Британия менен Россиянын ортосундагы мамиленин табияты
Британия менен Россиянын мамилеси XVIII кылымдан бери эле туруксуз жана чыңалган абалда болуп келген. Эки өлкөнүн бири-бирине болгон душмандыгы айкын жана даана көрүнүп турат. Маселен, шаршемби күнү Орусия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Британияны Москва үчүн “түзмө-түз түбөлүктүү душман” деп атап, эгерде кандайдыр бир британ расмийлери Украинага эки өлкө ортосундагы согушта жардам берсе, аларды аскердик жактан мыйзамдуу бута катары караса болоорун айтты.
Британиянын Тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Украина өзүнүн күчүн өлкө сыртында колдонууга акылуу деген билдирүүсүнө жооп кылып, Медведев “британ расмийлери акмактар” экенин айтып, Британияны Москва менен “согуш абалында” деп эсептөөгө болорун эскертти.
Россия Советтер Союзунун мураскери катары анын көйгөйлөрүн жана дүйнөгө болгон көз карашын, анын ичинде англичандарга болгон мамилени да мурастап алды. Ошондой эле бул мурас менен кошо терең душмандык да сакталып калды, бирок мүмкүнчүлүктөр жана кубаттуулук жагынан айырма чоң.
Хизб ут-Тахрир партиясынын “Саясий караштар” аттуу китебинде мындай деп айтылат: “Британ саясаты азыркыга чейин эл аралык деңгээлде да, майда саясаттарда да Россияга каршы түрдүү ыкмалар менен активдүү иш жүргүзүп келет. Ошондой эле алар АКШны өзүнө тирек кылып кармоо үчүн акыл калчап, алдамчылык жана жашыруун ыкмаларды колдонууда. Америка Англияга каршы саясат жүргүзүп жаткан учурда деле Британия ушинтип аракеттенүүдө. Россия Британияга жеңилдик берет деген үмүт жок болсо да…”.
Жалпыга маалым болгондой, Британия согуш отун тутантуучу өлкө. Ал Украинадагы согуштан өзүнө ылайыктуу бир нече себептен улам мүмкүнчүлүк тапты:
1. Дүйнөлүк жана Европа деңгээлинде кайрадан ролду ойноо жана татыктуу орунга ээ болуу. Анткени Британия айлакерлик, амалкөйлүк жана куулук менен таанымал.
2. АКШны согушка тартуу, аны узакка созуу жана мүмкүн болсо НАТОну да ага аралаштыруу.
3. Британ тышкы саясатынын артыкчылыктары Америкадан айырмаланат. Америка тышкы саясатта негизги коркунуч катары Кытайды ооздуктоону биринчи орунга коюп, андан соң Европада Россияны уруу менен экөөнү тең алсыратууну көздөйт. Бирок ал Россияны толугу менен алсыраткысы келбейт, тескерисинче, аны бир деңгээлде кубаттуу кармап, Европага коркунучтуу “жырткыч” катары көрсөтүп, өзүнүн канатынын алдында калуусун жана өз алдынча саясат жүргүзүүгө умтулбашын каалайт. Ал эми Британиянын саясаты тескерисинче: ал үчүн Россия негизги коркунуч болуп саналат, ал эми Кытай андан кийинки маселе. Кытай Британия үчүн экономикалык гана коркунуч жана тарыхый душмандык жок. Британия Кытайдын коркунучтуу экенин түшүнсө да, аны АКШга окшоп тышкы саясатында башкы орунга койбойт.
Британия Россия менен Украина ортосундагы согушту өз максатына жетүү мүмкүнчүлүгү катары көрдү. Ал согуш башталгандан тартып эле кырдаалды курчутуп баштаган. Маселен, Британия Украинага жардам көрсөтүү максатында өз аймагында жаңы украин аскерлерин машыктыра баштаган. Өткөн ишембиде украин жоокерлеринин машыгуу лагерине барган Британиянын коргоо министри Бен Уоллес мындай деген: «Британ армиясынын дүйнөлүк тажрыйбасын колдонуу менен биз Украинага өз армиясын калыбына келтирүүгө жана каршылык жөндөмүн жогорулатууга жардам беребиз».
