Франция президентинин Түштүк-Чыгыш Азияга сапары жана жумшак дипломатия саясаты
Франция президенти Эммануэл Макрондун Түштүк-Чыгыш Азияга (Вьетнам, Индонезия, Сингапур) 2025-жылдын 25–30-май күндөрү болгон сапары Франциянын «Инд жана Тынч океандарына багыт алуу» стратегиясынын алкагында өттү. Бул стратегия расмий түрдө 2018-жылы аймактагы геосаясий өзгөрүүлөргө жооп иретинде кабыл алынган. Маселен, Францияны четке каккан жана Австралия менен болгон суу алдындагы кайыктар боюнча келишимди жоготууга алып келген «АУКУС» келишими, ошондой эле бул аймактагы маанилүү экономикалык блок болуп саналган «АСЕАН» биримдиги сыяктуу жагдайлар Парижди өзүнүн экономикалык, аскерий жана саясий кызыкчылыктарын камсыздаган жана бул аймактагы геосаясий таасирин күчөткөн стратегияны кайра карап чыгууга мажбур кылган. Анткени бул аймак АКШ менен Кытайдын ортосундагы эл аралык атаандаштыктын борбору болуп эсептелет. Айрыкча Трамп бийликке келип, аймактагы өлкөлөрдү соода согушу менен коркуткандан кийин, Париж бул стратегияны активдештирүү жана өзүнүн таасирин бекемдөө үчүн эң ылайыктуу учур келди деп эсептейт.
Түштүк-Чыгыш Азия — Инд жана Тынч океандар аймагындагы өлкөлөр стратегиялык жайгашуусу, экономикалык ресурстары жана Индонезия сыяктуу калкынын көпчүлүгү мусулмандар болгон өлкөлөр бул үч державанын атаандаштык майданы болуп эсептелет. Тагыраагы, АКШ (АУКУС жана Куад сыяктуу альянстар), Кытай («Бир куур, бир жол» демилгеси аркылуу) жана Франция үчүн бул аймак негизги атаандаштык талаа болуп саналат. Франция бул атаандаштыкта АКШ менен Кытайдын ортосундагы альтернативдүү үчүнчү багытты сунуштоого аракет кылууда. Бул «тең салмактуу күч» саясаты катары белгилүү жана жумшак дипломатия аркылуу жүргүзүлөт, тагыраагы, экономикалык жана аскерий альтернативдүү өнөктөштүктөрдү түзүү аркылуу. Бул өзгөчө Британиянын Европа Биримдигинен чыгышынан кийин жана Франциянын Африкадагы таасири АКШнын басымынын натыйжасында азайган учурга туура келүүдө.
Макрон өзүнүн сапарын Франциянын мурдагы колониясы жана ондогон жылдар бою стратегиялык өнөктөшү болуп келген Вьетнамдан баштады. Ал 2025-жылдын 26-май күнү өлкө президенти Лонг Конг жана Коммунисттик партиянын баш катчысы То Лам менен жолукту. Сапардын негизги темасы, таза энергия жана инфраструктура тармактарында кызматташуу болду.
Андан соң ал Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири экономика жана АСЕАН уюмунун негиздөөчү мүчөсү болгон Жакарта шаарына өттү. Ал жерде 2025-жылдын 29-май күнү Франциянын аскердик ордени менен сыйланган Индонезиянын коргоо министри Прабово Субианто менен Магеланг шаарындагы Аскер академиясында өткөн расмий аскердик иш-чарада жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө курал-жарак келишимдери жана биргелешкен аскер-деңиз машыгуулары талкууланды. Ошондой эле, Индонезия менен яхудий түзүмү жана Палестина администрациясынын бири-бирин таануу маселеси талкууланды. Бул июнь айында Франция жана Саудия демилгеси менен өтө турган эл аралык жыйынга даярдык катары белгиленди.
Сапардын соңку бөлүгү 2025-жылдын 30-май күнү Сингапурда болуп өттү. Ал жерде Макрон Шангри-Ла коопсуздук форумунун ачылышында сөз сүйлөп, эгер Кытай Тайванды көзөмөлүнө алса, бул аймак жаңы Украинага айланышы мүмкүн экенин эскертти жана аскерий чыңалуудан оолак болууга чакырды. Ошондой эле, Палестина мамлекетин таануу “ахлакый милдет жана саясий зарылчылык” экенин билдирди. Бирок бул шарттар менен гана болушу керектигин баса белгиледи. Маселен, ХАМАС кыймылын куралсыздандыруу жана аны бийликтен четтетүү. Мындан сырткары, Сингапур менен киберкоопсуздук жана жасалма интеллект тармагында технологиялык кызматташуулар талкууланды.
