Таап алган казына

64
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Таап алган казына

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Насаи “Ас-Сунанул-Кубрада” риваят кылып мындай деген:

أنبأ قتيبة بن سعيد  قال: ثنى أبو عوانة عن عبيد الله بن الْأَخْنَسِ عَنْ عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ عَنْ أَبِيهِ عَنْ جَدِّهِ قَالَ: سُئِلَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ اللُّقَطَةِ فَقَالَ: “مَا كَانَ فِي طَرِيقٍ مَأْتِيٍّ أَوْ فِي قَرْيَةٍ عَامِرَةٍ فَعَرِّفْهَا سَنَةً، فَإِنْ جَاءَ صَاحِبُهَا وَإِلَّا فَلَكَ، وَمَا لَمْ يَكُنْ فِي طَرِيقٍ مَأْتِيٍّ وَلَا فِي قَرْيَةٍ عَامِرَةٍ فَفِيهِ وَفِي الرِّكَازِ الْخُمْسُ

Кутайба ибн Саид Амр ибн Шуайбдан, атасынан, ал чоң атасынан риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдан) жоголгон мал-мүлк (таап алуу) тууралуу сурашканда, ал айтты: “Эгерде эл көп жүргөн жолдун жээгинде же эл жашаган айылда болсо, бир жылга жарыя кыл, ээси келсе бер, болбосо сеники. Ал эми эл көп жүргөн жолдо же элдүү айылда болбосо, бештен төрт бөлүгү ага, калган бештен бири казынага тиешелүү”.

Ас-Синдинин Сунан ан-Насаиге берген тафсиринде: طريق مأتي эл көп өткөн жолдун жээгинде” болсо, فعرَّفها аны жарыя кыл. فإن جاء صاحبها “Анын ээси келсе, тагыраагы таап алынган мал мүлктүн ээси келсе бер. وإلا “Ээси келбесе, ал сеники.

Ас-Суютий бул сөзгө байланыштуу Ибн Маликке таянуу менен мындай дейт: Биринчи шарттын жообу алынып салынды. Шарттуу этиш “болбосо” деген сөздөн кийин өчүрүлүп, экинчи шарттын жообунан ээси өчүрүлгөн. Анын мааниси, ээси келсе алат, келбесе сеники.

Хадистин ачык мааниси, аны тапкан адам ага толук ээлик кылат. Мүмкүн, суроо берген жакыр болгондур. Ошондукан, анын абалына жараша жооп берди. Демек, бул байдын ээлик кылганына ишарат кылбайт, балким бир кедейдин байып кетишине ишарат кылат. Ошондуктан, жооптогу жалпылык өкүм жалпы болгондо гана ылайыктуу.

А эгер ал эл өткөн жолдо болбосо… Аль-Хаттаби айтты: Ал таап алган казынасынын ээсин билбеген жөнөкөй адамды билдирет. Ал эми الركاز (казынада) ра’ касра, жумшак каф, акырында үндүү зайы бар: Бул риказдан алынган көмүлгөн деген маани. Анын мааниси, Исламга чейинки жерге көмүлгөн казына. Анын пайдасы чоң жана ээ болуп калуу оңой болгондуктан анын бештен төрт бөлүгүн алат.

Урматтуу бир туугандар:

Бул шарият мыйзамы белгилеген мүлкө ээлик кылуудагы иштин дагы бир түрү. Хадисте айтылган жер астындан нерселердин алынышы. Ал эми азыр биз казына деп атаган нерсебиз байыркы замандан бери жерге көмүлгөн алтын. Ким аны тапса, Ислам шариаты боюнча анын бештен төрт бөлүгүнө ээлик кылат. Калган бешинчи бөлүгүнө келсек, мамлекет казынага салып, аны халифанын пикири жана ижтихады боюнча мусулмандардын кызыкчылыгына жумшайт.

Жердин ички катмарынан пайдалуу кендерди казып алуу эки шарт менен казына өкүмүнө кирет:

Биринчиси, анын саны чектелүү болушу керек, башкача айтканда, ал жеке адам үчүн чоң өлчөмдө саналбаган аз өлчөмдө болушу шарт, башкача айтканда, ал түгөнгүс, көп сандагы кен байлык болбошу керек.

Экинчиси, Казына же кен чыккан жер анын менчиги же эч кимге таандык эмес болушу керек, мисалы, тышкы жолдор, ээн жерлер жана ушул сыяктуулар. Эгерде кен чектелүү өлчөмдө болсо жана аны өз жеринен же ээси жок жерден казып алса, анда ал анын мүлкү болуп саналат. Ал эми казылып алынган кен чексиз санда болсо, анда ал жеке менчик эмес, тескерисинче, жалпы элдик мүлк болуп саналат.

لما روى الترمذي عن أبيض بن حمال أنه وفد إلى رسول الله صلى الله عليه وسلم فاستقطعه الملح فقطع له، فلما أن ولّى قال رجل من المجلس: أتدري ما قطعت له؟ إنما قطعت له المال العد، فقال فانتزعه منه،

Ат-Тирмизи Абяд бин Хаммалдан риваят кылгандай, ал Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) алдына келип, туздан үлүш сурагандыктан, ал аны ага берген. Ал чыгып кеткенде, чогулуштагы бир киши: Сен ага эмне бергениңди билесиңби? Сен ага түгөнгүс кен байлыкты бердиң. Ал аны андан алды, деди.

Жер астындагы нерселерди казып алуу өкүмү абада болгон нерселерди, мисалы, кычкылтек, озон жана медицина, айыл чарба же өнөр жай үчүн зарыл болгон башка газдарды алуу же Аллах жараткан жана Ислам шарияты абсолюттук түрдө колдонууга уруксат берген нерселерди да өз ичине камтыйт.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 25-зул хижжа.

2025-ж, 21-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here