Саясий шахстарды калыптандыруу
Ислам коомунда саясий шахстарды калыптандыруу — бул жөн гана адистерди даярдоо эмес, терең идеологиялык жана стратегиялык милдет болуп эсептелет. Бул жараян башкарууга тиешелүү жөндөмдөрдү үйрөтүүдөн тышкары, биринчи кезекте, өзүнүн билимин, чечимдерин жана аракеттерин ислам калыбына салып саясий ой жүгүртө алган инсандарды тарбиялоого багытталган. Мындай саясий ишмерлер мамлекеттик кызыкчылыктын гана коргоочусу болбостон, жашоосунун негизин Аллахтын мыйзамдары түзгөн коомдун да жүзү болуш керек. Ал шариатка ылайык коомдук жана саясий өнүгүү пландарын түзө билүүгө, Ислам дининин максаттарын жана анын жашоо түзүмү катары өзгөчөлүгүн түшүнүүгө, Ислам өкүмдөрүн коомго жайылтууга жана исламий саясий партиянын жана келечектеги мамлекетик институттардын аброюн бекемдөөчүлөрдөн болушу керек.
Мындай инсандарды даярдоо негизги сыпаттарды өнүктүрүүнү талап кылат. Алардын эң маанилүүсү — саясий ой жүгүртүү жөндөмү. Бул жөндөм капиталисттик системадагыдай прагматизмге эмес, Аллахтан коркуу сезимине курулган ыйман (акыйда), пикирий принциптер жана шариаттын негиздеринен турат.
Мындай адам коомдогу жана дүйнөдөгү кырдаалды ислам дүйнөтаанымынын негизинде талдай билүүгө, көрүнүштөрдүн себеп-жагдайларын жана натыйжаларын Куран–Сүннөттүн негизинде түшүнүүгө, стратегиялык пландаштыруу жана системалуу иш жүргүзүүгө жөндөмдүү болушу керек.
Экинчи зарыл сапат — бул терең пикир. Бул жөн гана билим эмес, Ислам жолунун акыйкат экенине болгон ынаным, ислам идеологиясынын максаттарын жана аны ишке ашыруу ыкмаларын түшүнүү, аны андан башка, сырткы көрүнүшү окшош болсо да, идеологиялардан айырмалай билүү жөндөмү болуп саналат.
Үчүнчү түркүк — бул шарий сабаттуулук. Адам фикхтин негиздери болгон усул илимин, шариаттын максаттарын, ошондой эле Исламдын эрежелерин заманбап шарттарда жана жагдайлардан улам кантип колдонуу керектигин билиши керек.
Мындан тышкары, саясий партия деңгээлинде болобу, же жекече ишмердүүлүктөбү, адамдарды уюштурууга, өнүктүрүүгө, алардын кадыр-баркын коргоо жана коомчулук алдында бекемдөөгө жөндөмдүү болуу да абдан маанилүү.
Ислам тарыхында Ислам жолуна берилген, тажрыйбалуу кадрларды даярдоого чоң көңүл бурулган. Пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун) өзүнүн пайгамбарлык миссиясынын башынан тартып эле сахабаларды илим жана тарбия менен калыптандырган. Алардын көпчүлүгү кийинчерээк белгилүү башкаруучулар, казы-соттор, аалымдар жана аскер башчылары болушкан. Ал Му’аз ибн Жабалды Йеменге жөнөткөндө, Куранга, андан соң Сүннөткө таянып өкүм чыгарууну, алардан чечим таппаганда акыл калчап өкүм чыгарууну тапшырган. Бул жекече абалда да, идеологиялык жетиктик,, шариат илими жана саясий жоопкерчилик зарылдыгын көрсөтөт.
Халифа Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) кадрларды тандоого жана көзөмөлдөөгө өзгөчө маани берген. Ал акимдерди кылдат тандап, аларга байкоочуларды жиберип турган. Андан тышкары, адилеттиктен тайбаган, элге чын дилинен кызмат кыла турган шахстарды тарбиялоочу мектептерди жана институттарды түзгөн.
Салахуддин ал–Аййуби Куддусту бошоткон улуу кол башчы — өзү да адеп-ахлак жана стратегиялык акылмандыктын үлгүсү болгон, ошондой эле мамлекетти жана армияны башкарууга жөндөмү бар динге берилген адамдарга таянган.
Пайгамбар Мухаммад ﷺ мындай деген:
“Эгер иш өз ээсине берилбесе, анда кыяматты күт”. (Сахих ал-Бухари, хадис №59).