Баса белгилей кетчү жагдай, Макрон 2025-жылдын 22-май күнү Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен телефондо сүйлөшүп, эл аралык соода эрежелерин коргоо жана атаандаштыкта бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу зарылдыгын айткан. Бул АКШ президенти Трамптын Кытай жана Европага карата бажы төлөмдөрүн киргизүү менен коркутууларына жооп болчу. Башкача айтканда, эгер Трамп соода согуштарын уланта берсе, Франция Кытай менен кызматташууга даяр экенин билдирүүдө. Ошону менен бирге Франция бул аймактагы өлкөлөргө өзүн ишенимдүү өнөктөш катары сунуштап жатат. Макрон мындай деген: “…Бул — Вьетнам менен Франциянын, АСЕАН менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилени жаңыча, амбициялуу этапка чыгаруу каалоосу”.
Франция аймактагы өлкөлөр менен көптөгөн келишимдерге жетишип, Индонезиядагы акыркы аскерий машыгууларга катышып, бул өлкөлөрдү коргоого катышуучу тарап болууга умтулганы менен, бул келишимдер соода жана коопсуздук тармагынан ашпайт. Алар АКШнын саясий таасирине эч кандай олуттуу таасир этпейт.
АКШ бул өлкөлөрдү бекем көзөмөлдөп турат жана Индонезия менен стратегиялык өнөктөштүк мамилеге ээ. Ал бул аркылуу Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин биримдиги болгон «АСЕАН» уюмуна болгон таасирин күчөтүүгө умтулат. Анткени бул уюмда АКШнын түз көзөмөлүндө болбогон өлкөлөр да бар. АКШ бул уюмду Кытайга каршы колдонууга же ага таасир этүүгө аракет кылууда. Бул болсо Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги үстөмдүгүн орнотуусуна тоскоол болуу үчүн жасалууда.
Макрондун Түштүк-Чыгыш Азияга болгон сапары Франциянын дүйнөлүк таасирдүү держава катары өз образын кайра куруу аракети болуп саналат. Бул Африкадагы таасири төмөндөшүнөн улам ордун толтуруу жана көп уюлдуу дүйнөлүк түзүлүштөгү ролун бекемдөө ниетин чагылдырат. Франция бул жерде АКШ менен Кытайдын ортосундагы чыңалууну өз пайдасына пайдаланууга аракет кылууда. Бирок Франция жана анын артында турган Европа сунуштап жаткан «үчүнчү жол» деп аталган багыт күчтөр тең салмагына жетүү, эл аралык аренада өзүнө таасир түзүү жана кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу максаттарга жеткире албайт. Макрон жүргүзүп жаткан жумшак дипломатия саясаты Франциянын жана Европанын эл аралык аренадагы абалын ого бетер алсыратат. АКШ менен болгондой күчтүү жана натыйжалуу коркутуу саясаты болмоюнча, ийгиликке жетүү мүмкүн эмес.
Бүгүнкү дүйнө державаларынын ортосундагы чыңалуу, атаандаштык жана мындан келип чыккан күрөш дүйнө жүзүндө чыныгы туруктуулук алып келе турган жаңы эл аралык күчтөрдүн жаралышына шарт түзөт. Булар адамзатка бүгүнкү кандуу жаңжалдардан кутулууга өбөлгө боло турган жаңы ой-жүгүртүү жана башкаруу системасын сунуштай алат. Айрыкча дүйнөдөгү биринчи держава болгон АКШнын ички түзүлүшү ичинен чирип жатканы, анын кайрадан көтөрүлүшүнүн эч кандай белгиси жоктугу, тескерисинче бардык багыттар боюнча артка кетип жатканы буга далил. Ал эми бул өлкөнүн урап түшүшүн кечеңдетип жаткан бирден бир нерсе — 1990-жылы Советтер Союзу кыйраган соң эл аралык аренада ага тең келе турган атаандаш күчтүн жоктугу. Бул болсо стратегиялык боштукту толтуруп, жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүчү Халифалык мамлекетинин тикелениши качып кутулгус экенин тастыктайт. Халифалык гана дүйнөгө адилеттүүлүк жана тынчтык алып келет.
Роя гезити
Доктор Асъад ал-Ажили