Басма сөз баянаты
Хизб ут-Тахрир Рашид Халифалыкты тикелөө үчүн иш жүргүзүп жатат
Анын даъватын тосуп, жигиттерин камаганды токтоткула!
Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Ла илаха илла Ллах, Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Ва лиллахил хамд!
Хизб ут-Тахрир 1953-жылы ислам негизиндеги саясий партия катары түзүлгөндөн бери, Пайгамбар ﷺ Мадинада негиздеген исламий мамлекетти кайра тикелөө менен исламий жашоону улантуу үчүн аракет кылып келе жатат. Бул жолдо ал Пайгамбар ﷺ колдонгон тарикатты карманат жана муну ишке ашыруу үчүн эч кандай маддий иш-аракетке же зомбулукка барбайт.
Ал өзүнүн иш ыкмасын ондогон китептер жана баракчалар аркылуу баяндап, үммөттү динине кайтаруу, анын тарыхый ордун, улуулугун жана кадыр-баркын кайра тикелөө, Исламды кайра башкарууга кайтаруу менен алдыңкы үммөт кылуу максатында эл менен түз байланышта болуп даъват иштерин жүргүзүп келет. Муну ал Халифалыкты кайра тикелөө жана аны саткын башкаруучулар менен батыштагы капыр колонизаторлорго окшош секуляристтик түзүмдөрдүн колунан тартып алуу аркылуу ишке ашырууну көздөйт.
Бул ачык жана даана максаттарды ишке ашыруу жолунда ал Исламды жашоодон четтеткен эч бир түзүмгө кошулбайт жана алар менен макулдашпайт, алардын ичинен же алардын негизинде иш алып барбайт, бийликке катышпайт. Тескерисинче, бул бузулган вакыйлыкты тамырынан өзгөртүп, анын ордуна башкаруу түзүмү катары Исламды алып келүүнү көздөйт. Анткени ал терең ой жүгүртүүгө негизделген, саясий түшүнүктөргө ээ жана Ислам акыйдасын саясий акыйда деп билип, бийлик Аллахка гана таандык экенин түшүнөт. Ошондой эле, ал душмандардын кутумдарын аңдап-билип, ар дайым аны үммөткө ачыктап келүү менен аларга каршы туруу жана мүмкүн болушунча багытын өзгөртүү үчүн аракет кылып келет.
Хизб ут-Тахрирдин максаты — бул кутумдардын багытын мүмкүн болушунча өзгөртүү. Бул Иорданиядагы башкаруучулардын 1967-жылы июнь айында яхудий түзүмү менен жасалма согуш аркылуу Батыш Жээкти тапшыруу үчүн жасаган кутумун, согуш боло электе эле, ачыкка чыгарган уюм. Бул иш-аракеттер ошол кезде эле башталып, бүгүнкүгө чейин жасалма «улуттук көз карандысыздык» менен «мамлекеттик патриотизм» деген жалган ураандар аркылуу улантылып келет. Натыйжада, бул башкаруучулар яхудий түзүмү Газадагы элге геноциддик согуш жүргүзүп жаткан учурда да анын тарабын кармап чыгышты. А түгүл, яхудий түзүмү ачкачылык менен кыргын кылып жаткан элдин кадрлары алардын уятсыз жүрөгүн козгой албай жатат.
Хизб ут-Тахрир түзүлгөн күндөн тарта Иорданиянын репрессивдүү коопсуздук органдары Аллахтын жолун тосуп, Исламга каршы согуш жарыялашты. Буга хизб жигиттери жигердүүлүк, Исламга чакыруу жана “Раббибиз — Аллах” дегенге бекем туруу менен жооп кайтарышты. Коопсуздук органдары бул уюмдун саясий мүнөзүн билип туруп, жигиттерди куугунтуктап, камап, басым көрсөтүп келишет. Алар өз уят-сырын жашыруунун ордуна, Америкадагы кудуретсиз колонизатор Трамптын планына кошулуп, Палестина маселесин жок кылууга багытталган аракеттерин колдошууда. Бул Трамптын текебердигине каршы бир да ооз көтөрүлбөгөн шартта болуп жатат.
Ушул зулум болуп жаткан Зул-хижжа айынын эң улуу он күндүгүндө, Иорданиянын репрессивдүү бийлиги өткөн жума күнү Хизб ут-Тахрирдин жигиттери — Муса Абу Аркуб жана Мухаммад Нажм Абу Аркубду камап салышты. Алар өз агасын куткаруу шылтоосу менен алдамчылык аркылуу Нажмды алдап чакырышкан.
Иорданиянын жана жалпы мусулмандарды башкарган башка башкаруучулардын үммөттүн душмандары менен бир сапта турганы ачыкка чыкты. Баарынын абалы бирдей: үммөттүн бийлигин тартып алышып, ага куфр менен өкүм жүргүзүштү, элге такбир жана тахлил сыяктуу ибадаттарды жандандыруунун, жана яхудий түзүмүнө каршы аскер жиберүүнүн ордуна, көз карандысыздык майрамдары жана футбол оюндарындай маанисиз көңүл ачууларды таңуулашты. Өз элдерин кордоп, кедейчиликке, оор жашоого, муктаждыкка, жумушсуздукка жана карызга батырды. Ал эми алардын триллиондогон байлыгы бир эле калем кагазы менен куфрдун башчысы Трампка кетүүдө.
Хизб ут-Тахрир — исламий жашоону кайра баштоо үчүн шаръий жол менен аракет кылып жаткан уюм. Бул жолдо ага басым, тоскоолдук жана камоолор болорун билет. Ал башкаруучулардын, алардын кожоюндарынын жана чалгын кызматтарынын айла-амалдарын да билет. Бирок мындай репрессиялык камоолор ага эч зыян келтире албайт. Анткени ал аракет кылып жаткан халифалык — бул бурмаланган же шектүү халифалык эмес. Мусулмандарга дос, каапырларга душман болгон чыныгы Халифалык мамлекет. Бул Аллахтын сөзүн чындап бийик көтөргөн, Исламды жашоодо толук түрдө колдонгон, батыштын мусулман өлкөлөрүндөгү таасирин токтоткон жана анын үммөткө кайра киришин бөгөттөгөн мамлекет.
Бул — мусулмандардын биримдигин ишке ашырган, камкордукту мыкты жүргүзгөн, үммөттүн улуулугун жана сыймыгын кайра кайтарган мамлекет. Бул — куфурду жана анын жардамчыларын кордоп, Исламды жана мусулмандарды урматтаган мамлекет. Бул — Газа элине жана бардык мусулмандарга жардамга жооп кайтаруучу мамлекет.
Партия үммөт билсин деген максатта жашоонун бардык тармактарында колдонууга даяр Конституцияны түзүп койгон. Анын беренелери Куран менен Сүннөттөн алынган. Партия бул мамлекетти куруу үчүн толук даярдык көрүп, анын чоо-жайын да тактап бүткөн. Аллах Таала айтты:
﴿وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ بِغَيْرِ مَا اكْتَسَبُوا فَقَدِ احْتَمَلُوا بُهْتَاناً وَإِثْماً مُّبِيناً﴾
«Момун эркек жана момун аялдарга алар бирда күнөө кылбаса да азар бере турган кимселер жалаа жана ачык күнөөнү өз мойундарына алышат». (Ахзаб сүрөсү, 58-аят).
Хизб ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү
05.06.2025