Индия–Борбор Азия: Геосаясий жакындашуунун максаттары
2025-жылдын 6-июнунда Нью-Делиде Индия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусу өттү. Бул жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жогорку деңгээлдеги делегациялары катышты. Расмий билдирүүлөрдө бул жыйын «кызматташтыкты тереңдетүү» максатында өткөнү айтылды. Чындыгында, бул жолугушунун артында олуттуу стратегиялык максаттар жатканы байкалат. Алардын ичинде, Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу, энергия ташуу жолдорун диверсификациялоо жана АКШнын бул аймактагы саясий позициясын бекемдөө бар.
Индия бийлигиндеги «Бхаратия Жаната» партиясы (BJP), премьер-министр Нарендра Модинин жетекчилигинде, АКШга көз каранды партия болуп эсептелет жана Вашингтондун Евразиядагы стратегиясын ишке ашырууга кызмат кылууда. Индия АКШнын президенти Дональд Трамп менен тилектеш катары, яхудий түзүмү менен «эгиз өнөктөш» катары мүнөздөлөт.
Журналист жана жазуучу Азад Айсанын “Индия менен яхудий түзүмүнүн жаңы альянсы” аттуу китебинде эки душман мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тарыхы талданган. Айса өз изилдөөсүндө индуизм менен сионизмдин идеологиясы яхудий түзүмүнүн Палестинаны басып алышына жана Индиянын мусулмандар көпчүлүк жашаган Кашмирди көзөмөлдөшүнө кызмат кылып жатканын белгилейт. 2019-жылдан тартып Индия Кашмирдеги «маданий изилдөө» концепциясын ишке ашырууда яхудий түзүмүнүн тажрыйбасын пайдаланууда.
Айса Индия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы альянс экөөнүн тең оккупациялык мүнөзүн байланыштырган фактор экенин баса белгилейт. Анткени зордук-зомбулук ыкмалары окшош жана окшош жүйөлөр менен акталат. Эки мамлекеттин ортосунда курал-жарак соодасы, биргелешкен өндүрүш, байкоо технологиялары жаатындагы кызматташтык жана аскердик машыгуулар Кашмир менен Палестинадагы оккупацияны бекемдөөгө багытталган. Яхудий түзүмү Индиянын Кашмирдеги полициясына байкоо жабдыктарын, радар технологияларын жана машыктырууну камсыздап келет.
Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматына ылайык, 2021-жылы яхудий түзүмү Индия үчүн курал-жарак жеткирүүчү эң ири үч мамлекеттин катарына кирген жана Индияга экспорттолгон бардык курал-жарактардын 43%ы ошол түзүмгө таандык болгон.
Айса ошондой эле 2000-жылдан бери АКШ Конгрессиндеги индиялык америкалыктар Америка яхудий комитети (AJC) жана AIPAC менен тыгыз иш алып барып келгенин белгилейт. Индиялык лоббисттер бул уюмдар менен биргелешип өздөрүнүн саясий максаттарын ишке ашырууга аракет кылышкан. 2002-жылы Forward гезитине берген маегинде Америка яхудий комитетинин президенти Энн Шаффер мындай деген: «Биз алар менен яхудийче саясий аракеттенүү ыкмасын бөлүшөбүз. Биз аларга өздөрүнүн саясий күн тартибин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон куралдарды бергибиз келет».
Моди менен Нетаньяху бийликке келгенден бери Индия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы байланыш мурун болуп көрбөгөндөй чыңдалып, Исламга жана мусулмандарга карата душмандык туу чокусуна жетти. Бул эки кылмышкер түзүмдүн колу менен мусулман элдерге, алардын мүлкүнө, жанына жана ар-намысына каршы кылмыштарды кылган Трамп дагы өзүнүн катаал жана жек көрүндү саясаты менен аларды колдоп келген.
Алла Таала мындай деген:
﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِّلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾
«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң». (Маида сүрөсү, 82-аят).
2025-жылдын 6-июнунда Нью-Делиде өткөн Индия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жыйынында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө талкуунун өзөгүн түзгөн маселелер төмөнкүлөр болду:
• Коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш: Терроризмдин бардык формаларына каршы күрөшүү боюнча берилген милдеттеме дагы бир жолу ырасталып, террордук чабуулдар айыпталды. Улуттук коопсуздук кеңештеринин ортосундагы туруктуу кеңешмелердин маанилүүлүгү баса белгиленди.
