Исламдагы жамаатчылык жана саясат
Азыркы заманда мусулмандардын арасында жамаатчылыкка жана саясатка тыюу салуу керек деген пикир пайда болду. Мунун өзү да, анын кесепеттери да өтө кооптуу маселе болуп саналат. Бул пикирдин артында исламды коомдук турмуштан алыстатууга умтулган бузук адамдар турат. Бул тыюу кандай далилге таянганын карап көрсөк, ал акылга негизделген далил болуп чыгат. Башкача айтканда, партиялардын азыркы учурдагы бузулган абалына карап, ошол вакыйлыкты шариат үчүн булак кылышып, акыл менен жамаатчылыкка жана саясатка тыюу салышты. Андан кийин бул пикирлерине шариаттан далил бар деген көрүнүш жасоо үчүн аят-хадистерди бурмалап, өз максаттарына ылайык келтиришкен. Маселен, алар Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн жамаатчылыкты сындаган сөз деп айтышат:
﴿كُلُّ حِزْبٍ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ﴾
«Ар бир бөлүк өз алдыларындагы нерсе менен шат – курсант». (Рум сүрөсү, 32-аят).
Ошондой эле Пайгамбар ﷺ Хузайфа ибн аль-Яманга айткан:
«فَاعْتَزِلْ تِلْكَ الْفِرَقَ كُلَّهَا»
«Ал фиркалардын (топтордун) барынан четте бол», деген хадисин саясаттан жана партиялардан баш тартуу буйругу катары түшүндүрүшөт. Бул болсо, алар өз акыл-каалоолоруна туура келген ойду далил катары көрсөтүү үчүн аят-хадистерди зордоп бурмалаганын билдирет.
Бул ойлорду терең изилдеген адам, мусулман үммөтүнүн шаръий тарикатын өзгөртүп, фикраттан алыстатуучу бузук пикирдин артында батыштык каапыр идеология турарын түшүнөт. Бул тууралуу төмөнкүдөй түшүндүрмө келтирилет:
Аллах Таала: الَّذِينَ فَرَّقُوا دِينَهُمْ وَكَانُوا شِيَعاً
«Алар (мушриктер) диндерин бөлүп, бөлөк-бөлөк болуп алышкан», – деген, андан соң мындай деди: كُلُّ حِزْبٍ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ
«Ар бир бөлүк өз алдыларындагы нерсе менен шат – курсант». (Рум сүрөсү, 32-аят).
Бул аяттарда сындап жаткан нерсе — динден баш тарткан, акыйдасыз негизге курулган жамаатчылык. Башкача айтканда, сындын булагы туура эмес негизге курулган жамаатчылык.
Ал эми хадисте Пайгамбар ﷺ айткан: «Ал фиркалардын (топтордун) баарынан четте бол», ‐ деген сөзү — бузук топтордон, адилетсиз саясатчылардан оолак болуу буйругу. Ал хадисте: «دُعَاةٌ إِلَى أَبْوَابِ جَهَنَّمَ مَنْ أَجَابَهُمْ إِلَيْهَا قَذَفُوهُ فِيهَا»
«Тозоктун эшиктерине чакырган адамдар болот. Ким аларга жооп берсе, алар аны тозокко ыргытышат» деген. Демек, бул буйрук туура эмес партиялардан жана фасык саясатчылардан оолак болууга чакырык. Ал эми жамаатчылык же саясатты өзүнчө арам кылуу туура эмес.
Исламдагы партия жана саясат тууралуу терең иликтөө жүргүзгөндө төмөнкүдөй тыянак чыгат: жамаатчылык табигый көрүнүш. Анткени адамдар өз муктаждыктарын кандырууга умтулат жана ар ким өз ишенимине ылайык кандыруу жолун туура деп эсептейт. Мунун негизинде адамдар пикирлеринде бөлүнүшүп, бири-бирине каршы көз караштарды карманган топтор пайда болот. Араб тилинде «хизб – партия» деген сөз — бир пикирди карманган адамдар тобу дегенди билдирет.
Ислам жамаатчылыкка тыюу салган эмес, тескерисинче аны акыйдага негизделип курулушун талап кылган. Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
«Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буйура турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар». (Али Имран сүрөсү, 104-аят).
Бул Исламдын негизинде курулган, адамдарды Исламга жана анын акыйда-ахкамдарына чакырган партия болууга чакырык. Мындай хизб Аллахтын хизби. Ал эми Исламга каршы, же шариатка жат пикирлерди жайылтуучу партиялар — шайтандын кооздолгон жолдору менен адамдарды алдаган батыл партиялар болуп эсептелет. Ошентип, Ислам хизбдерге баа берүүдө алардын негизделген булагына карайт жана аларды жалаң гана “хизб” болгону үчүн арам деп айтуу негизсиз болуп саналат. Жамаатчылыкка тыюу салган пикирлердин жалган экенине далил Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:
﴿أَيُّ الْحِزْبَيْنِ أَحْصَى لِمَا لَبِثُوا﴾
«Андан соң (алардын ичинде канча уктагандары жөнүндө тартыша турган) эки топтон кайсы бири турган мөөнөттөрүн (туура) эсептегенин билүү үчүн аларды ойготтук».
