Мисирдин жаңы бюджети: жалган сандар менен жашырылган чындык
2025-жылдын 16-июнунда “Ал-яум ас-Сабиъ” сайты кабарлагандай, Египет парламентинин депутаты Диъа ад-Дин Дауд 2025/2026-жылдар үчүн сунушталган жалпы мамлекеттик бюджет долбоорун кескин четке какты. Ал өкмөт мамлекеттик карыз азайып жатат деп ырастаганы менен, расмий сандар таптакыр тескери абалды көрсөтөрүн белгиледи. 2018-жылдан бери ички жана тышкы карыз кескин өсүп, 2024-жылдын июнунда 11.5 трлн египет фунтун түзгөн. Дауд өкмөт жарыялаган келишимдер менен инвестициялар элдин жашоосуна оң таасир тийгизбей жатканын айтып, ошол эле эски экономикалык саясаттын улантылып жатканына нааразы болду. Ал жаңы бюджеттеги карыз төлөөлөр жана пайыздык чегерүүлөр жалпысынан 4382.6 млрд фунтка жетерин белгиледи.
Мисир парламентиндеги ачык жыйында Диъа ад-Дин Дауд бул жаңы бюджетке толук каршы экенин айтып чыкты. Ал өкмөт мамлекеттик карыз азайып жатат деген жалган доомат менен элди алдап жатканын, ал эми расмий статистика карыздардын ички жана тышкы деңгээлде кооптуу өсүп жатканын көрсөтөрүн баса белгиледи. Бүгүнкү күндө жалпы мамлекеттик карыз 11.5 триллион фунтка жеткени айтылды. Дауд «бийлик инвестициялар жана келишимдер жөнүндө көп сүйлөгөнү менен, эл эч кандай жакшырууну сезген жок» деп айтты.
Бул сыяктуу билдирүүлөр, маанилүү болгону менен, көйгөйдүн тамырына тийбей, анын сырткы белгилерин гана сындап келет. Алар көйгөйлүү саясатка каршы нааразычылык билдиришет, бирок бул саясатты пайда кылган капиталисттик түзүмгө тийишпейт. Мына ушул себептен улам, үммөткө милдеттүү болгон нерсе, умумий мүлккө, бюджетке жана мамлекеттик карызга карата Исламдын түпкү көз карашын сунуштап, чыныгы акыйкат менен бурмаланган нерсени, реалдуу чечим менен убактылуу оңдоону ажырата билүү шарт.
Мисирдин бюджети толугу менен капиталисттик моделге негизделген жана Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банктын шарттарына баш иет. Бул моделде мамлекет элдин ишин кароочу же укугун камсыздоочу эмес, салык чогултуу жана карыз тейлөөчү органга айланат. «Экономикалык реформалар» деген шылтоо менен өлкө тышкы күчтөрдүн буйругуна баш ийип калган.
Бүгүнкү күндө Египеттеги жалпы мамлекеттик кирешелердин ичинен салыктык кирешелердин үлүшү 85%дан ашып кеткен. Бул Ислам шариятына ылайык мыйзамсыз жыйым, анткени ал Исламда белгиленген мыйзамдуу каржылоо булактарына негизделген эмес.
Мындан сырткары, карыздарга байланыштуу чыгымдар, анын ичинде негизги төлөмдөр жана үстөк пайыздар бюджеттин 65%дан көбүн түзөт. Башкача айтканда, мамлекет элдин жашоосун камсыздоого эмес, риба негизиндеги карыздарды кайтарууга гана иштейт. Бул өлкөнүн элине эмес, чет элдик насыя берүүчүлөргө кызмат кыла турган агентке айланганын көрсөтөт. Бул режим Мисир мамлекетинин элдин иштерин башкаруучу чыныгы өкүмдар эмес, тышкы каржылык күчтөрдүн аткаруучу өкүлү экенин далилдейт. «Инвестиция» деген ураан астында элдин байлыгы тонолууда, ал эми карапайым калк жакырчылыкта жашап жатат.
Мамлекет өзүн ички дүң продукцияга салыштырмалуу мамлекеттик карыздын үлүшүн кыскартып жатабыз деп көрсөтүп келүүдө. Бирок расмий сандар муну толук четке какты. Алты жыл ичинде ички карыз 3.4 триллион фунттан 8.7 триллионго, тышкы карыз болсо 844 миллиарддан 3.7 триллион фунтка чейин өсүп, жалпысынан үч эсеге жакын жогорулады. Бул абал жөн гана начар финансылык башкарууну эмес, шариатка такыр негизделбеген саясий-экономикалык түзүмдү айкын көрсөтөт. Себеби, рибага шариатта ачык-айкын түрдө тыюу салынган. Каапырлардан карыз алуу да жөн гана риба үчүн эмес, саясий жана экономикалык көз карандылыкка алып келгендиктен, тыюу салынган. Шариатка ылайык, мунун өзү капырлардан жардам алып, алардын үстөмдүгүнө кирүү болуп эсептелет. Бул болсо чоң күнөө.
Депутат Диъа ад-Дин Дауд өкмөт жарыялап жаткан келишимдердин эл үчүн көрүнүктүү натыйжа бербей жатканын сынга алды жана ал бул жагынан толук туура айтат. Бирок, чындыгында булар өнүгүү келишимдери эмес, «инвестиция» деген ураан астында мамлекеттин активдерин жокко чыгарган эгемендик алмашуулары болуп саналат. Мисалы, пайда алып келип жаткан мамлекеттик ишканалар, Миср аль-Жадида компаниясы, Arab Cement компаниясы, Каир банкы, газ кендери жана жээк тилкелери арзан баада сатылып жатат. Бул болсо шариатка каршы келет. Анткени Исламда коомго тиешелүү байлыктарды — умумий мүлктү — сатууга болбойт. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«المُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ، وَالْكَلَإِ، وَالنَّارِ»
«Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик» (Абу Дауд риваяты).
