Америка кайрадан эл аралык мыйзамды тебелеп-тепседи

31
0

Америка кайрадан эл аралык мыйзамды тебелеп-тепседи

Жекшемби кечинде Америка президенти Дональд Трамп Американын аба күчтөрү Ирандын өзөктүк программасы боюнча үч негизги объектти ийгиликтүү бомбалаганын жарыялады (Би-би-си).

Комментарий:

Бул америкалык сокку, кандай жүйө менен аткарылбасын, «эл аралык мыйзам» деп аталган түшүнүк чындыгында күчтүү мамлекеттердин алсыз өлкөлөрдү колония кылышын мыйзамдаштыруу үчүн гана ойлоп табылган алдамчылык экенин ачык көрсөтөт. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү кайсы бир эл аралык маселе боюнча макулдашкан учурда, тиешелүү резолюция кабыл алышып, ошол резолюцияны күч менен таңуулап, «мыйзамдуулук» деген жаап-жашыруучу калкандын артына жашынышат. Мындай учурларда баары «эл аралык мыйзамдын үстөмдүгү» тууралуу сүйлөшөт. Мисалы, Ливиядагы Муаммар Каддафини кулатууга жол ачкан 1973-резолюция дал ушундай шылтоо менен кабыл алынган.

Ал эми күчтүү мамлекеттер өз ара макулдашып, бирдиктүү позицияга келе албаса же биргелешкен аскердик аракеттерди координациялай албаса, анда «эл аралык мыйзам» дароо эле эч ким эске албаган бош ураанга айланып калат. Мисалы, 2003-жылы Америка Коопсуздук Кеңешинен чечим чыгара албай, Иракка өз алдынча кол салган. Мунун алдында, 1999-жылы НАТО Югославияны, 2008-жылы Россия Грузияны, андан кийин 2014 жана 2022-жылдары Украинаны басып кирген. Ар бир ушундай учурларда кол салган мамлекет өз кылмыштарын «жарандарды коргоо», «адилеттүүлүктү калыбына келтирүү» сыяктуу кооз ураандар менен жаап-жашырып келет. Мисалы, украин кризиси бул «европалык маселе» деп аталган чөйрөдөгү дүйнөлүк державалардын катуу кармашы жана атаандашуусу. Россия «эл аралык мыйзамга баш ийүү өзүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат» деп эсептегенден кийин, бардык эл аралык келишимдерин жана милдеттенмелерин четке кагып, Украинага басып кирүүнү чечти.

Ал эми Иранга жасалган сокку боюнча айтсак, Америка кайрадан эл аралык мыйзамды тебелеп-тепседи. Чынында, Америка ядролук күч катары жана анын жанындагы ядролук куралга ээ деп эсептелген яхудий түзүмү башка бир эгемендүү мамлекетке өз каалоосун бир тараптуу таңуулап жатат. Бул жерде мен бир нерсени эскертип кетким келет, акыркы ондогон жылдар бою Иран Жакынкы Чыгышта Американын саясаттарын ишке ашырууда эң көрүнүктүү оюнчулардын бири болуп келгенине карабастан, Америка ага кол салууда.

Бир жагынан Америка Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде яхудий түзүмүн айыптаган ар кандай чечимдерге вето коюп келет, ошол эле учурда бул Американын эрке «баласы» болгон яхудий түзүмү Газада палестин элине каршы элестетүүгө мүмкүн болбогон бардык согуш кылмыштарын жасап жатат.

Экинчи жагынан, Америка Коопсуздук Кеңеши Россиянын вето укугуна байланыштуу Иранга аскердик күч колдонууга уруксат берүүчү чечим кабыл албай турганын түшүнүп, Ирандын ядролук объекттерине бир тараптуу сокку урууда. Мунун маңызы «эл аралык мыйзам» түшүнүгү иш жүзүндө жок нерсе экенин, анткени «мыйзам» жана «эл аралык» деген түшүнүктөр табиятынан бири-бирине дал келбей турганын билдтрет. Мунун үч себеби бар:

  1. Мыйзам — бул мыйзам чыгаруучу органдан (мыйзам чыгаруу бийлигинен) чыккан нормативдик-укуктук акт, башкача айтканда, башкаруучу бийликтен чыгат. Бирок, аныктама боюнча, дүйнөлүк деңгээлде жалпы бир башкаруучу бийлик болушу мүмкүн эмес.
  2. Мыйзам сөзсүз түрдө аткарылышы керек, башкача айтканда, аны ишке ашыруучу механизм болушу шарт. Мамлекет ичинде мындай механизм катары укук коргоо органдары бар. Ал эми эл аралык деңгээлде мындай мүмкүн эмес. Анткени азыркы «тынчтыкты сактоо күчтөрү» — бул жеке мамлекеттердин армияларынан турган түзүмдөр гана. Ал эми бул армиялар өз мамлекетине коркунуч жараткан же кызыкчылыктарына каршы келген учурда эл аралык мыйзамды же башка мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана кызыкчылыктарын коргобойт. Мунун мисалы катары украин кризиси жана Будапешт меморандумун бузган агрессор мамлекет — Россияны жана бул келишимге кол койгон башка мамлекеттерди айтууга болот.
  3. 3. Мыйзам мамилелерди тартипке, жөнгө салат, бирок бул жөнгө салуу бир коом ичинде гана иштейт. Эгемендүү мамлекеттердин ортосунда бул ишке ашпайт. Анткени ар бир мамлекеттин башка мамлекеттер менен өз кызыкчылыгына ылайык мамиле түзүүгө же түзбөөгө эгемендүү укугу бар.

Эл аралык мыйзам түшүнүгү пайда болгондон тартып, Батыштын юрист-теоретиктеринин арасында анын чыныгы маңызы боюнча талаш-тартыштар болгон. Көпчүлүк бул мыйзамдын милдеттүү күчүнө күмөн санашкан. Маселен, Эммануил Кант, Томас Гоббс, Жон Остин жана Георг Гегель сыяктуу ойчулдар жалпы эл аралык мыйзамдын бар экенин танган. Бирок кийинчерээк, бул идеяны жайылткан дүйнөлүк державалардын басымынын алдында, «эл аралык мыйзам» деген түшүнүк эл аралык мамилелерде чындык катары кабыл алынып калды. Натыйжада, эл аралык мыйзам жана анын бардык институттары АКШ, Россия, Британия, Франция жана Кытай сыяктуу мамлекеттердин ортосундагы күрөш жана атаандаштык үчүн куралга айланып калды. Ал эми калган мамлекеттер, алардын элдери, ресурстары жана аймактары бул «мыйзамды» чоң державалар өзүнүн кылмыштуу максаттары үчүн колдонуусунун курмандыгына айланды.

Дал ушунун өзү бүгүн дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында туруксуздуктун негизги себеби болуп саналат. Палестина, Иран же Украина элинин азап-тозогу бул күчтүү державалар тарабынан жасалган аягы көрүнбөгөн кылмыштардын бир эле эпизоду.

Фазыл Амзаев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here