Басма сөз баянаты
Пайгамбарлык минхажындагы рошид Халифалык гана мамлекетке параллелдүү армиялардын көбөйүшүн токтото алат
Тамантай конференциясында Чыгыш Судан кыймылдарынын биргелешкен аскерий альянсы жарыяланды. Ага бирдиктүү жетекчиликке ээ болгон Бежа конференциясынын күчтөрү (жетекчиси Мухаммад Тахир), Чыгыш полкунун күчтөрү (жетекчиси Амин Дауд), элдик каршылык кыймылы жана көтөрүлгөн эл (жетекчиси Назир Түрк) кирет. Бул жарыя согуш жүрүп жаткан учурда болду. Ал согуш болсо, мамлекет армиясынан тышкаркы кошумча күч «Ыкчам жардам» күчтөрү болбогондо чыкмак эмес. Бул согуш эгин менен чөптү күйгүздү, инфраструктураны талкалады, элди жер котортту, ар-намыстар тепселенип, миңдеген куралсыз бейкүнөө адамдар канга боёлуп өлтүрүлдү.
Мындай кайгылуу окуялардан кийин да, өкмөт жаңы аскерий түзүмдөрдүн пайда болушуна көз жумуп, айрымдарын колдонууда. Бул болсо ар кимге өзүнчө параллелдүү армия түзүүгө түрткү берүүдө. Эң кейиштүүсү бул армиялардын баары тектүү же аймактык желектердин алдында түзүлүп жатат. Алардын бар болушу – өлкөнү кыйратып, кубатын жоготуп, бөлүнүп-жарылууга даяр болушун билдирет. Бул колонизатор каапыр Батыштын максаты, ал мурда Түштүк Суданды бөлүп алгандай, азыр Дарфурду бөлүүгө тырышууда.
Чыгыш Судандагы «биргелешкен күчтөр» деп аталган аймактык аскерлер тууралуу сөз болуусу – бул аймакты бөлүнүүгө түртөт. Шарият негизинде караганда, мамлекетте эки армия болушу туура эмес. Андан да жаманы – армиялардын тек же аймактык негизде курулушу мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«وَمَنْ قَاتَلَ تَحْتَ رَايَةٍ عِمِّيَّةٍ، يَغْضَبُ لِعَصَبَةٍ، أَوْ يَدْعُو إِلَى عَصَبَةٍ، أَوْ يَنْصُرُ عَصَبَةً، فَقُتِلَ، فَقِتْلَةٌ جَاهِلِيَّةٌ»
«Кимде ким көзү байланышкан (текчилик же улутчулдук) желектин алдында согушса, же текчилдикке чакырса же тек үчүн жардам берсе, жана ошол согушта өлсө – анын өлүмү жахилият өлүмү болот».
Хизб ут-Тахрир Халифалык мамлекетинин Конституция долбоорунун 66-беренесинде мындай деп айтат: «Армия толугу менен бирдиктүү армия болуп түзүлөт, атайын лагерлерге жайгаштырылат. Бул лагерлердин айрымдары ар башка вилаяттарга, айрымдары стратегиялык жерлерге жайгаштырылат. Айрымдары дайыма көчүп жүрүүчү сокку уруучу күчтөр болот. Бул лагерлер ар кандай топторго бөлүнөт, ар бирине “армия” деген аталыш берилет, мисалы: биринчи армия, үчүнчү армия же бир вилаят же аймактын аты менен аталат».
Биз Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты катары белгилеп кетебиз: куралдуу кыймылдарды, уруу же аймактык мүнөздөгү милицияларды түзүү – Суданды бөлүп-жарып, талкалоону көздөгөн колонизатор каапырдын планынан башка эч нерсеге кызмат кылбайт. Ошондуктан, биз Судан элинин акылман инсандарын колонизатор каапырлардын жана алардын ичиндеги жалданмаларынын пландарын бууп токтотууга чакырабыз. Бул үчүн, элди алдабаган жол башчы Хизб ут-Тахрир менен бирге, Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты кайра тикелөө ишинде олуттуу аракет кылуу зарыл. Мына ошол Халифалык өлкөнү бириктирет, бул башаламандыктын баарына чек коёт, жана муну менен эле чектелбестен, мусулмандардын калган аймактары менен да биригүүгө умтулат.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал сүрөсү, 24-аят).
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмү
12.06.2025