“Борбор Азия – Кытай” саммити: региондогу таасир талаш
17-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында экинчи ирет “Борбор Азия – Кытай” саммити болуп өттү. Саммиттин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде өнөр жай, соода-экономика, жашыл минералдар, темир жол, экспресс каттамдары, бажы тармагы, жүк өткөрүүнү жеңилдетүү боюнча меморандумдар бар.
Саммиттин алкагында “Борбор Азия – Кытай” бизнес-форуму өтүп, жалпы 25 млрд долларлык көлөмдө 58 келишим түзүлдү. Кытайдын Соода министринин ырасташынча, Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы соода байланыш 2024-жылы 94,8 миллиард доллардан ашты. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 5,4 миллиардга көптүк кылат. Кытай региндогу өлкөлөрдүн тышкы соода алакасынын 40 пайызын ээлейт. Учурда Кытай менен региондогу өлкөлөрдүн арасында “Бир алкак – бир куур” долбоорунун алкагында бир катар долбоорлор ишке ашууда. Алардын бири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору болуп эсептелет. Анын курулушуна 4,665 млрд доллар сарпталары айтылган. Темир жол курулса, региондогу өлкөлөрдүн Европага жүк жеткирүүсү 900 чакырымга кыскарат. Мындан тышкары, Өзбекстандын Сырдарыясында 1 млрд долларга бааланган кубаттуулугу 1 500 мегаваттык газ электрстанциясы курулуп жатат. О.э Кытай компаниялары региондогу негизги кен-байлыктарды казуу лицензиясын алган. Өткөн жылы регион аркылуу Кытайдын Европага экспорту 12% өсүп, 211 миң контейнерге жеткен.
Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жалпы Ички дүң өндүрүшү 500 млрд долларга жетет. Региондо урандын дүйнөлүк запасынын 20%ы, мунайдын 17%ы, жаратылыш газынын 7%ы жана сейрек кездешүүчү металлдардын үлкөн запасы бар.
Мындай стратегиялык мааниге ээ ресурстар Кытайдын эле эмес, дүйнөдөгү бардык колонизаторлордун көзүн кызартып жатканы талашсыз. Айрыкча, акыркы жылдардагы эл аралык майдандагы таасир талаш, Трамп башында турган Американын текебер саясаты ресурстар үчүн күрөштү дагы да күчөттү. Ушул жерде белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин колонизаторлор региондогу мамлекеттер менен өз-өзүнчө мамиле түзүп, таасирин өткөрүүгө аракет кылып келсе, учурдагы ресурстар үчүн күрөш регионду бир бүтүн кароого мажбур кылып жатат. Мындан улам, регион менен бир катар ири мамлекеттердин арасында “Борбор Азия + 1” форматындагы саммиттер уюштурулуп келе жатат.
Алардын алгачкысы болуп “Борбор Азия – Америка” саммити 2015-жылы Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде түзүлгөн. Кийин Байдендин учурунда президенттердин деңгээлине көтөрүлдү. Америка С5+1 саммиттери аркылуу терроризмге каршы күрөшүү, ишкерликтеги атаандаштык, транспорт коридорун түзүү, энергетика жана аймактык кызматташтык долбоорлорун талкуулап келет. Бул долбоорлор аркылуу аймакты Орусия таасиринен узакташтырып, Кытайга каршы турууга аракет кылат. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия, Түштүк Корея жана Япония саммиттери да уюштурулган. Белгилүү болгондой, АКШ Түштүк Корея, Япония жана Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, бул саммиттер аталган өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат. Ошондой эле, Америка Булуңдагы бай араб мамлекеттер менен Борбор Азия ортосунда саммиттерди уюштуруу аркылуу аймактын экономикалык муктаждыгынан пайдаланып, өз таасирин кеңейтүүгө аракет кылып келет.
Мындан тышкары, АКШ регион мамлекеттерин экономикалык жактан “ТАПИ”, “CASA-1000”, “Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жол долбоорлору аркылуу өзүнө байлап алууга урунуп жатат. Ошондой эле, Түркия башчылыгындагы “Түрк мамлекеттер уюму” аркылуу өз таасирин бекемдөөгө аракет кылып келүүдө.
Ал эми, Европа биримдиги менен Борбор Азия ортосундагы саммиттер 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Европа биримдиги Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын 2019-жылы кабыл алган. Анын стратегиясында аймакка инвестиция аркылуу экономикалык таасирин күчөтүүдөн баштап студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоого чейин каралган. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө Евро Биримдиктин саясий таасири алсыз болсо да, инвестиция жана соода байланыштар аркылуу экономикалык таасирин кеңейтүүдө.
Европа үчүн да Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү металдар жана стратегиялык жолдор зор мааниге ээ. Ошондуктан, быйыл 2025-жылы Европа Биримдигинин жетекчилери менен Борбор Азия жетекчилери Өзбекстанда алгачкы жолу «Евро Биримдик – Борбор Азия» саммитинде чогулушту. Жолугушууда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мындай деди: «Биз Борбор Азияны Европа менен Азияны байланыштырып турган туруктуу жана экологиялык таза транспорттук байланыштардын негизги түйүнү катары карайбыз».
