Күчүбүз — неъмат, бөлүнүшүбүз — балээ

25
0

Басма сөз баянаты

Бисмиллахир-Рахманир-Рахим

Күчүбүз — неъмат, бөлүнүшүбүз — балээ

Пентагон: Америка Ирандын үч ядролук объектин бомбалагандан кийин ага каршы согуш баштоону каалабайт (AP News).

Бул билдирүү Ирандын ичиндеги үч ядролук объектке он төрт күчтүү бомба ташталгандан кийин айтылууда! Мындай билдирүү жөн эле эки жүздүүлүк эмес, уятсыздык. Бул текебер колонизатордук акылдын жандуу мисалы. Эгер бир мамлекет экинчисине координацияланган аба соккуларын жасаса, акыл-эстүү адам кантип ишенип, муну «согушуу ниети жок» деп кабыл алат? Бирок бул администрациянын алдамчылыгынан да оор нерсе, дүйнөнүн бул ачык агрессия алдында унчукпай турушу жана алсыздыгы. «Жарым түндүн балкасы» деп аталган бул сокку Американын күчүн көрсөтпөйт, тескерисинче, Ислам үммөтүнүн саясий жактан алсыздыгын жана ич ара бөлүнүп-жарылуу шерменделигин ачып берет. Мунун себеби, үммөт коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калгандыгында эмес, тескерисинче, эрксиздикте. Үммөт жасалма чек аралар менен бөлүнүп, тактысын сактоо менен алек болуп, элге эмес, Вашингтонго берилген режимдер тарабынан башкарылып турат.

Пентагон Американын бомбалоочу учактары Иран аба мейкиндигине кирип, эч байкалбаганын сыймыктануу менен айтып чыкты! Бул окуя үммөт үчүн терең ой жүгүртүү жана олуттуу өзүн-өзү текшерүүчү учур болушу керек. Ислам үммөтү континенттерге жайылган, чексиз байлыктарга ээ, стратегиялык деңиз жолдорун көзөмөлдөйт жана дүйнөдөгү эң ири армиялардын айрымдарын камтыйт. Бирок бул зор мүмкүнчүлүктөр душмандын күчүнөн эмес, саясий биримдиктин жана чыныгы элдик лидерликтин жоктугунан улам колдонуусуз калып жатат.

Аллах Таала бул үммөткө үстөмдүк кылуу, өнүгүү жана дүйнөгө лидерлик кылуу үчүн керектүү болгон бардык шарттарды берген. Ошого карабастан, биздин ресурстарыбыз чачыранды абалда, армияларыбыз болсо жасалма чек аралар менен чектелип турат. Фордоу, Натанз жана Исфахандагы объекттерге жасалган чабуулдар жөн эле тактикалык соккулар эмес, булар ачык символикалык билдирүүлөр. Бул билдирүүлөр бардык мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерге багытталган: «Баш ий, курал-жарагыңдан баш тарт, биздин шарттарыбызды кабыл ал, же болбосо кыйроого учурайсың!», деген эскертүү.

Ошондуктан, ислам саясий түзүмүнө чакырык – мурдагы доорлордогу сыяктуу адилеттүүлүктү, тең салмактуулукту жана ырайымдуулукту бүткүл адамзатка кайтаруу даъваты. Бул жөн гана идеалдуу кыял эмес, бул парз. Бул зарылчылык, келечекке алып баруучу жалгыз жол. Халифалык дүйнөлүк күчтөрдүн тең салмагын кайра калыптандырып, үммөттү «адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт» абалына кайтарып, Аллахтын рисаласын бүткүл адамзатка жеткирүүчү болот.

﴿وَأَطِيعُواْ اللهَ وَرَسُولَهُ وَلاَ تَنَازَعُواْ فَتَفْشَلُواْ وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ وَاصْبِرُواْ إِنَّ اللهَ مَعَ الصَّابِرِينَ﴾

«Дагы Алла жана Анын пайгамбарларына моюн сунгула жана (өз ара) талашып-тартышпагыла, андай болгондо араңар суз тартып, күч-кубатыңар кетет. Сабыр кылгыла! Албетте, Алла сабыр кылуучулар менен бирге». (Анфал сүрөсү, 46-аят).

Хайтам ибн Сабит

Хизб ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмүнүн өкүлү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here