Духинат базарын бузуу элдин ырыскысына жана күнүмдүк тиричилигине каршы күрөш

60
0

Басма сөз баянаты

Духинат базарын бузуу элдин ырыскысына жана күнүмдүк тиричилигине каршы күрөш

2025-жылдын 12-июнунда, бейшемби күнү эртең менен, куралчан аскерлердин коштоосунда Хартум штатына караштуу Жабал Аулия аймагынын жергиликтүү бийлиги жапайычылык менен күч колдонуп, Жабал Аулия жолунда жайгашкан Духинат базарын бузду. Алар соода текчелерин талкалап, ал тургай товарларын көтөрүп качкан соодагерлерди да аяшкан жок.

Духинат базары байыркы базарлардын бири болуп саналат. Ал аймактагы башка базарлар жана Хартумдагы көпчүлүк базарлар согуштан улам жабылган соң кеңейген. Бул базар аймак тургундары үчүн соода-сатык кылуучу негизги жай болуп калган. Бул жерде тургундар тамак-аш, жашылча-жемиш, азык-түлүк сатып алышат. Бул базарда уурдалган товарлар сатылбайт. Ошондуктан, соода көлөмү көбөйүп, товарлар арзандап, тамак-аш элге жеткиликтүү болгон. Ал тургай бул каргашалуу согуштан кийин ишсиз калган эл үчүн мыкты жумуш орундарын түзгөн. Бирок базарды бузуунун артынан соода токтоп, товарлар жоголуп, баалар асманга көтөрүлүп, элдин азабы ого бетер күчөдү.

Жергиликтүү бийликтин жана анын күч түзүмдөрүнүн бул зөөкүрлүгү, таш боорлугу жана жапайычылыгы эл тарабынан катуу сынга алынды. Көпчүлүк таң калып, мындай деп суроо салышты: өкмөт элди багып-карагандын ордуна, эмне үчүн эски, зулум системасын улантып жатат? Анан ошол эле күчтөр Эл-Рапид тобу аялдарды зордуктап, мүлктү талап-тоногондо кайда болчу?! Бул күчтөр элди коргоо үчүнбү же аларды эзип-төмөндөтүү үчүнбү?! Эгер базар жолду тороп жатса, анда аны уюштуруп же кеңири жайга көчүрсө болот беле? Мындай жерлер аймакта жетиштүү.

Албетте, Аллах Таала соода-сатыкты адал кылган:

﴿وَأَحَلَّ اللهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا﴾

«Акыйкатта болсо, Алла сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылган». (Бакара сүрөсү, 275-аят).

Бирок бүгүн базарларыбызда риба адал болуп, соодага Аллах түшүрбөгөн мыйзамдар жана жүйөлөр менен тыюу салынууда. Эркек кишинин үй-бүлөсүн багыш үчүн иштөөсү парз. Абдуллах ибн Амрдан риваят кылынат: Пайгамбар ﷺ  айтты:

«كَفَى بِالْمَرْءِ إِثْمًا أَنْ يُضَيِّعَ مَنْ يَقُوتُ»

“Эркекке күнөөкөр болушу үчүн үй-бүлөсүн багуу милдетин аткарбай коюусу жетиштүү”. (Абу Дауд, Насаи, Хаким).

Ал эми чындап же өкүм түрүндө иштөөгө жараксыз киши болсо, анын камкордугу мусулмандардын байтул-малына? башкача айтканда, өкмөткө жүктөлөт. Анда эмне үчүн ошол өкмөт элдин ырыскысына душман болуп, аларды ачарчылыкка түртүп жатат?!

Мындан тышкары, базарлардагы элдин мүлкүн эч кандай шылтоо менен — холеранын жайылышы болобу, базарды уюштуруу болобу же башка нерсе болобу — талкалоого болбойт. Тескерисинче, мамлекеттин негизги милдети элге жардам берүү, аларды багуу, коопсуздукту жана бейпилдикти камсыз кылуу. Элге каршы күрөшүү, ырыскысын жок кылуу бул мамлекеттин милдети эмес!

Ошондой эле, базарда иштеген адам шариаттын ченемдерине баш ийиши керек. Соодада, кызматта же башка адал иштерде: уурдалган товарларды, арам нерселерди, бузулган тамак-аштарды сатпоосу зарыл; айлана-чөйрөнү, коомдук саламаттыкты сакташы керек; жолду торобошу, ачык алдамчылык, алдоо, пайыз менен иштөө сыяктуу арам иштерден алыс болушу керек.

Өкмөттүн милдети элдин иштерине камкордук кылуу, базарларды көзөмөлдөө жана тартипке салуу. Бирок бул көзөмөл элге тоскоол болуу үчүн эмес, тескерисинче, аларга соода кылууга, иштөөгө шарт түзүү үчүн болушу керек. Себеби Пайгамбар ﷺ  айткан:

«فَالْإِمَامُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

“Имам кароочу жана ал кол астындагылардан жооптуу” (Бухари жана Муслим риваяты).

Бүгүн базарларда болуп жаткан окуялар Ислам мамлекети жок болгонунун кесепети. Мындай абал элди шариат менен багып, Аллахтын өкүмдөрүн ишке ашыра турган камкор мамлекет — Халифалыктын жоктугунан келип чыгууда. Андагы башкаруучу элдин акчасын жыйнаган эмес, тескерисинче, аларга кам көргөн башкаруучу болот. Ошондуктан, азыркы кайгы-муңдуу, адилетсиз чындыктан арылуу үчүн, пайгамбарлык жолундагы Раашид Халифалыкты орнотуу багытында олуттуу иш-аракет кылуу керек. Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

«فَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ بَعْدِي فَسَيَرَى اخْتِلَافاً كَثِيراً، فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الْمَهْدِيِّينَ الرَّاشِدِينَ، تَمَسَّكُوا بِهَا وَعَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ»

“Менден кийин ким жашаса, көптөгөн келишпестиктерди көрөт. Ошондо менин Сүннөтүмө жана туура жолдо болгон Раашид халифалардын сүннөтүнө кармангыла. Аны азуу тишиңер менен бекем тиштегиле.” (Абу Дауд, Тирмизи, сахих хадис).

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмү

16.06.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here