Буга кошумча, Европадагы айрым лидер мамлекеттер Борбор Азия менен өз алдынча да саммиттерди өткөрүүдө. Маселен, Борбор Азия – Германия” ортосунда 2023-жылы алгачкы жолу саммит өткөрүлгөн. Германия жалпысынан регионго 70 млрд долларлык инвестиция жаткырган. Анын негизги бөлүгү Казакстандагы минералдык ресурстарга салынган. Мындан тышкары, Германия Транскаспий транспорттук коридору боюнча кызматташууга кызыктар. “Ортоңку коридор” деп аталган долбоор Кытай, Борбор Азия жана Европаны Казакстан аркылуу туташтырат. Аталган долбоорго немис бийлиги 10 млрд евро бөлүүгө макулдук берген.
Германиянын артынан 2025-жылдын 30-майында Казакстанда биринчи ирет “Борбор Азия – Италия” саммити өткөрүлдү. Саммиттин алкагында региондогу өлкөлөр менен Италиянын ортосунда бир катар инвестициялык долбоорлорго кол коюлду.
Ал эми, Британия Тышкы иштер министри өткөн жылы расмий сапар менен Борбор Азияга келип, өлкө жетекчилери менен миллиарддаган долларлык келишимдерди түзүп кеткен.
Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз алдынча да консультативдик жолугушуусу бар. Демек, булардын баары колонизаторлор регионду бир бүтүндүк катары карап, ресурстарга толук ээ болууну самап жатканынан кабар берет. Ал эми, аймакты салттуу эгинзары катары караган Россия, региондогу өлкөлөргө башка колонизаторлордун кирип келишин, айрыкча, Батыш өлкөлөрүнүн таасири артышын каалабайт. Ошондуктан, Орусия аймактагы таасирин бекем кармап калуу үчүн өткөн жылы “С5 – Россия” саммитин уюштурган. Бул платформа аркылуу Орусия негизинен Батыштын аймактагы таасири артышына каршы турууга аракет кылмакчы. Ал эми, Кытайдын аймактагы таасири артышына каршы күрөшүүгө кубаты калбагандыктан, аны менен соодалашууга мажбур абалда. Буга карабастан, Россиянын Украинадагы согуш себептүү аймактагы таасири басаңдап, ордун Кытайга бошотуп барууда. Маселен, Россиянын региондогу өлкөлөр менен соода байланышы 2024-жылы дээрлик 70 млрд долларга чамалады. Ал эми Кытай менен региондун ортосундагы соода алака 94 млрд долларга жетти. Ошондой эле, аймакта активдүү ишке ашырылып жаткан долбоорлорго да Кытай ээлик кылууда.
Булардын каршысында, аймактагы жетекчилер жана жалпы коом эске алышы зарыл болгон фактор бар. Бул Ислам жана анын аймакта изин калтырып, бүгүнкү күнгө чейин мусулмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Халифалык мамлекети. Борбор Азия ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү болуп келген. Тарых көрсөткөндөй, ушул жерлерде каапырлардын уйкусун бузган белгилүү окумуштуулар жана таанымал аскер башчылар туулуп өскөн. Мына ушул баатырлардын урпактары 1990-жылдардын башында, коммунисттик режим кулаганынан кийин бийликке келген жетекчилерден Исламдын негизинде башкарууну талап кылышты. Андан бери да талап кылып келишүүдө. Айрыкча, учурда болуп жаткан Жакынкы Чыгыштагы окуялар аймактагы мусулман калктардын туйгусун козгоп, пикирин Исламды турмушка ашыруу багытына жетелеп жатат.
Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия колонизаторлор үчүн ресурска ээ болуу жана аймактагы таасирин бекемдөөчү майданга айланып барууда. Ал эми, мусулмандар аларга каршы өз динин бекем кармап, заалимдердин зулумдугунан коркпостон даават жүгүн көтөрүп чыгышууда. Калк арасынан чыккан дааватчылар дин жолунда заалимдердин абактарында шахиддик даражасына жетишти. Калгандары болсо бул жолдо шахиддикке ынтызар. Андыктан, бул жерлер иншаллах, жакын арада пайгамбарлык минхаажы негизинде башкарыла турган Халифалык мамлекетинин бир бөлүгүнө айланат жана Аллахтын каалоосу менен колонизаторлорго каршы күрөштө маанилүү чекит болуп берет. Аллах Таала айтат:
لِلَّهِ الْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
«Иш мурда да, кийин да Аллахтын эркинде болот. Ошол күнү момундар кубанышат. Ал Өзү кимге кааласа жардам берет, Ал – Ызааттуу, Мээримдүү.» (30:4,5).
Мумтаз Маверанахрий