Зомбулукту Ислам гана токтотот
Бишкекте балдарга карата зомбулукка байланыштуу дагы бир үрөй учурган окуя катталды. Тагырак айтканда, Бишкектин четиндеги конуштардын биринде 1-класстын окуучусу мектеп окуучулары тарабынан зордукталганы айтылып, бул маселе парламентте да көтөрүлдү. Депутаттар милиция бул маселеге кайдыгер карап жатышканын айтышып, күч органдарынын ишин сынга алышты. Ал эми, зордукталган баланын жакындары күч органдары тарабынан жетиштүү аракеттер болбогонунан улам бул окуяны ачыктоого мажбур болгонун билдирген.
Кыргызстанда мындай үрөй учурган окуялар улам-улам болуп жаткандыктан кадыресе көрүнүшкө айланып барууда. Ушундай окуялар себептүү ата-энелер өз балдарын коргоо жөнүндө ойлоп, перзенттери үчүн абдан тынчсызданып келишет. Анткени бүгүнкү капитализм өкүм сүргөн шартта балдардын зомбулукка кабылбашына эч бир кепилдик жок.
Балдардын зомбулукка кабылышына жана зомбулукка барышына көптөгөн факторлор таасир кылып жатат. Алардын негизгиси коомдогу пикир, түшүнүктөр болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө балдарды ким тарбиялап жатат, аларга ким пикирлерди берип жатат?! Балдар коомдогу пикирлерден тарбия алып, аны көбүнчө интернеттен кабыл алып жатышат. Ал эми, бүгүнкү динди жашоодон бөлгөн «светтик» коомдо инсанды бузгунчулуктан тоскон эч кандай чектөө жок. Ошондуктан адамдар күнөө деп билбегени үчүн бузуку иштерге барышат. Көргөнүн кылат дегендей, жаш балдар да коомдон таасирленип, ушундай бузгунчу иштерге барып жатышат. Туура, балдардын тарбиясына көңүл буруу керек деп жар салынып, бул жаатта иш-аракеттер көрүлүп жатса да, бирок балдардын арасындагы зомбулук жылдан жылга көбөйүп барууда. Анткени, биз динди жашоодон бөлгөн «светтик» системада жашап жатабыз. Башкача айтканда, адамдардын адеп-ахлагы, балдардын тарбиясы үчүн маанилүү болгон дин жашоодон четтетилген.
Колонизаторлордун көрсөтмөсү менен бийлик динди жашоодон четтетүү үчүн аракеттерди көрүп, мыйзамдарды кабыл алып келет. Ошондуктан мыйзам же болбосо жашоонун эрежелери жаатындагы Исламга ыктаган ар кандай иш-аракеттер кескин чектелет. Тагырак айтканда жашоодо болобобу, мыйзам чыгарууда да болобу, саясатта болобу, адал-арам өлчөөсү четке кагылат, анын эч бир кадыр-кыйматы болбойт. Мисал катары резонанс жараткан маселелерди алып көрөлү: казино, камсыздандыруу тууралуу мыйзамдар калктын каршылыгына карабай кабыл алынды. Ал эми, никабга, дааватка мусулмандардын каршылыгына карабастан тыюу салынды. Бул маселелерде адал-арам өлчөөсүнүн, башкача айтканда Исламдын эч бир орду болбоду. Тескерисинче алар «светтик» системанын негизинде жөнгө салынды. Ошондой эле «дин тутуу эркиндиги» жөнүндөгү мыйзам балдардын Исламий тарбия алуусуна чектөөлөрдү киргизүүгө жол ачат. Мисалы, балдардын мечиттерге баруусун, а түгүл ата-эне өз баласына таалим беришин да чектөөгө жол ачат.
Жогоруда айтылгандай, адамдардын, балдардын адеп-ахлагын оңдой турган бир гана нерсе бар, ал – Ислам дини. Андан башка эч бир нерсе адамды бузгунчулуктан токтото албайт. Мындан улам дин жашообузга толук кирмейинче, анын өкүмдөрү, түшүнүктөрү коомдо жайылып, ишке ашмайынча зомбулук маселеси таптакыр чечилбейт. Андыктан динди жашоодон четтетүү эмес, тескерисинче динди жашоого алып келүү керек. Балдардын жана коомдун келечеги жөнүндө кам көрүүнү кааласак, «светтик» системаны, анын пикирлерин жана түшүнүктөрүн четке кагып, Исламды кеңири жаюуга аракет кылуубуз шарт.
Харун Абдулхак