2022-жылдын 6-мартында Sky News агенттиги билдиргендей, Британия Россиянын Мариополь шаарында ок атышууну токтотуу сунушун эл аралык айыптоолорду алсыратуу жана өз күчтөрүн кайра топтоо аркылуу жаңы чабуулга даярдык катары баалаган. Москванын жообу да катуу болду: ал Лондондун Киевди орус аскерлерине каршы колдонулуп жаткан куралдар менен камсыздаган ролун эч качан унутпай турганын айтты.
Лондондо жайгашкан Daily Mail медиа тобуна караштуу «i» гезити жазгандай, Британия азыр Россия үчүн «№1 душман» болуп калды. Бул өзгөрүүнүн себеби катары гезиттин башкы кабарчысы Ричард Холмс Британиянын Украинадагы согушта Россиянын баскынчылыгына каршы алдыңкы ролду ойноосун көрсөтөт. Ушул иш-аракеттери аркылуу Британия Москва үчүн эң чоң душманга айланган.
АКШ президенти Трамп менен Россия президенти Путиндин бекем мамилеси шартында Британия менен АКШнын коопсуздук кызматтарынын ортосунда маалымат алмашуу жаатында ишенимсиздик пайда боло баштаганы да кабарланды. Лондондо жайгашкан коргонуу жана коопсуздук жаатындагы иликтөө борбору болгон Королдук Кызматтар Институтунун изилдөөчүсү Стивен Бланки мындай дейт: «АКШнын чалгындоо кызматтары азыр саясий кысымда иш алып барууда. Мындай шартта чет элдик чалгындоо уюмдары өздөрүнүн купуя маалыматтарынын Россиянын колуна тийбешине ишене албай калышты». Ал кошумчалагандай, АКШ чалгын кызматтарындагы айрым чечим чыгаруучулар же иш бөлүмдөрү өз алдынча жашыруун саясат жүргүзүүгө аракеттенүүдө. Бланки муну абдан кооптуу өнүгүү катары баалап, мындай жагдай маалымат булактарынын коопсуздугуна чоң коркунуч жаратары тууралуу эскерткен.
Британия Россия менен болгон аскердик, техникалык жана армиялык мүмкүнчүлүктөрдө чоң айырма бар экенине карабастан, “орус аюусунан” коркпойт. Бул НАТОго мүчө болгондугу менен түшүндүрүлөт. Британия Россияга карата дайыма чагымдык кылып, “орус агрессиясы” деген жүйө менен шайтанга теңеп, эл аралык мыйзамдарды бузган туруктуу кылмышкер мамлекет катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Британия согушка каржылык жардам, курал-жарак, аскердик машыгуу, чалгын маалыматтары жана мүмкүн болгон бардык ресурстарын жумшаган. Ал тургай, “i Paper” гезитинин сайтында жарыяланган макалада британ чалгын кызматындагы бир жетекчи мындай деген: “Эгерде АКШ менен кызматташуу токтосо, маалымат алмашуудан жаралган боштукка жекече коопсуздук жана коргонуу компаниялары кийлигише башташы мүмкүн”.
Британия согушка тикелей аралашуу коркунучу менен да чыкты. Жекшемби күнү Британиянын премьер-министри Кир Стармер Украинага аскер жөнөтүүгө даяр экенин билдирип, Киевдин коопсуздугун Британия менен Европанын коопсуздугунун негизги шарты катары баалады. Ал Daily Telegraph гезитинде Британия зарыл болсо, өз аскерлерин жерге түшүрүүгө даяр экенин жазып, Парижде өткөн европалык жыйынга катышканын билдирди. Ошондой эле ал АКШ менен тыгыз координациянын маанилүүлүгүн баса белгилеп, “АКШнын колдоосу туруктуу тынчтык үчүн чечүүчү” деп эсептээрин билдирди.
