Хафтар күчтөрүнүн чек арадагы үч бурчтукка кириши – АКШнын Судандагы таасирин күчөтөт

18
0

Хафтар күчтөрүнүн чек арадагы үч бурчтукка кириши – АКШнын Судандагы таасирин күчөтөт

2025-жылдын 11-июнунда Судан куралдуу күчтөрү тараткан билдирүүдө, Ыкчам жардам күчтөрү Судан, Египет жана Ливия чектешкен үч бурчтук аймакка чабуул койгону жана аларга Халифа Хафтардын күчтөрү көмөктөшкөнү айтылды. “X” платформасында Ыкчам жардам күчтөрүнүн кеңешчиси аль-Башша Табик бул күчтөр Египет, Судан жана Ливияны туташтырган стратегиялык үч бурчтук аймакты толук көзөмөлгө алганын билдирди. Натыйжада Судан армиясы артка чегинип, 2025-жылдын 11-июнунда Reuters агенттигине берген маалыматында үч өлкөнүн чек арасына жакын жайгашкан аль-Увайнат аймагынан күчтөрүн чыгарып кеткенин жарыялап, бул кадамды “чабуулга каршы аскерий кайра жайгаштыруу” катары түшүндүрдү.

Көп ирет четке каккан менен, жакында жарыяланган француз чалгындоо баяндамасы Ливиянын отставкадагы генералы Халифа Хафтардын Судандагы куралдуу кагылышка түздөн-түз аралашканын ашкереледи. Ошондой эле коопсуздук жана чалгындоо маселелери боюнча адистешкен “Africa Intelligence” сайты да Хафтарга караштуу күчтөр Судан армиясына каршы согушуп жаткан Ыкчам жардам күчтөрүнө аскердик колдоо көрсөткөнүн жазды. Сайт өз булактарына таянып, Хафтарга караштуу 128-батальон Ливия–Судан чек арасы жана ал-Куфра аэропорту толук көзөмөлүндө болгону үчүн аскердик камсыздоону ташууда маанилүү ролду ойногонун кабарлады. (Ажил Ньюс, 2025/06/12).

Бул эки күчтүн алакасы жаңы эмес экенин да эскерте кетүү зарыл. 2011-жылдын 27-октябрында Судандын ошол кездеги президенти Омар аль-Башир Судан Ливиядагы Муаммар Каддафини кулаткан Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрүнө аскердик жардам көрсөткөнүн ачыктаган. Бул кадам Каддафинин Дарфурдагы өкмөткө каршы козголоңчуларды колдогон аракеттерине жооп иретинде болгонун Судан мамлекеттик телеканалы аркылуу билдирген.

Ал эми 2019-жылдын 4-августунда Британиянын “Middle East Eye” жаңылыктар сайты “Судан аскерий кеңешинин төрага орун басары Мухаммад Хамдан Дагалу (Хамидти) жетектеген Ыкчам жардам күчтөрүнүн миңге жакын жоокери Ливиянын чыгышына барып, эл аралык таанууга ээ Улуттук ынтымак өкмөтүнө каршы согушуп жаткан Ливия генералы Халифа Хафтардын тарапташы катары катышууда” деп кабарлаган. Бул окуя Британия менен АКШнын Ливиядагы таасири үчүн күрөшүнүн алкагында болгон. Маалыматта жакынкы айларда “Ыкчам жардам күчтөрүнүн” согушкерлеринин саны төрт миңге чейин көбөйүшү мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле Хафтарды колдогон Бириккен Араб Эмираттарына таандык айрым документтерде судандык жоокерлерди коңшу Эритрея аркылуу Ливияга өткөрүү боюнча көрсөтмөлөр берилгени ашкереленген.

2025-жылдын май айында Америкада жарыяланган жана Хамидтинин аскерий кеңештин атынан кол койгон документтерге ылайык, бул күчтөрдү Ливияга жөнөтүү Хафтарга колдоо көрсөтүү максатында сунушталган. Бул сунуш 6 миллион АКШ долларына бааланган келишимдин алкагында болгон. Келишим Судандын аскерий кеңеши менен мурда “яхудий түзүмүнүн” жараны жана чалгын кызматтарынын мурдагы агенти Ари Бен-Минаше жетектеген «Дикенс энд Мэдсон» компаниясынын ортосунда түзүлгөн. Бул компания мурда Ливия менен байланышта болгон.

