Кинана армиясынын намысы кайда?!

72
0

Басма сөз баянаты

Кинана армиясынын намысы кайда?!

Газа элине карата кыргын-сүргүн күч алган, мазлумдардын бут алдындагы жер от болуп жанып жаткан маалда, америкалык маалымат каражаттары Кинана жеринен чыккан мусулман жаш жигит Мухаммад Сабри Сулайман тууралуу кабарларды башкы орунга чыгарды. Анын айыбы АКШдагы яхудий түзүмүн колдогон демонстрацияга каршы “Палестинага эркиндик!” деп кыйкырып, күйдүргүч бөтөлкөлөрдү ыргытканы болду. Каражаттар жана ыкмалар талкууланса да, бул окуянын өзөгүн көз жаздымда калтырбоо керек. Океандын ары жагынан чыккан мусулман жигит үммөтүнүн кайгысын жана сарсанаасын көтөрө албай, болуп жаткан окуяларга карата унчукпай коюу менен араб дүйнөсүнүн саткынчылыгына каршы өзүнүн жолу менен каршылык көрсөттү.

Бул окуя жөн гана бир адамдын аракетинен турбайт, бул — үммөт ичиндеги намыстын кыйкырыгы. Бул зулумга каршы армиясы да, башкаруучусу да үн катпаган үммөттүн абалын ачыкка чыгарган каршылык. Бул жигиттин кылганы мусулман адамдын жүрөгүнөн чыккан, зулумду көрүп, унчукпай турууну ниети да, акыйдасы да, намысы да көтөрө албаган эркиндик кыйкырыгы.

Муну менен катар, араб режимдеринин, айрыкча Мисир режиминин беткаптары ачылууда. Алар өздөрүнүн саткынчылыгын улантып, Газаны курчоого алуу менен чектеш өткөрмө жолдорун жаап, жардам жеткирүүгө тыюу салып жатышат. Муну менен токтоп калбастан, яхудий түзүмүнө газ сатып берип, алар менен коопсуздук жана саясий багытта кызматташып жатышат. Бул саткынчылык чектен чыгып, диний жана маалымат каражаттары аркылуу үммөттүн аң-сезимин бурмалоо деңгээлине жетти. Тактап айтканда, сарай аалымдары унчукпоону актаганга аракет кылып, күрөштү жана жихадды “гуманитардык маселе” кылып көрсөтүүгө умтулушууда.

Бул жерде негизги суроо ачык бойдон калууда: Мисир армиясы кайда? Октябрь айындагы жеңиштерди даңазалап, баатырдык тарых менен мактангандар кайда? Газанын балдары менен аялдары кыйналганда, ыйык жайлар бомбалоого алынып жатканда, ошолордун арасынан бир акыл-эстүү адам табылбай жатканы өкүнүчтүү эмеспи? Яхудий кылмышкерлери күн сайын жасап жаткан зулумдарды көрбөй жатышабы? Же саясий буйруктар алардын сезимин таптакыр өчүрүп, үммөттү коргой турган аскерден колонизаторлор чийип берген чек араларды кайтарган күзөткө айлантып салдыбы?

Мисирдеги режим яхудий түзүмүнүн коопсуздугун камсыздоочу күч катары иш алып барууда. Ал Газа элине көмөк көрсөтүүнү токтоткон, өткөрмө жолдорду жапкан, аларды колдогондорду жаманатты кылуу үчүн маалымат жана саясий чабуул жүргүзүп келет. Ал тургай, баскынчыга каршылык көрсөткөндөрдү “террорчу” деп айыптоого өттү. Булардын катарында, пайгамбарлардын мураскорлору деп саналган аалымдардын да абалы тынчсыздандырат. Кээ бирлери коркуу менен кызыкчылыктын ортосунда жол таппай унчукпай калды, башкалары бийликтин капчыгына баш ийип, реализм жана “пайда фыкхы” сыяктуу түшүнүктөр менен элдин аң-сезимин уктатууга өтүштү. Алар жихад парз экенин, залимдин бетине акыйкатты айтуу кечиктирилгис милдет экенин унутуп коюшту.

Кинананын элине, Салахуддин менен Кутуздун урпактарына суроо туулат. Бул абалды качан четке кагасыңар? Палестин сыяктуу берекелүү жерди сатып кеткен режимдин атынан сүйлөөгө качан “жетет!” дейсиңер? Тарыхта Мисир Газанын чек арасында туруп, бирок аны коргоо үчүн эч бир аракет кылбаганы жазылып калганы уят эмеспи?

Мухаммад Сабри Сулаймандын жасаганы үммөт ичинде сезимдери тирүү болгон адамдар бар экенин далилдейт. Бирок реалдуу коркунуч намыстын жеке адамдар менен гана чектелип, үммөттүн армиялары менен институттарынын толук бойдон унчукпай калышы. Дал ушул пассивдүүлүк баскынчылыктын узакка созулушуна жана үммөт үстүндөгү кордуктун улануусуна себеп болууда.

Эй Кинана армиясындагы офицерлер жана жоокерлер! Чыныгы чечим силердин колуңарда! Өткөрмө жолдор силердин көзөмөлүңөрдө, чек аралар силердин таманыңардын алдында, Газадан чыккан кыйкырыктар кулактарыңарга жетип жатат. Анда кайсы жүйө менен унчукпайсыңар?! Саясий буйруктар силерди алдабасын, маалымат каражаттарынын сөздөрү силерди адаштырбасын. Силер элдин же жетекчилердин алдында эмес, Аллахтын алдында жоопкерсиңер! Балдардын төгүлгөн каны, энелердин курчоодо калган азабы, силерге жакын турган мечиттердин бомбалоого алынганы жөнүндө Кыямат күнү суралгандан коркпойсуңарбы?

Биз силерди башаламандыкка же сокур көтөрүлүшкө чакырып жаткан жокпуз. Биз силерди Аллах силерге буйруган нерсеге, Аллахтын динине жардам берүү үчүн, үммөттүн тарабында туруу үчүн, куралыңарды мазлумдарды коргоо үчүн колдонууга чакырабыз. Саткындарды коргобогула. Пайгамбарыбыз ﷺ  менен бирге жихадга чыгып: “Эгер бизди деңизге кир десең, сага кошулуп киребиз!” — деген ансарлардай болгула. Чындыгында, пайгамбарлык жолундагы Халифалык — үммөт үчүн түпкү чечим. Ал үммөттүн күч-кубатын бириктирет, намысын адилеттикке бурат, баскынчылыктын тамырын кырка турган чечимди алып келет, үммөттүн душмандары менен тил табышууну токтотот жана мусулмандардын “адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт” болушун кайра жандандырат.

Оо, Аллах! Кинананын армиясында ихлас кылган адамдар бар, алардын жүрөктөрүн козго, эркиндигин бошот, жеңүү урматына татыктуу кыл жана аларды колдоону тандагандардын катарына кош, аларды таштагандар аларга зыян кыла албасын!

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ﴾

“Эмнеге силер Аллахтын жолунда жана мазлум болгон эркектер, аялдар жана балдар үчүн күрөшпөйсүңөр?!”

(Ниса сүрөсү, 75-аят)

Хизб-ут Тахрирдин Кинанадагы маалымат бөлүмү

03.06.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here