Эгерде жамаатчылык өзү эле арам болгондо, Аллах Таала бул эки топту حزبين) эки топту) сындамак, алардын мазмунуна карабай, «жамаат» болгону үчүн күнөөлөмөк. Андай болсо, чындыктын үстүндө турган партия да арам болуп калмак. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Исламдагы буйрук же тыюу партиянын көтөргөн пикирине, чакырыгына жана иш-аракеттерине карата берилет. Жөн гана «партия» болгондугу үчүн эмес.
Ошол сыяктуу эле саясат маселесинде да баа берүү саясатчынын көтөргөн идеясына жана колдонгон ыкмасына жараша болот. Эгерде бир саясатчы элди динден бөлүнгөн түзүм — секуляризм негизинде башкарса, анда бул иш арам болуп, ал саясатчыны жана анын жолун жолдогондор Аллахтын каарына жана азабына дуушар болот. Тескерисинче, эгерде саясат Аллахтын буйруктары негизинде, жакшылыкка (маъруфка) чакыруу менен жүргүзүлсө, бул пайгамбарлардын ﷺ тарикаты болот. Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الْأَنْبِيَاءُ»
«Исраил уулдарын пайгамбарлар башкарып турушкан», б.а. аларды Аллахтын өкүмдөрү менен башкарышкан.
Демек, саясат — элди башкаруу, кам көрүү иши болуп саналат. Ал эми Исламдагы саясат — адамдардын турмуш иштери менен ислам акыйдасы негизинде кам көрүү. Бүгүнкү жалганчы жана бузук саясатчылардын бузук иштери саясатты арам кылуу үчүн жүйө эмес. Себеби, алардын бузук иштери Исламда адамдарды камкордукка алуу милдетин таштап коюунун жүйөсү боло албайт. Биздин милдет Ислам өкүмдөрүн колдонуу аркылуу коомго кам көрүү болуп саналат.
Жыйынтыктап айтканда, жамаатчылык жана саясатты арам деп эсептөө, опурталдуу жана жаман пикир. Бул пикирдин артында каапыр жетекчилер турат. Бул пикир эки негизги максатка багытталган:
Биринчиси, мусулмандарды Исламды жашоого алып келүү жолунда уюшкан партиялык иш-аракеттен алыстатуу. Себеби, Исламды кайра турмушка алып келүү иши пайгамбар ﷺ чакыргандай, жамааттык, партиялык жана уюшкан иш-аракет аркылуу гана ишке ашат.
Экинчиси, динди саясаттан жана коомго кам көрүүдөн бөлүү. Муну менен алар Исламды ибадаттар менен гана чектелген дин катары көрсөтүп, башкаруу жана саясат иштерин адамдардын каалоосуна негизделген мыйзам чыгарууга калтырууну каалашат. Натыйжада, бүгүнкүдөй улутчулдук жана улуттук негиздерге таянган, адамдарды бөлүп-жарган, демократия деген ат менен ахлакый жана экономикалык башаламандыкты жайылткан башкаруучулар бийликте калууда.
Бирок биз алардын кабыл алынгыс каалоолоруна ээрчип, майданды аларга таштап койбойбуз. Биз улуу үммөтпүз. Адамдарды Исламдын системалары, идеялары жана өкүмдөрү менен башкаруу үчүн чыгарылган үммөтпүз. Бул үммөт үчүн тарыхый жана тагдыр чечүүчү маселе — убада кылынган Халифалык мамлекетин кайра тикелөө. Биздин улуу максатыбыз Исламий жашоону кайра баштоо жана Ислам рисаласын дүйнөгө даъват жана жихад жолу менен алып чыгуу.
Кудайдын уруксаты менен бул күн жакын! Мына ушунун негизинде, Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө жооп кылып, Хизб ут-Тахрир — исламий саясий партия катары түзүлгөн:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
«Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар». (Али Имран сүрөсү, 104-аят).
Анын негизи — Ислам, иши — саясат. Ал үммөт менен чогуу жана анын арасында иш жүргүзүп, Халифалык мамлекетин кайра тикелөө максаты менен аракет кылат.
Бул партиянын исламий жамаат экени 1372 х. / 1953-ж. негизделгенден бери көтөрүп келген пикирлеринен жана ой-жүгүртүүсүнөн көрүнүп турат. Ал эми, мабдаий партия экени — анын көтөргөн идеясы (Халифалыкты кайра орнотуу) жана бул идеяны турмушка ашыруу жолу Пайгамбар ﷺ Мадинадагы Ислам мамлекетин кандай тарикат менен курган болсо, дал ошол шаръий тарикатты тутунушунан билинет.
Ал эми саясат анын иши экендиги, анын ишмердүүлүгүндө ачык көрүнөт. Хизб ут-Тахрир адилетсиздикке каршы чындыкты тайманбай айтуу менен, бузулган идеяларды ачып көрсөтүп, Ислам чакырган туура түшүнүктөрдү, башкаруу, экономика, билим берүү жана коомдук түзүлүш тууралуу Исламдын пикирлерин жана түзүмдөрүн даана баяндап келет. Бул түшүндүрмөлөр анын жазган китептеринде жана Халифалык мамлекетинин конституция долбоорунда, башкаруу түзүмдөрүндө кеңири баяндалган. Акыйкатты издеген ар бир киши бул китептерден кабардар.
Роя гезити
Устаз Рамзи Ражих