Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Аманат кантип жоголот
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
أورد البخاري رحمه الله تعالى عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “إِذَا ضُيِّعَتْ الْأَمَانَةُ فَانْتَظِرْ السَّاعَةَ، قَالَ: كَيْفَ إِضَاعَتُهَا يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: إِذَا أُسْنِدَ الْأَمْرُ إِلَى غَيْرِ أَهْلِهِ فَانْتَظِرْ السَّاعَةَ
Аль-Бухари (Аллах аны ырайымына алсын) Абу Хурайра (радыяллаху анхудан) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгер аманат жоголсо, анда Кыяматты күткүлө”. Ал айтты: “Оо, Аллахтын Элчиси, ал кантип жоголот?”. Ал айтты: “Эгер иш (бийлик) татыксыздарга тапшырылса, анда Кыяматты күткүлө”.
Аль-Кармаани айтты: “иш” дегенде Халифалык, амирлик, казыят, фатва берүү сыяктуу динге тиешелүү иштердин түрү максат кылынган. Ал дагы айтты: “Иш татыксыздарга тапшырылса” дегендин мааниси, Аллах имамдарга пенделерин аманат кылып, аларга насаат кылуу милдетин жүктөгөн”. Алар дин аалымдарын жакын тутуулары керек. Дин ээлеринен башка адамдарга эргешишсе, Аллах Таала аларга аманат кылган аманатты текке кетирген болот.
Урматтуу угармандар!
Биз угуп, көрүп тургандай иштин башы болгон башкарууну татыксыздарга, чыккынчы башкаруучуларга тапшырылган заманда жашап жатабыз. Алар башкарууга татыксыз. Анткени каапыр колонизатор аларды мусулмандардын үстүнөн бийликке дайындаган. Алар кол алдындагы мусулмандарды катуу кыйноолорго дуушар кылып ачык каапырлык менен башкарып жатышат. Бут кийимдин боосу бузулса оңдой алышпаган бул башкаруучулардын айынан аманаттар жоголуп, кыянатчылык өкүм сүрүүдө. Бул нерсе алардын өкүмүнө, алардын жаман иштерине ыраазы болгон, аларга ээрчигендерге жана алардын иштерин айыптабаган жалган аалымдарга, муфтийлерге, казыларга жана алардын башкаруусуна ыраазы болгон ар бир адамга тиешелүү. Булар Аллахка, Анын элчисине жана мусулмандарга кыянат кылгандар жана алар аманатка өздөрү билип туруп кыянат кылгандар. Булар Аллахтын аяттарын шылдыңдап, кээ бир маанилерин бурмалагандар. Булар аманатты, өкүмдүн аманатын жана илимдин аманатын ысырап кылган кайдыгер, кыянатчы кайдыгер адамдар.
Пайгамбарлык жолундагы экинчи туура Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу динди тикелөөгө чакырган дин ээлери болгон адамдарга аманат тапшырылмайынча аманат кайра жерге кайтып келбейт. Ал аркылуу аманаттар табылып, кыянатчылыктар жоюлат. Оо, Аллахым, аны жакын кыл жана бизди анын аскерлеринен жана күбөлөрүнөн кыл.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 29-зул хижжа.
2025-ж, 25-июнь.