Бисмиллахир-Рахманир-Рахим
Ирандын Катардагы Американын «ал-Удейд» базасын аткылоосу мурунку сценарийдин кайталанышыбы?
Иран менен яхудий түзүмүнүн согушу учурунда Америка В-2 учактары менен Ирандын ядролук объекттерин бомбалады. Жооп иретинде Иран Катардагы Американын «ал-Удейд» базасына ракета менен сокку урду.
Комментарий:
Биринчи кезекте, Ирандын яхудий түзүмүнө чабуул коюшу жана Катардагы Америка базасына сокку урушу кубанычтуу көрүнүш. Бирок бул чабуул менен коштолгон окуяларды карасак, төмөнкү суроо пайда болот: бул Ирандын яхудий түзүмү жана Америка менен чыныгы согушка киргенине далилби же бул мурунку сценарийдин кайталанышыбы?
Ирандын чыныгы жүзүн түшүнүү үчүн анын тарыхын жана Америка менен болгон мамилесин кыскача карап көрөлү:
Ирандын бул аймактагы ролу, Америка шахты кулатып, Хоменеини Парижден алып келип, бийликке отургузууга жардам бергенде башталган. Ал Америкага анын орбитасында калууга убада берген. 1980-жылдардагы биринчи сириялык революцияда Иран Американын көз каранды режими болгон Асадды колдогон жана Ливандагы «Тавхид» кыймылы сыяктуу исламий кыймылдарды ага баш ийүүгө мажбурлаган. Ал эми 2011-жылы башталган экинчи Сирия революциясында өз аскерлерин жана тарапкерлерин жөнөтүп, халифалыкты жана Аллахтын өкүмүн орнотууну каалаган сириялык мусулмандарга каршы согушкан. Ошондой эле, Иран Америкага Афганистанды жана Иракты басып алууда колдоо көрсөткөн, тарапкерлерин оккупацияны колдоого үндөгөн. 2014-жылдан бери аларды Америкага жана анын малайларына каршы көтөрүлгөн мусулмандарга каршы согуштурган. Иран Америка колдогон хуситтерди Йеменде бийликти тартып алууда да колдогон. Мындан тышкары, Газага каршы согуш башталгандан бери Ирандын яхудий түзүмүнө каршы эч кандай олуттуу чабуул жасабаганы, Йеменде Иран колдогон хуситтердин да Газа тарапташы экенин жарыялаганына карабастан яхудий түзүмүнө каршы чыныгы сокку урбаганы, алардын аткан ракеталары яхудий түзүмүнө эч кандай зыян келтире албаганы, мунун баары Ирандын чыныгы позициясын дагы бир жолу ачык көрсөтүп турат.
Чынында, Америка Ирандын аймактагы бардык аракеттери анын макулдугу жана көрсөтмөсү менен болуп жатканын билдирген көптөгөн билдирүүлөрдү жасаган. Маселен, шайлоо кампаниясы учурунда, Америка президенти Дональд Трамп өзүнүн тарапкерлерине 2023-жылдын 11-июнунда чыккан бир видео кайрылуусунда төмөнкүдөй билдирүү жасаган: «Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин, Иран бизге чалып, биздин базаларыбызды ракета менен аткысы келерин айтты, себеби алар коомдук пикир алдында жүзүн сактап калууга муктаж эле. Ирандыктар бизге чалышты да, “бизде башка жол жок, жүзүбүздү сактоо үчүн силерди урушубуз керек” дешти. Мен муну түшүндүм. Биз аларга сокку урдук, эми алар бир нерсе кылышы керек эле. Алар “силердин белгилүү бир аскер базаңарды 18 ракета менен аткыбыз келет, бирок тынчсызданбагыла, ракеталар базага жетпейт” дешти”, – деди. Ал дагы кошумчалап: «Ошол түндү эстейсиңерби, жалгыз мен эле тынч болчумун, себеби эмне болоорун билчүмүн. Иран аткан 5 ракета базанын үстүнөн учуп өткөн, калгандары база аймагынан сыртта жарылган. Мен бул окуяны буга чейин эч айткан эмесмин, эми айтып жатам, биздин элге жана мамлекетке болгон урматты түшүнүшүңөр үчүн». Бул Иран менен Американын мамилесинин чыныгы масштабын көрсөтүп турган дагы бир вакыйлык.