• Регионалдык жана глобалдык чакырыктар: Афганистанды тынч, туруктуу, терроризм жана баңгизаттардан арылтылган мамлекет катары колдоо билдирилди.
• Ресурстар маселеси, сейрек кездешүүчү жер элементтери жана негизги металлдарды биргелешип казып алуу жаатына кызыгуу билдирилип, Индия менен Борбордук Азия ортосунда сейрек элементтер боюнча экинчи форум өткөрүү сунушу айтылды.
• Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорунун (INSTC) маанилүүлүгү баса белгиленип, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ага кошулуусуна Индия тараптан колдоо көрсөтүлөрү айтылды. Ошондой эле Индия менен Борбор Азия ортосундагы Чабахар порту боюнча биргелешкен жумушчу топтун жыйыны ийгиликтүү өткөнү белгиленип, бул портко болгон кызыгуу жогору экени айтылды.
• Экономикалык долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу: учурда ишке ашырылып жаткан экономикалык долбоорлордун мааниси, анын ичинде Түркмөнстан–Афганистан–Пакистан–Индия (TAPI) газ кууру долбоору белгиленип, бул долбоор Борбор Азия менен Индия ортосундагы байланыштарды бекемдөө максатында иштелип жатканы айтылды. Ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрү менен Индия ортосундагы транспорт жана транзит мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү маселеси, аймактык жана эл аралык транспорт коридорлорун түзүү боюнча биргелешкен демилгелер каралды.
Ошол эле учурда Россия менен Кытай Борбор Азиядагы таасирин бекем сактап келүүдө. Кытай «Бир алкак — бир жол» долбоору аркылуу бул аймакта инфратүзүм жана энергетика секторлорунда өз катышуусун кеңейтип жатат. Ал эми Россия болсо аскердик жана саясий жактан таасирин сактап калууга аракет кылууда, өзгөчө Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) аркылуу.
Ушундай шартта Индиянын Борбор Азияга карай болгон аракетин Кытай менен Россия сыяктуу эки геосаясий державага каршы салмактуу альтернатива түзүү аракети катары кароого болот.
Борбор Азия Индия үчүн маанилүү аймак болуп саналат. Муну аймактагы мунай жана газ ресурстары гана эмес, Индияны Афганистан аркылуу Евразияга байланыштырган стратегиялык маршрут катары да караса болот. Талибдердин Афганистанда бийликке келишинен кийин да Индия бул аймактан логистикалык чечимдерди издеп жатат. Ал Ирандагы Чабахар портунан өтүп, Борбор Азияга чыгуу планын мурда эле иштеп чыккан.
Америка Кытайды ооздуктоо саясатынын алкагында Азия-Тынч океан аймагында Индияга таянууда. Бул Индиянын Борбор Азиядагы активдүүлүгүн шарттаган геосаясий факторлордун бири. Мындай стратегия аркылуу Индия өзүн Вашингтондун алдында «чыгыш канаты» катары маанилүү өнөктөш экенин көрсөтүүдө.
Борбор Азияда аймактык лидер болууга умтулуп жаткан Өзбекстан, Индия үчүн эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири. Географиялык жайгашуусу жана Батыш демилгелерин колдоого ыктаган саясаты аркылуу өзбек режими Америка менен анын агенттеринин көңүлүн өзүнө бурууда. Бирок бул режим Батыштын жок кылуучу тузагына түшүп жатканын түшүнбөйт. Ошол эле учурда Өзбекстан калкы Мирзиёев жетекчилик кылган режим өлкөнү капыр колонизатор мамлекеттердин тырмагынан коргой албастыгын жана элге тынч, гүлдөп-өнүккөн жашоону камсыз кыла албастыгын барган сайын түшүнүп жатат.
Чындыгында, бул жоопкерчиликти толук көтөрүп, туура аткара ала турган жалгыз түзүм — Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекети. Ал адамдарды капитализмдин зулумунан чыгарып, Исламдын адилет башкаруусуна өткөрө турган жалгыз күч.
Роя гезити
Устаз Абдулазиз Өзбекий