүн. Трамп Нетаньяху менен болгон сүйлөшүүдө зарыл болсо, муну жасай турганын билдирген» («Al Arabiya», 15.6.2025).

  1. 2025-жылдын 22-июнунда, жекшемби күнү таңга маал Трамп мындай деп жарыялады: «Америка Ирандын үч өзөктүк объектин бутага алды, америкалык сокку ийгиликтүү болду». Ал Фордоу, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объекттерге сокку урулганын, Иранды тынчтык орнотууга жана согушту токтотууга чакырганын айтты.

Америка Коргоо министри Берт Хигесит мындай деп кошумчалады: «Америкалык сокку Ирандын өзөктүк амбициясын токтотту» («BBC», 22.6.2025). Андан кийин («CNN» каналы дүйшөмбү күнү кечинде кабарлагандай), Иран Катардагы америкалык «Аль-Удейд» аскер базасына кыска жана орто аралыктагы баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Ошондой эле, базадагы америкалык учактар өткөн аптанын аягында эле башка жерге чыгарылганы маалымдалды. «Reuters» агенттигинин маалыматы боюнча: «Иран Америкага жана Дохага чабуулдар башталаардан бир нече саат мурда кабарлаган» («Sky News Arabia», 23.6.2025).

Трамп дүйшөмбү күнү мындай деди: «Бизди алдын ала кабардар кылгандыгы үчүн Иранга ыраазычылык билдирем, бул жаракаттардын жана курмандыктардын алдын алды» («Sky News», 24.6.2025).

  1. Америка менен яхудий түзүмүнүн бул кол салууларынан, Ирандын жоопторунан кийин чоң материалдык чыгымдар болуп, адамдар курман болду. Иран Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, Израилдин соккулары башталган күндөн тартып 610 киши шейит болуп, 4746 киши жаракат алды. Ал эми Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 13-июндан бери өлгөндөрдүн саны 28 адамга жетти. («BBC News», 25.6.2025).

Бул чабуулдардан кийин, Трамп согушту баштоодо яхудий түзүмүн түртүп, өзү да катышып, эми кайра ок атууну токтотууну жарыялады. Яхудий түзүмү жана Иран макул болушту. Трамп эки тараптын согушун өзү башкарып жаткандай, анан өзү токтотуп жаткандай көрүндү! «Трамп Иран менен яхудий түзүмүнүн ортосунда ок атууну токтотуу келишиминин күчүнө киргенин жарыялады…» «Reuters» агенттигинин маалыматына ылайык, Нетаньяху Трамптын сунушуна макул болгонун айтты. Ал эми ирандык жогорку расмий адам «Тегеран ок атууну токтотууга Катар ортомчулугу жана Америка сунушу аркылуу макул болду» деп билдирген («Al Jazeera», 24.6.2025).

Бул согуш Трамп тарабынан башталып, анан токтотулганы — анын максаты Ирандын өзөктүк жана ракеталык куралдарын натыйжасыз абалга келтирүү болгонун көрсөтөт. Трамп НАТОнун Гаагадагы саммитине кетээр алдында журналисттерге мындай деди: «Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрү бүттү, эми алар эч качан өзөктүк программасын калыбына келтире албайт. Израил эми Иранга кол салбайт… Ок атууну токтотуу келишими күчүндө» («Al Jazeera», 24.6.2025).

  1. Ал эми Ирандын Америка орбитасында айланышы жөнүндө айтсак, ооба, Иран Америка таасири астындагы мамлекет. Иран өзүнүн кызыкчылыктарын, Американын кызыкчылыктарын камсыз кылуу аркылуу ишке ашырууга аракет кылат. Ошондуктан, Иран Америкага Афганистанды жана Иракты басып алуу жана бул өлкөлөрдө баскынчылыгын бекемдөөдө жардам берген. Ошондой эле, Сирияда Америка менен кызматташып, анын агенти Башар Асадды коргогон. Ошондой эле Йеменде жана Ливанда да ушундай эле ролду ойногон. Мунун баары аркылуу мейли Америка орбитасында болсо да, Иран бул өлкөлөрдө өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну жана аймакта ири регионалдык держава болууну каалаган! Бирок алар эске албай койгон нерсе, Америка өзүнө кызмат кылган өлкөдөн кызыкчылыктары бүткөндө же анын ролун жана күчүн азайткысы келгенде, ага дипломатиялык басым жасап, зарыл болсо аскердик жолго да өтөт. Мына ушул акыркы чабуулдарда Иранга дал ушундай аскерий басым колдонулду. Бул аркылуу Америка «орбитасындагы» өлкөнүн багытын көзөмөлдөп турат. Демек, бул кол салуу Американын буйругу, яхудий түзүмүнүн аткаруусу жана Американын колдоосу менен ишке ашты. Мунун максаты өзгөчө аскерий жетекчиликти, өзөктүк секторду жана акыркы мезгилде яхудий түзүмү менен Америка каалабаган мамиле орнотууга аракет кылган кеңешчилерди тазалоо болду. Америка мындайларга көңүл да бурбайт, анткени акырында алар Американын жасап берген чечимин кабыл алат деп билет!
  2. Бул багыт Американын согуштан кийин жарыялай баштаган планы аркылуу ачык көрүнүп калды. Максат, Ирандын аскерий өзөктүк куралын жок кылуу: «Дональд Трамптын администрациясы Иранга жарандык максаттар үчүн энергетика өндүрүүгө багытталган өзөктүк программа куруу үчүн 30 миллиард долларга чейин жардам берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады, ошондой эле санкцияларды жеңилдетүү жана камактагы миллиарддаган иран акчаларын бошотуу маселесин да карап жатат. Мунун баары Тегерандын сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келишине түрткү берүү үчүн жасалган аракеттердин бир бөлүгү» («CNN», АКШ). Булактардын айтымында, АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы негизги тараптар акыркы эки жумада Иран жана Израил ортосундагы чабуулдар учурунда да Иран менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бул сүйлөшүүлөр ушул аптада ок атууну токтотуу келишимине жетишилгенден кийин да уланган. Трамптын администрациясынын өкүлдөрү бир нече сунуштарды бергенин ырасташкан, алар баштапкы жана өркүндөтүлгөн сунуштар болуп, бирок бир гана өзгөрбөс шарт бар: «Иран уран байытууну толугу менен токтотушу керек» («Al Arabiya», 27.6.2025).
  3. Үммөттүн башкы балээге туш болушунун себеби, алардын башкаруучулары.