Бул хадис бирер ишти – билими, адистиги жана такыбалыгы жетиштүү адамдарга гана тапшыруу талапка ылайык экенин баса белгилейт. Мындай болбосо, коомдун урашы турган иш. Ал Зат дагы мындай деген: “Аллах пендесинин өз ишин мыкты аткарганын сүйөт”. (Аль-Байхаки, Шу‘аб аль-Иман).
Бул хадис Исламда кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана жогорку сапатта иш алып баруу маанилүү экенин далилдейт. “Иткан” түшүнүгү — бул ишти кылдаттык, тактык жана эң жогорку деңгээлде аткаруу дегенди билдирет.
Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген:
«Билим аракетсиз — мөмөсүз дарак сыяктуу».
Умар ибн ал-Хаттаб дагы эскерткен: “Мен силерге кедейчилик жетишинен эмес, силердин дүйнөгө берилип кетишиңерден, акыйкатты унутуп коюшуңардан кооком”.
Бул сөздөр кадрлар даярдоодо билим менен катар ихлас, ниеттин тазалыгы жана жоопкерчилик маанилүү экенин көрсөтөт.
Мухаммад II аль-Фатих (1432–1481) — Константинополду багындырган улуу султан — ислам негизинде тарбияланган инсандын канчалык тарыхый өзгөрүүлөргө алып келерин далилдеген жаркын мисал. Бул аскер башчы гана эмес, исламий идеологияга жетик сугарылган, илимдүү жана кеменгер башкаруучу болгон. Анын образы Пайгамбарыбыз ﷺ айткан хадисте сүрөттөлгөн: «Константинополь албетте фатх болот. Аны фатх кылган амир кандай гана жакшы амир, аны фатх кылган кошуун кандай гана жакшы кошуун». Имам Ахмад, ал-Хаким, Ибн Хиббан).
Атасы Мурад II уулу Фатихке бул улуу максатты бала кезинен эле жүктөп, ага ошол доордогу эң мыкты аалымдарды, аскердик жана диний устаттарды дайындаган. Алардын ичинен Шайх Шамсуддин өзгөчө рол ойногон. Ал жаш ханзааданы фикх, Куран жана ислам идеологиясы менен тарбиялап, Константинополду багынтуу — жөн гана саясий максат эмес, пайгамбарлык миссия экенин түшүндүргөн.
Фатих жаш кезинен ислам илимдери, логика, математика, философия, астрономия, медицина жана чет тилдерин өздөштүргөн. Араб, фарсий, грек, латын жана түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн. Бул анын кеңири билимге жана саясий лидерликке ээ болуп, интеллектуалдык деңгээли жогору болгонун далилдейт.
Султан дин жана аскердик иш менен эле чектелген эмес. Архитектура жана инженердик тармакта да терең билими болгон. Константинополду курчоодо чабуул кылуучу аспаптарды өзү иштеп чыккан. Чеп багынгандан кийин аны талкалап, кыйратпастан, баш калаага айлантып, башка диндердин өкүлдөрүнө да акыйкат мамиле кылып, ислам башкаруусунун көлөкөсүнө алган.
Мухаммад-Фатих Ислам идеологиясы, саясий жетилгендик жана терең билим менен тарбияланган мамлекеттик ишмердин үлгүсү. Анын жашоосу — ыймандын, илимдин жана жогорку максаттын негизинде тарых жазыларынын мисалы.
Аллах Таала Куранда кадр тандоонун критерийлерин белгилейт:
«Албетте, Аллах аманатты ээлерине кайтарууну, жана адамдар арасында өкүм чыгарууда адилет болууну буйруйт. Аллах силерге кандай сонун насыйкат берет!» (Ниса, 58-аят).
Бул аяттан ишенимдүү жана билимдүү болуу — башкарууга татыктуу сапаттардын негизги шарттары экени көрүнөт.
Жыйынтыктап айтканда, саясий шахсты даярдоо — бул жөн гана техникалык иш эмес, ал руханий, идеологиялык жана саясий жараян. Мындай адамдар Ислам идеологиясын терең үйрөнүп чыгуудан тышкары, ага амал кылган, коомго жеткире алган, аны иш аракетине негиз кылган, шариатка ылайык мамлекетти өнүктүргөн жана Ислам түркүктөрүн коргоосуна алып, Үммөттү Аллах жолунда гүлдөп өстүрө алган инсандар болушу керек. Мындай инсандарсыз исламий саясий түзүм натыйжалуу иш алып бара албайт. Ошондуктан, Үммөттү кайра жандандырууну каалаган ар бир адам ушундай инсандарды тарбиялоого катышып, өзү да ошондой болууга умтулушу керек. Бул — чыныгы «рашидуун» — акыйкат жана түз жолдогу башкаруучулардын жолу.
Туркистон