Йемен эли Америка менен Британияга кызмат кылып, бири-биринин канын төгүүнү качан токтотот?!

109
0

Йемен эли Америка менен Британияга кызмат кылып, бири-биринин канын төгүүнү качан токтотот?!

Аден шаарындагы “Аль-Аман” сайты 5-июнь, бейшемби күнү “Магриб мухафазасынын коопсуздук комитетинин билдирүүсү” деген аталышта кабар жарыялады. Анда мындай делет: “Магриб мухафазасынын коопсуздук комитети бүгүн, шаршемби күнү, мыйзамга баш ийбеген «элементтер» ушул эле күнү вандалдык аракеттерди жасап, мухафазанын чыгышындагы аль-Вади районундагы Магриб-Хадрамавт эл аралык жолун жаап салышканын билдирди”.

Коопсуздук комитети билдирген “элементтер” булар Магриб мухафазасына караштуу аль-Вади районунда жашаган Абийда уруусунун топтору. Магриб мухафазынын губернатору жана президенттик кеңештин мүчөсү болгон Султан аль-Арада бул уруудан келип чыгат. Бул топторду Абдулла Саид бин Жалал жетектейт, ал коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, Санаадагы хуситтердин пайдасына иштейт деп эсептелет.

Абийда уруусунун жана армиянын ортосундагы кагылышуулар ушул айдын 4-июнунда, шаршемби күнү башталган. Анда Сафардагы аль-Тхания аймагындагы аль-Хажили тоосунан алынган мрамор таштары жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды коалицияга лоялдуу күчтөрдүн аскердик посттору кармап калганда, Абийда уруусунун куралдуу топтору аларга чабуул коюшкан. Белгилей кетчү жагдай, аль-Тхания аймагында темир жана башка металл ресурстары кездешет.

Орто жана оор куралдар, ошондой эле учкучсуз учактар колдонулган бул кагылышууларды 4-июнь күнү түштөн кийин Жахм уруусунун жана башка уруулардын ак сакалдары жетектеген уруу аралык элдештирүү аракети токтоткон. Алар уруулардын тоскоолдуктарын алып, жалпы жолду ачып, бир нече саатка созулган атышууну токтотууга жетишти. Бул кагылышууда Саудия жетектеген коалицияга таандык атайын күчтөрдүн көрүнүктүү кол башчысы Абдуль Хак аш-Шейх каза болуп, эки тараптан жалпысынан 30 киши жаракат алган. Ошондой эле Магриб шаарына электр жарыгы токтогон. Бул кагылышуулар Магриб мухафазасында мезгил-мезгили менен кайталанып тура турган кадимки кагылышуулардын бири. Алар көбүнесе Абийда уруусунун ичинде же бул уруунун өлкө бийлиги менен болгон мамилелеринен улам чыгып турат. Бул жолу өзгөчө болгон жагдай, аль-Тхания аймагындагы аль-Хажили тоосунда кандай экени ачык көрсөтүлбөгөн металл кендеринин табылгандыгы. Кээ бир уруулардын бул кендерге өз алдынча ээлик кылып, аларды жашыруун түрдө мухафазадан тышкары, коңшу Магриб мухафазасына караштуу жээктеги Шабва мухафазасындагы Бийр Али жана башка порттор аркылуу ташып кетүүгө макулдашып алышкан болушу мүмкүн.

Аль-Хажилидеги бул кендер боюнча эң алгач алардын мүнөзү такталып, андан соң аларга карата шариат өкүмү чыгарылышы керек: бул кендер жеке мүлкпү же коомдук (умумий) мүлкпү? Эгерде бул кендер умумий мүлк болсо, анда адамдар алардан пайдалана алышат, бирок менчикке өткөрүүгө болбойт жана алар жеке адамдарга же жергиликтүү же чет элдик компанияларга менчик катары берилүүсү мүмкүн эмес.

Нефти көп Магриб мухафазасы, Нажд жана Хижаз аймактарына чектеш жайгашкан, Йеменге көз арткан эл аралык күчтөрдүн ортосундагы талаштын борборунда турат. Америка Кошмо Штаттарынын Йемендеги элчиси Мэтью Тюлер бул мухафазага бир нече жолу, коңшу Жидда шаарынан келип, мухафазанын губернатору Султан аль-Арада менен жолуккан. Магриб мухафазасынан чыгарылган хуситтер азыр мухафазанын чоң бөлүгүн көзөмөлдөп турушат жана азыр Алими менен анын кеңешинин колунда турган мунай аймагын өз көзөмөлүнө өткөрүп алууну самашууда.