Иран өзүнө кол салуу коркунучу туулганда, өзүн коргоо үчүн алдын ала чабуул жасабайт. Чынында, чабуул яхудий түзүмүнө каршы коргонуу үчүн эң жакшы жол. Бирок Иран унчукпай туруп, анын объекттери кыйрап, илимпоздору өлтүрүлгөндөн кийин гана жооп кайтара баштады. Америкага болгон мамиле да ушундай. Андан кийин Трамп ок атууну токтотууну жарыялайт, яхудий түзүмү жана Иран макул болушат… Андан кийин Америка кайрадан сүйлөшүүлөрдү баштап, сунуштарын коюп жатат жана «Ирандын уран байытуусун толугу менен токтотуу» бул өзгөрбөс, сүйлөшүүгө жатпаган шарт экенин айтып жатат!

Биз бул согуштун жыйынтыгында яхудий түзүмү менен кандайдыр бир тынчтык келишимге же Ирандын куралсыздануусуна алып келүү коркунучунан сактануу керек экенин эскертебиз. Ал эми мусулмандардын башка башкаруучулары, айрыкча яхудий түзүмүнүн айланасындагылар, душмандын учактары алардын үстүнөн учуп, мусулмандардын жерлерин бомбалап кайра коопсуз кайтып жатканына карабай, бир да ок атышпады! Алар Америкага толугу менен баш ийишет, орунсуз олтурууну жүйөлөп, чек араларды ыйыкташат. Алар мусулмандардын жерлери — алыс болсун, жакын болсун — баары бир экенин, алардын коопсуздугу жана согушу бир экенин унутушту же атайылап унутумуш болуп жатышат!

Мусулмандарды бир үммөт болгондон кийин, аларды мазхабдары бөлбөшү керек. Бул башкаруучулар азыркы абалдары менен кулап, жок болот. Алар Америкага момундук көрсөтүү менен кутулуп кетем деп ойлошот, бирок түшүнүшпөйт. Америка аларды бирден бөлүп алып, яхудий түзүмүнө коркунуч жаратчу куралдарын тартып алат. Бул Сирияда да болгон. Америка яхудий түзүмүнө анын аскерий объекттерин кыйратууга уруксат берген. Иранда да ушундай кылууда. Ошентип, аларды дүйнөдө да, акыретте да кордук күтөт:

﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾

«Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла-амалдары себептүү Алла алдында кордук жана катуу азап жетет». (Анъам сүрөсү, 124-аят). Алар түшүнүшөбү? Же болбосо:

﴿صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَعْقِلُونَ﴾

“(Алар) дүлөй, дудук, сокур, демек алар туура жолго кайтышпайт”. (Бакара сүрөсү, 18-аят).

Эй мусулмандар!

Силер башкаруучуларыңардын силерди кантип кор кылып, каапыр колонизаторлорго кантип баш ийдиргенин көрүп, угуп жатасыңар. Жада калса яхудийлер да аларга кордук жана кемсинүү таңуулап, мубарак жерлерди ээлеп жатышат! Силер жакшы билесиңер. Силердин урмат-сыйыңар жана күч-кубатыңар Исламда, Ислам мамлекетинде, Халифалыкта. Силерди артында туруп согуша турган, коргонууга боло турган, адилеттүү халифа жетектеши керек. Ин ша Аллах, бул чыныгы момундардын колу менен ишке ашат жана Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан сөз ишке ашат:«لَتُقَاتِلُنَّ الْيـهود فَلَتَقْتُلُنَّهُمْ..»

«Албетте, силер яхудийлер менен согушасыңар жана аларды өлтүрөсүңөр…».

Ошондо жер Алланын улук жана даанышман жардамы менен нурданат. Алла Таала айткан:

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум сүрөсү, 4-5-аяттар).

1447-хижрий, Мухаррам айынын 3-күнү

28/06/2025

#Хизб ут-Тахрир амири Ато ибн Халил Абу Рушта

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here