ЕАЭБдин пайдасынан зыяны көппү?
27-июнда Белорусиянын Минск шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны аяктап, жыйынтыгында ЕАЭБдин ишин өнүктүрүүгө багытталган бир нече документтерге кол коюлду.
Президент Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан соңку жылдары ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи. Анын айтымында, ишкерлер кооперациялык долбоорлор боюнча өтүнмөлөрдү толтурууда жана талаптарды аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда.
Ал эми, Россия президенти Владимир Путин союз кызыкдар болгон бардык чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБдеги экономикалык өсүш темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Дүйнөдө өсүш – 3,3 пайыз болсо, ЕАЭБде 4 пайыздан өйдө.
Комментарий:
Путин Россия санкцияларга карабастан алсырабаганын көрсөтүүгө аракет кылууда. Турмуш чындыгында, уюмдун кубаты жана таасири ал уюмдагы жетекчи мамлекеттин эл аралык таасирине көз каранды. Эл аралык майданда болсо Россиянын таасири алсырап барууда. Айрыкча, Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалда Россиянын бейтарап позициясы, Армениянын Батышка ыктоосуна себеп болду.
Путиндин ЕАЭБди түзүүдөн көздөгөн негизги максаты, уюмга мүчө мамлекеттерди Россияга бекем байлап алуу жана өз кызыкчылыгы жолунда пайдалануу болгон. Анткени, уюмдун мыйзам жана нормаларын Россия белгилейт. Мисалы, ЕАЭБ келишими боюнча бардык мүчөлөр ортосунда товарлар, кызматтар, капитал жана эмгек тармактарында айырбаштоо эркиндиги о.э. соода, энергетика, өнөр-жай, айыл-чарба жана транспорт тармактарында макулдашкан абалда саясат жүргүзүү кепилденген. А бирок, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн экспорттолгон товарлар ар дайым ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп келүүдө. О.э. келишимде көрсөтүлгөн “биримдиктин ичинде жумушчу күчүнүн эркин аракеттениши жана эмгек мигранттарына берилүүчү жеңилдиктер” кагазда калып кетти. Россия тескерисинче, Орто Азия мамлекеттерине басым өткөрүү үчүн болор-болбос шылтоолор аркылуу жыл сайын мигранттарга карата кысымды катаалдатып барууда.
Мындан белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттер эч качан өзүнүн колониялары менен келишим түзбөйт. Башкача айтканда, “келишим” деген аталыш менен алардын үстүнөн өкүм жүргүзөт. Алардын бирден-бир максаты, колония мамлекеттердин байлыктарын тартып алуу, калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдалануу жана материалдык пайда көрүү.
Демек, Орусия ЕАЭБ уюму аркылуу өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачты. Муну менен бирге, мүчө мамлекеттердин Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө.
Нурдин Асаналиев