Британиянын бул позицияда канчалык олуттуу экенин “жөргөмүштүн желеси” операциясынан да байкоого болот. Бул операция натыйжасында 41 учак, анын ичинде стратегиялык бомбалоочу учактар жок кылынган. Бул Россиянын стратегиялык авиация паркынан үчтөн бири талкаланды дегенди билдирет. Алардын арасында 7–9 даана “A-50”, “Туполев-95” жана “Туполев-22М3” үлгүсүндөгү бомбалоочу учактар болгон. Мындай татаал операцияны Украина эл аралык жардам жана олуттуу эл аралык коргоо болбосо ишке ашыра алмак эмес.
Россиянын Лондондогу элчиси Келин мындай деди: «Орусия президенти Владимир Путин кечээ АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүп, украин операциясы тууралуу талкуулашты. Биз Лондон тараптан да жооп угууга үмүттөнөбүз, анткени мындай чабуул жогорку технологияларды, геомейкиндиктик маалыматтарды талап кылат, ал эми мындай мүмкүнчүлүк Лондон менен Вашингтондун гана колунда».
Трамптын азыркы саясаты мындай аракеттерге карама-каршы келет. АКШ президентинин басма сөз катчысы Каролин Левиттин билдиришинче, Трамп Киевдин учкучсуз учактар аркылуу Россияга жасаган чабуулдарынан алдын ала кабарсыз болгон. Ал эми Британия болсо бул окуяларга үн катпай, үнсүз байкоочу позициясын сактап, согушту курчутуп, андан соң Россиянын жообун күтүп турат. Эгер жооп чечкиндүү болбосо жана ал Европаны тикелей согушка тартууга жетпесе, анда Британия убакыт өткөн соң өзү бул ишке аралаша баштайт. Бирок Россия бул операциянын артында Британия турганын түшүнүп турат. Россиянын Лондондогу элчиси Андрей Келин Британияны Украина тарабынан Россиянын аймагындагы беш аба базасына жасалган кеңири масштабдуу чабуулга түздөн-түз катышкан деп айыптап, ондогон аскердик учактардын жок кылынышын “Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн болгон кооптуу эскалация” деп атады.
Sky News телеканалына берген маегинде элчи Келин “жөргөмүштүн желеси” аттуу бул операция техникалык жана чалгындоо жактан колдоосуз ишке ашпайт болчу деди. Ал мындай деп кошумчалады: «Бул сыяктуу чабуулдар үчүн геомейкиндиктеги маалыматтар талап кылынат, ал маалыматтар Лондон менен Вашингтондун гана колунда бар. Биз Британиянын Украинадагы катышуусу кандай деңгээлде экенин так билебиз».
Британия болсо Россиянын тикелей эмес жообунун коркунучун жакшы түшүнөт. Россия президенти Владимир Путин бир нече жолу Москва НАТОнун мүчө мамлекеттерине чабуул жасоону көздөбөй турганын, андай кадамдын “эч кандай мааниси жок” экенин билдирген. Бирок АКШнын айрыкча Трамптын администрациясы алдында ишеним жоголгон шартта Британия коркунучтуу кырдаалдар үчүн алдын ала күчтүү пландарды даярдап, аларды активдештире баштаган. The Telegraph гезити Британия Россия тарабынан мүмкүн болгон тикелей аскердик чабуул коркунучуна байланыштуу жашыруун даярдык көрүп жатканын жазды. Анда: «Британия согушка даяр эмес болушу мүмкүн деген кооптонуу менен Россиядан болушу мүмкүн болгон чабуулдарга каршы жашыруун даярдык башталды» — деп маалымдалган.
Ал эми Daily Express гезити Британиянын коргонуу чыгымдарынын көбөйүшүнө байланыштуу Хейлинин мындай пикирин келтирди: «Бул — Москвага берилген белги. Британия куралдуу күчтөрүн жана аскердик өнөр жай базасын күчтөндүрүп жатат. Бул согуш зарыл болуп калса, ага даяр экенибиздин бир бөлүгү».
Корутунду катары, эки өлкөнүн ортосундагы терең душмандык ачык көрүнүп турат. Бул душмандык эми жашыруун эмес, ачыкка чыгып, дүйнөгө айкын болуп калды. Саясий, чалгындоо жана аскердик деңгээлдеги тирешүү бүгүнкү күндө олуттуу жана кооптуу фазага өткөн.
Хасан Хамдан
Роя гезити