Эми Тегерандын Катардагы Американын «ал-Удейд» базасын ракета менен аткылоосуна келели. Бул маселени толук түшүндүрүү үчүн, 2025-жылдын 24-июнунда «Нью-Йорк Таймс» гезитинде жарыяланган, БУУдагы Иран жана Жакынкы Чыгыш боюнча кабарларга жооптуу кабарчы Фарназ Фасихинин маалыматын келтирели: «Иран Катардагы Америка базасына ракета атуу алдында чыгуучу жол издеген. Муну менен катар, кечээ эртең менен Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Америка чабуулуна кандайча жооп берүү маселесин талкуулаган. Иран алсыз абалда көрүнгүсү келген эмес. Чындыгында, согуш планынан кабардар болгон төрт ирандык расмий адамдын маалыматына ылайык (алардын аты-жөнү ачык айтылган жок), Хаменеи жооп кайтаруу иш-чараларын белгилүү бир чектен ашырбоону каалаган. Ошентип Америка менен толук масштабдуу согушка кирүүдөн качууну көздөгөн. Расмий булактар Иран аймактагы америкалык бир объектке сокку уруу ниети бар экенин, бирок ошол эле учурда Америка тарабынан жаңы чабуулдардын алдын алууну каалаганын ырасташкан. Ошондой эле «Нью-Йорк Таймс» гезитине эки Ислам революция сакчылар корпусунун мүчөсү билдиришкендей, «ал-Удейд» базасына эки себептен улам чабуул жасалган.
Биринчи себеп, бул база аймактагы эң ири Америка базасы болуп эсептелет жана ал жекшемби күндөрү жасалган В-2 учактарынын чабуулдарын координациялоодо колдонулат деп ойлонулган.
Экинчи себеп, Катар Иранга жакын союздаш деп эсептелет, ошондуктан зыян минималдуу чектөөдө калат деп күтүлгөн. Дагы бир жолу, расмий адамдын айтымында, Катардагы Америка базасына чабуул жасоодон мурунку план боюнча америкалык аскерлердин өлүмүнө жол бербөө көздөлгөн, анткени америкалык тараптан жоготуулар болсо, Америка жооп кайтарып, чабуулдардын жаңы айлампасы башталып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар болчу. Чабуулдан кийин Трамп өз билдирүүсүндө Иран аткан 14 ракетанын 13ү атып түшүрүлгөнүн, адам өмүрүнө зыян келбегенин жана жаракат алгандар болбогонун, ал эми зыян абдан аз болгонун баса белгилеген. А түгүл Трамп кызык билдирүү жасап, Иранга «эрте эскертүү жөнөткөнү үчүн» ыраазычылык билдирип, натыйжада эч кандай курмандык болбогонун айтты.
Ал эми Тегеран администрациясы бул чабуулду элге «Американын Иранга жасаган чабуулуна жооп» деп көрсөткөн. Иран Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү камера алдында сөз сүйлөп, чабуулду Революция сакчылары жасаганын айтып, мындай деген: «Душмандарыбызга эскертебиз: уруп-качуунун заманы бүттү». Иран мамлекеттик телеканалы көрсөтүп жаткан кадрларда болсо, Ирандын «империалист күчтөр үстүнөн жетишкен жеңиши» деп мактаган. (газетадан алынган үзүндү бүттү).
Эгер гезиттерде жазылган маалыматтарга көңүл бурсаңар, Ирандын бардык аракеттери Америка тарабынан көзөмөлдөнүп турганын көрөбүз. Жогорудагы кабарда айтылгандай, Иран аткан 14 ракетанын 13үнүн атып түшүрүлүшү жана адам өлүмүнүн же жаракат алуунун болбогону булардын бардыгы ачык далил болуп турат.
Бул чынында, Иран Америкага олуттуу зыян келтире турган чабуул жасабаганын, болгону ички коомдук пикир алдында «абийирин сактоо» үчүн ушундай кадамдарга барганын көрсөтөт.
Исламга жана мусулмандарга душман болгон Трамп өзү Ирандын америкалык базага жасаган чабуулу тууралуу: «Иранга эрте эскертүү бергенине ыраазымын, ошондуктан курмандык болбоду», — деп айткан. Кана эми ойлоп көрсөңөрчү, чабуулга учураган тарап душманына ыраазычылык билдирип жатканы согуштун кайсы логикасына сыят?!
Тилекке каршы, бул фактылар Ирандын Америка жана яхудий түзүмү менен чыныгы согушка кирбегенин, Аллахты, Анын Элчисин ﷺ жана момундарды, анын ичинде Газадагы мусулмандарды сатып кеткенин, жеке кызыкчылыгы үчүн гана иш кылып жатканын жана мусулмандардын канын эч баалабаганын көрсөтөт. Ошондуктан бардык мусулмандар бул чындыкты аңдап түшүнүшү керек жана дароо Аллахтын Китеби жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү боюнча Халифалыкты тикелеп, яхудий түзүмү жана Америкадан өч алып, мусулмандардын каны, жаны жана намысынын коргоочусу болгон, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун бир мусулмандын кайгылуу чакырыгына чоң армия менен жооп берген Халифага байат берүү зарыл.
Рамадан Абу Фуркан