Ички дүң өндүрүш жакырчылыкты жоёбу?!
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов ушул жылы Кыргызстандагы Ички дүң өндүрүштүн өсүшү 10,5 пайызга жетерин билдирди. Ал Чолпон-Атада өткөн форумда: «Мамлекеттик бюджет үч эсеге, экономика эки эсеге көбөйдү, ал эми ИДӨ үч жылдан бери 9 пайыздан жогору болууда. Бул жылы биз 10,5 пайызга карай бара жатабыз», – деди.
Чиновниктин айткандарына караганда бюджет көбөйүп, ИДӨ өсүп бара жатат. Бул экономикалык жетишкендик катары көрсөтүлүүдө. Бирок бул көрсөткүчтөр элдин экономикалык абалы жогорулап жатат дегенди билдирбейт. Маселен, бюджеттин эселеп көбөйгөнүнүн себеби салыктар көбөйтүлүп, жаңы салыктардын түрлөрү ишке салынып жатканына барып такалат. Башкача айтканда элдин жон терисинен алынган салыктар себептүү бюджет толукталып жатат.
Ал эми ИДӨнүн өсүшүнө келсек, капитализмде экономикалык өнүгүү жеке адамдардын экономикалык абалына карап эмес, жалпы коомдун, тагырак айтканда ИДӨнүн көрсөткүчүнө карап белгиленет. ИДӨ – бул өлкөдө көрсөтүлгөн кызматтардын жана өндүрүлгөн продукциялардын жалпы көлөмү. Мындан улам ИДӨ жеке адамдардын реалдуу экономикалык абалын чагылдырбайт, тескерисинче өлкөдө өндүрүлгөн продукциянын жана көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы көлөмүн гана көрсөтөт. Ошондуктан, капитализмде кабылданган «ИДӨ экономиканын өсүшүн көрсөтөт» деген аныктама жаңылыш пикир болуп эсептелет. Мындай түшүнүк жана пикирлер элдин реалдуу экономикалык абалын жогорулатууга терс таасирин тийгизет. Маселен, учурдагы капитализм жакырчылыкты жоюу үчүн ИДӨнү көбөйтүү зарыл деген пикирди билдирет. Башкача айтканда ошол жакырлардын ар бирине түздөн-түз каражат бөлүп берүүнүн ордуна ИДӨнү көбөйтүү зарылдыгы айтылат. Мындан улам жакырларга реалдуу жардам берүү зарылдыгы көз жаздымда калтырылат. Ал эми ИДӨнүн өсүшү ошол жакырларга эч бир пайда алып келбейт. Тагырак айтканда, ар кандай ишканалар ачылып, продукциялардын өндүрүшү көбөйүп ИДӨ көрсөткүчү жогорулашы мүмкүн, бирок ошол ишканаларда адамдар болбогур маянага иштеп жан багып келет. Капиталисттер болсо элди ушинтип эксплуатация кылып үлкөн кирешелерди көрүп жатышат. Ал эми бул жагдай ИДӨ жогорулап, экономикалык өсүү болууда деп көрсөтүлүүдө. Бирок чынында капиталисттер гана байып, эл жакыр бойдон калып жатат.
Ал эми Исламдын экономикалык системасы Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мадинада биринчи Ислам мамлекетин тикелегенден тартып 20-кылымга чейин ийгиликтүү колдонулуп, дүйнөлүк масштабда үлгү болуп келди. Ислам адамдарды өндүрүшкө шыктандырып, ошол эле учурда бүгүнкү күндөгүдөй жайнаган салыктарды салбайт. Андан тышкары Ислам экономикасынын маңызы жакырларга байтулмалдан жана зекеттен жетиштүү каражат бөлүү менен калктын негизги муктаждыгын камсыздоосо көңүл бурат. Себеби бул жумушсуздукту жоюу маселеси эмес, бул жакырлардын акы-укугу болуп эсептелет.
Харун Абдулхак