Судандагы эл аралык жаңжал чечимине жетти десек болот. Анткени “Ыкчам жардам күчтөрү” Дарфур аймагынын бардык штаттарын көзөмөлгө алды, жалгыз гана борбору болгон Эль-Фашер шаары кала берүүдө. Бул шаар бир нече айдан бери курчоодо калып, Судан армиясы менен (Европа тарабынан түзүлгөн) куралдуу кыймылдардын акыркы бекемделген жайы болуп турат. Ал арада бул кыймылдарга таандык биргелешкен күчтөр чөлдө жайгашып, үч бурчтук чек араны көзөмөлгө алышты жана “Ыкчам жардам күчтөрүнө” Ливиядан келчү негизги камсыздоо жолдорун үзүштү.

Түштүк-Чыгыш Ливиядагы Хафтар жетектеген «Ливия улуттук армиясы» көзөмөлдөгөн кеңири аймактар “Ыкчам жардам күчтөрү” үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү. Буга бир нече себеп бар:

Географиялык жана логистикалык абал. Ливиянын Судан жана Чад менен чектешкен Куфра шаары логистикалык мааниси чоң борбор катары эсептелет. БУУнун Ливия боюнча эксперттик тобунун баяндамасында жана башка бир катар булактарда бул аба базасы Дарфурдагы “Ыкчам жардам күчтөрүнө” курал, жабдуу, күйүүчү май жана согушкерлерди жеткирүү үчүн өткөрмө пункт катары колдонулганы айтылган. Чөл мүнөзүндөгү ачык чек аралар жана Хафтардын бул аймакты толук көзөмөлдөшү, бул өтмөктөрдү Судандын Порт-Судан өкмөтүнүн көзөмөлүнөн тышкары калтырып, салыштырмалуу коопсуз маршрут түзүп берет.

Чалгындоо кызматтарынын талдоолору жана Wall Street Journal сыяктуу басылмалар жарыялаган журналисттик иликтөөлөр Хафтардын күчтөрү Ыкчам жардам күчтөрүнө күйүүчү май жеткирүүдө маанилүү рол ойногонун, ошондой эле алардын жарадар жоокерлерин өз аймагындагы ооруканада дарылоону камсыздаганын да айтышат.

Экинчи жагдай, Чад аркылуу келген камсыздоо жолунун тосулушунан кийин Ыкчам жардам күчтөрү үчүн альтернативдүү камсыздоо жолун камсыздоо.

Ушунун баарын эске алганда, “Ыкчам жардам күчтөрүнүн” үч бурчтук аймакты көзөмөлгө алышы (Сисинин кыянатчылык макулдугу, ал Хафтарды алыстан башкарууда) жана бул күчтөр үчүн камсыздоо жолдорунун кайра ачылышы, шексиз, Аль-Фашердин кулашын тездетет. Эгерде бул окуя аймакта өз алдынча өкмөт жарыялануусу менен коштолсо, анда Америка Дарфурду бөлүп-жаруу жолунда өз максатына чоң кадам таштаган болот. Бул план анын малайы болгон Бурхан, Хамидти, Сиси жана Хафтар аркылуу ишке ашууда.

Бул өтө оор абал. Каапыр, колонизатор Америка Суданда кан төгүлүп жаткан согушту өз колу менен башкарып, муну жашыруун эмес, ачык, эл алдында жасап жатканы кайгы менен кабыл алына турган чындык. Бурхан менен Хамидти Судан элинин каны менен согушуп жатышат. Бул эч кандай принцип үчүн эмес, жөн гана Американын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн болуп жатат. Алар Американын түштүк Суданды бөлүп-жаргандагы планын кайталоону көздөп жатышат, бул жолу Европанын кийлигишүүсүсүз аткарылууда.

Америка жана Европа сыяктуу колонизатор державалардын үстөмдүгүнөн кутулуунун жалгыз жолу — улуу Ислам дининин негизинде мамлекет куруу. Бул мамлекетте үстөмдүк шариатка таандык болот жана ошол учурда коопсуздук менен туруктуулук орнойт. Бул мамлекетте бийлик Америкага да, Европага да эмес, үммөткө таандык болот. Анда каапырлардын таасири тамыры менен жулунат жана эл Аллахтын Китеби менен Пайгамбарыбыздын ﷺ  сүннөтүнө ылайык бир Халифаны шайлашат. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:

«إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِن وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат». (Бухари, Муслим).

Роя гезити

Ибрахим Мухаммад

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here