Уламалар булардын катарына минералдар, энергия жана жалпы пайдалуу булактарды да кошушкан. Ошондуктан бул келишимдер кризистен чыгуу жолу эмес, тескерисинче мамлекеттин экономикалык түзүмүн капиталисттик жана чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгына ылайык пландуу түрдө ыдыратуу болуп эсептелет.
Чечим капиталисттик моделдин ичинде жаңы бюджеттерди түзүүдө эмес. Сандар менен ойноп, салык-чыгымдардын пайыздарын өзгөртүүдө эмес. Чыныгы чечим, бул түзүмдү тамырынан кулатып, анын ордуна Исламдын экономикалык түзүмүн колдонгон, Пайгамбарлык минхажындагы Халифалык мамлекетин куруу болуп саналат. Ислам мамлекети:
• Дефицитти жабуу үчүн элге салык салбайт, шариат белгилеген каржы булактарына таянат;
• Рибага негизделген карыз албайт;
• Эл аралык рибалык түзүмдөр, мисалы, Эл аралык валюта фонду же Батыш банктары менен иштешпейт;
• Рибага негизделген мамлекеттик карызды жокко чыгарат, анткени ал шариатта жараксыз жана күнөө болуп саналат, ал таанылбайт жана үммөткө мураска калбайт. Аны ким алып кирсе ошол жооп берет;
• Табигый байлыктарды, умумий мүлктү, суу, энергия жана кендерди мамлекеттик мүлк эмес, умумий мүлк деп эсептеп, аларды сатууга тыюу салат. Алар дүйнөлүк капиталисттик насыя берүүчүлөрдү байытуу үчүн эмес, элдин ишин тейлөө үчүн колдонулат.
Диъа ад-Дин Дауд чыныгы ооруну айтты, бирок маселени үстүртөн гана сындап, анын тамырына түшкөн жок. Мусулмандар катары биздин мойнубуздагы парз — көйгөйдүн сандарда эмес, башкаруучу адамда эмес, кандай башкарууда экенин ачык айтуу. Бүгүнкү башкаруу Ислам менен эмес, капиталисттик секулярдык түзүм менен иш алып барууда. Дал ушул түзүм кедейликтин, карыздын, менчиктештирүүнүн жана коррупциянын себепчиси. Египет да, башка мусулман өлкөлөрү да, Пайгамбарлык жолундагы Халифалык орнотулмайынча кутулбайт. Халифалык Алланын динин үстөм кылган, Исламдын экономикалык түзүмүн ишке ашырган жана үммөткө ресурстарына ээлик кылуусун кайтарып берген жалгыз түзүм.
Эй Кинана жоокерлери! Эй Амр ибн Астын урпактары!
Силер үммөттүн калканы, кылычы, оор күндөрдөгү тиреги, Исламдын, коопсуздуктун жана ар-намыстын кайтаруучусусуңар. Силер ушул үммөттүн балдарысыңар, канынан жаралгансыңар. Силердин мойнуңарда чоң аманат жана оор жоопкерчилик бар. Бул динди коргоо, мусулмандардын чегин сактоо жана душмандардын үстөмдүгүнө жол бербөө.
Бүгүн Египетте болуп жаткан кыйроо, кыйналуу жана Батыштын сазына чөгүү дайымий тагдыр эмес. Бул Ислам башкаруусу жоктугунун түздөн-түз натыйжасы. Бул мамлекет карапайым калкты эмес, эл аралык каржылык институттардын кызыкчылыктарын коргогон, жырткыч капиталисттик режимге моюн сунганынын себеби. Андыктан, Кинананын аскерлери! Силер андай режимди сактап калуучу калкан болбогула. Силер элди, жерди чет элдик фонддорго күрөөгө койгондордун куралы болбогула. Силер элдин ырыскысын “реформа” жана “бюджет” деген атты жамынып талап жаткандарды коргобогула.
Куралдарыңарды жалганды коргоого эмес, чындыкты кайра тикелөөгө жумшагыла. Намысыңарды каапыр түзүмдү сактоого эмес, Алланын динин орнотууга арнагыла. Алла силерди үммөт үчүн коргоочу кылып жараткан. Пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты орнотууга чын көңүлдөн, ыклас менен умтулгула! Ал Халифалык Алланын Шариятын ишке ашырат, үммөттү көз карандылыктан куткарат, элдин байлыгын өз ээсине кайтарат жана элдин ишин чындык менен тейлейт. Ал Исламды бүт дүйнөгө нур жана хидаят катары алып чыгат.
Эй Кинананын жоокерлери! Алла силерден күткөн “нусра” бул желекти же чек араны эмес, динди колдоо, акыйкат даъватын колдоо, Исламдын мабдаий долбоорун көтөрүү. Бул силердин тарыхтагы улуу ордуңар. Муну колдон чыгарбагыла. Ысымыңарды түбөлүктүүлөрдүн катарына жаздырып, Исламдын көлөкөсүндөгү Халифалыкта жашоонун урматына жеткиле. Алла Халифалыкты жакын кылсын жана силерди, Египет жоокерлерин, анын ансарлары кылсын.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).
Устаз Махмуд Аль-Лайси
Роя гезити