Иорданиядагы НАТО кеңсеси – колонизатор кызыкчылыктарына кызмат кылуу жана өлкөнү багынтуу

59
0

Басма сөз баянаты

Иорданиядагы НАТО кеңсеси колонизатор кызыкчылыктарына кызмат кылуу жана өлкөнү багынтуу

2025-жыл, 12-июнь, бейшемби күнү Брюсселде Иордания менен Түндүк Атлантика Альянсы (НАТО) Амман шаарында Альянстын дипломатиялык байланыш кеңсесин жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюшту. Иордания тараптан НАТОдогу туруктуу өкүл элчи Юсуф аль-Батаина, ал эми Альянс тараптан түштүк коңшу өлкөлөр боюнча атайын өкүл Хавиер Коломина кол койду. Ал Иордания менен болгон өзгөчө мамилелерди мактап, кеңсени кабыл алганы жана аймактагы маанилүү ролу үчүн Иорданияны жогору баалады. Иордания НАТО менен көп багыттуу ишенимдүү өнөктөш катары сыпатталды.

2025-жылдын 4-майында премьер-министр Жаафар Хассан жетектеген Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынган мурдагы чечимге ылайык, Түндүк Атлантика Альянсы менен келишимге макул болуу Иордания мамлекетинин кызыкчылыктарына туура келери жана НАТОго караштуу байланыш кеңсесинин ачылышы өлкөнүн багытына шайкеш экени айтылган. Бул чечимдин негизинде Иорданияны эл аралык жана регионалдык уюмдардын борборуна айлантуу максаты да белгиленген.

2024-жылы Вашингтондо өткөн НАТО саммитинде Альянс Иорданияда байланыш кеңсесин ачуу чечимин кабыл алган. Бул кеңсе региондо биринчи болуп саналат. Ошол маалда Иорданиянын Тышкы иштер жана миграция министрилиги бул чечимди Иордания менен Альянстын терең стратегиялык өнөктөштүгүнүн бурулуш учуру катары баалап, өлкөнүн чекараларын ашкан коркунучтарын атап, терроризм жана радикализм менен күрөшүүдөгү тажрыйбасын мактаган.

Бул эл аралык аскерий альянс Америка менен Европанын жетекчилиги алдында Батыштын үстөмдүгүн, кеңейишин жана колонизатордук башкаруусун улантуу үчүн түзүлгөн. Ал дүйнө жүзүндө бүтпөс согуштарга жана чыңалууга себеп болгон жергиликтүү жана регионалдык жаңжалдарды тутанткан. Бул альянс Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1949-жылы, 12 негиздөөчү мамлекет тарабынан Советтер Союзунун коркунучуна каршы Европа өлкөлөрүн коргоо максатында түзүлгөн. Бирок, Советтер Союзу кулап, Варшава келишими жок болгондон кийин НАТО да тарашы керек эле. Тескерисинче, Америка аны улантууга жан үрөп, Батыш өлкөлөрүн, өзгөчө Европа Биримдигин көзөмөлдөө, ошондой эле башка мамлекеттерге каршы курал катары колдонуу максатында сактап калды. Аны улантууга шылтоо катары “терроризмге каршы күрөш”, башкача айтканда, Исламга каршы күрөш деген жүйөлөрдү ойлоп тапты.

НАТО аймактык топтор менен (Жакынкы Чыгыш келишимдери, Истамбул альянсы сыяктуу) келишимдерди түзүп, өзүнө шериктештерди тарта баштады. Жада калса, Иордания сыяктуу айрым мамлекеттер менен өзүнчө “өткөн деңгээлдеги өнөктөштөрдү” түзүп, өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарына жетишүүдө. Натыйжада НАТО Америка үчүн колонизатордук куралга айланды.

Ал эми Аммандагы НАТО кеңсесинин ролу тууралуу Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг: «Иордания – НАТО үчүн узак мөөнөттүү жана жогорку баалуу өнөктөш» деп белгиледи. Ошондой эле өткөн НАТО саммитинин алкагында Jordan News агенттигине берген маегинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин аймактык өкүлү Сэм Уорберг: «Америка Иорданиянын аймактагы туруктуулукка кошкон маанилүү салымын жогору баалайт», — деп билдирди. Бул билдирүүлөрдөн НАТО менен АКШнын расмийлери Иордания режиминин өзүнө жүктөлгөн ролду аткарып жатканын моюндашканы айкын болот. Башынан эле Иордания режими Батыштын колонизатордук кызыкчылыктарын, өзгөчө Британия, андан соң АКШ менен Европанын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн, яхудий түзүмүн бекемдөө жана анын сакталышын камсыз кылуу үчүн кызмат кылып келген функциялык түзүм болуп келген.

Иорданиянын Газадагы мусулмандарга жардам көрсөтүүдөн баш тартышы, бул көз карандылыктын жана кызмат кылуунун ачык мисалы. Мына ушунун негизинде НАТО үчүн байланыш кеңсесин ачып берүү аркылуу Иордания өз ресурстарын жана эл-жерин кафир колонизаторго кызмат кылдыруу жолуна түшүп жатат. Бул болсо үммөттүн өз Исламий мамлекети, туура жолдогу Халифалыкты тикелөө аркылуу ойгонуу долбоорун ишке ашыруусуна тоскоол болуу аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Иордания режими Америка менен орток коргонуу келишими менен эле токтоп калбастан, ага жана Европага аскерий базаларды куруп берип, миңдеген аскерин өз жеринде жайгаштырууга уруксат берди. Булардын баарынын максаты яхудий түзүмүн жана Батыштын колонизатордук кызыкчылыктарын коргоо. НАТО үчүн байланыш кеңсесинин ачылышы да дал ушул максаттарга т.а. үстөмдүк жана башкаруу саясатын бекемдөөгө, Иорданиянын коопсуздук, аскер, логистика жана кибер потенциалын Батыштын кызматына пайдаланууга багытталган. Бул аркылуу Америка өзүнүн дүйнөлүк үстөмдүк үчүн жүргүзгөн согуштарына бош убакыт табат.

Режим Иорданияны коркунучтун чордонунда калтырып, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана куралдуу күчтөрүн өз душмандарын коргоо үчүн, Исламга жана анын даъватчыларына каршы согушка арнады. Ал адамдардын оозун жапты, анын жүзүн ашкерелегендерди камап, куугунтуктап, кыйнады. Ошондой эле элге белгилүү болгон саткындарды өзүнүн кызматын жана жийиркеничтүү иштерин кооздоо үчүн пайдаланууда.

Аскерий альянстар, анын ичинде акыркысы мусулмандардын жеринде ачылган НАТО кеңсеси аркылуу жүргүзүлүп жаткан коопсуздук жана кибер кызматташтык, «Арстан ойгонду» деген аталыштагы машыгуулар (беш жылдан ашуун убакыттан бери Иорданияда өткөрүлүп келет), жана аскер базалары, аэропорттор, порттор боюнча түзүлгөн келишимдер — булардын баары каапыр мамлекеттерге тажрыйба берип, натыйжасы мусулмандардын канына, өмүрүнө жана ар-намысына зыян келтирет. Муну менен кафир мамлекеттер Ислам жери үстүнөн бийлик жүргүзүп, мусулмандардын жеринде өз үстөмдүгүн орнотушат. Бул болсо шарият боюнча арам, анткени бул мусулман үстүнөн каапырдын бийлик жүргүзүшүнө жол ачат.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса сүрөсү, 141-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү

13.06.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here