Алиминин “легитимдүүлүгүнө” караштуу Магриб шаары хуситтер көзөмөлдөгөн Ходейда шаарына карама-каршы коюлган. 2018-жылы Тарик Абу Рашиддин күчтөрүнүн Ходейда шаарына киришине тыюу салынган жана аларга артка кайтуу буйругу берилген. Бул аймакты Британиянын тыңчысы болгон Тарик Абу Рашидден коргоо үчүн Стокгольм келишими түзүлгөн. Британия бул иште өзүнүн өнөктөшү болгон Бириккен Араб Эмираттарына Тарикке колдоо көрсөтүүнү жүктөгөн. Жакында Тарик өзү: “Ходейдага кирүүгө мага Америка жол берген жок”, – деп билдирген. Тарик Абу Рашид 2024-жылдын 27-февралында Жээк коопсуздук кызматынын жетекчиси Халид ал-Комали менен кошо Лондонго барып, ачык эле Британиядан хуситтерге каршы күрөш үчүн аскерий жана экономикалык жардам, абадан колдоо көрсөтүүнү сураган.

Бүгүн Магрибде жана жалпы Йеменде жүрүп жаткан согуш Йеменди өз таасир аймагына тартууга аракет кылып жаткан эл аралык күчтөрдүн кагылышуусунун бир бөлүгү. Бир жагында Сауд Арабиясы аркылуу Америка, экинчи жагында Бириккен Араб Эмираттары аркылуу Британия. Эң таң калычтуусу, Сауд Арабиясы күнү-түнү Америка үчүн кызмат кылып, Магрибде таасир сатып алуу аракетин улантууда. Ал эми Британиянын уруулук чөйрөдө, мурдагы диктатор Али Салих жана сүргүнгө айдалган Али Мухсин аркылуу, терең тамыр жайган таасирин Саудия жакшы билет. Магрибдеги жана башка аймактардагы ак ниет адамдар капырлардын жана алардын тыңчыларынын таасирин ачык байкап турушат. Демек, бул тыңчыларды четке кагып, өз динин, ыйманын жана үммөтүн жакташ керек.

Магрибде улам-улам кагылышуулар чыгып турушу абдан өкүнүчтүү абал. Илгери Азд уруусунан болгон «Аус» жана «Хазраж» Мединада Ислам мамлекетин тикелөө үчүн Расулуллах ﷺ га жардам берген ансарлар болушкан. Магриб эли да ошол Азд уруусунан. Магрибден келген Абйад ибн Хаммал Пайгамбарыбыз ﷺ га Мединада кайрылып, андан туздуу тоону менчигине бөлүп берүүсүн сураган. Ал ага бөлүнүп берилген, бирок кийин кайра алынып коюлган. Себеби, ал умумий мүлк болуп эсептелген «токтобой аккан сууга» тете байлык болчу. Бул окуя – умумий мүлктү жеке мүлккө айландырууга тыюу салынганына шарияттык далил катары колдонулат. Анда эмне үчүн Магриб эли, жалпы Йемен эли, Мадинада Ислам мамлекетин тикелеген ансарлардай болуп, ошол улуу жолду кайра жандандырышпайт? Бүгүн, Ислам мамлекети батыштык капырлар тарабынан жүз жылдан ашуун мурда жок кылынгандан кийин, ал мурасты ким улантып Аллахтын ыраазылыгына жетет? Бул уят иш эмей эмне? Бүт дүйнө Газа үчүн козголуп жатканда, мусулмандар жүзүн буруп, ар кайсы жерде бири-бири менен кекиртек талашып, күн сайын согушуп жатышат. Алар дүйнөдө боло турган убактылуу нерселер үчүн жан үрөп жатышат, ал эми биринчи кыбыла, үчүнчү ыйык мечит болгон Аль-Акса мечитин кайтарып алуу, Палестинаны яхудийлердин булгагынан тазалоо сыяктуу улуу ишти таштап коюшту. Бул – Аллахтын буйругуна жооп бербей койгондук эмеспи?! Аллах Таала айтат:

﴿مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ﴾

«Эмнеге мындай өкүм чыгарасыңар?»

Эй Магрибдеги туугандар! Бул эмне деген уят! Силерде яхудий түзүмүн талкалоого жеткидей курал-жарак бар туруп, аны бири-бириңерге каршы колдонуп жатасыңар?! Курал-жарагыңарды сактап калгыла, аларды туугандарыңарга эмес, бизди кырып жаткан душмандарга каршы көтөргүлө! Биз аларды кырып жок кылууга милдеттүүбүз, анткени бул Аллахтын буйругу.

Ишеним жана акыл эли болуп саналган Магриб элинин абалы алтымыш жылдан бери токтобогон кагылышуулар, бөлүнүү, талкалануу болуп калдыбы? Мунун баары батыштык капиталисттик башкаруу түзүмүнүн үстөмдүгү астында жүрүп жатат, ал эми Ислам башкаруусу бул элде жок. Йеменди эки империя – мурунку колонизатор Британия жана азыркы империалист Америка – өз ара бөлүшүп алышкан жана бул уруш дагы эле уланууда. Бул кырдаалды түбөлүк жок кылып, Йеменди жана бүтүндөй үммөттү куткаруучу жалгыз жол Хизб ут-Тахрир менен биргеликте пайгамбарлык минхажындагы экинчи Халифалыкты кайра тикелөө.

Роя гезити

М. Шафик Хамис

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here