Басма сөз баянаты
Хасинанын элди жакырланткан саясаты уланууда
АКШнын бажы тарифтерине ылайык, өндүрүш тармагын кыйратуучу жана элди эзүүгө багытталган салык саясатын АКШга баш ийген Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Бангладешке таңуулап жатат. Убактылуу өкмөт 2025–2026-жылдар үчүн мамлекеттик бюджетти ушул багытта түздү. Саясат жана өнүгүү борборунун (CPD) маалыматына ылайык, убактылуу өкмөт башкарган акыркы тогуз айдын ичинде 2,7 миллиондон ашуун адам жакырлар катмарына кошулду. Себеби элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү күн сайын төмөндөп баратат.
Бул бюджет инфляцияны көзөмөлдөйбүз деген убада бергени менен, негизги керектөө товарларына коюлган бажы төлөмдөрүн же кошумча нарк салыгын (НДС) алып салуу боюнча олуттуу эч бир кадам жасаган жок. Натыйжада бул убада элдин үзгүлтүксүз азап-тозогу менен тамашалашкан жалган сөз болуп калды. “Трамптын 37% бажы саясатына каршы күрөшүү” деген шылтоо менен өкмөт АКШдан пахта импортун көбөйтүү жана АКШдагы жаратылыш газын суюлтуучу “Argent LNG” компаниясы менен чоң келишимдерге кол коюу сыяктуу кадамдарга барды. Ошондой эле, алардын газ, пахта жана башка товарлары менен кошо жалпы 110 АКШ товарына болгон бажы төлөмдөрүн жокко чыгарды. Бул болсо АКШга карата ачык кызматташтыкты жана берилгендикти билдирет.
Ал эми даяр кийим-кече экспортунда АКШдан бажы жеңилдик алууну негиздөө жөргөмүштүн торунан да алсыз жүйө. Себеби АКШ мындай товарларга бажы төлөмүн киргизсе, ал биринчи кезекте өзү үчүн бул продукцияны керектеген америкалык сатып алуучуларга зыян алып келет. Анткени бул товарларга карата АКШ импортерлору дүйнөнүн башка бурчтарынан мындан арзан баада альтернатива таба алышпайт. Экинчи жагынан, АКШ товарларын эч кандай бажы төлөмүсүз алып келүү Бангладеш үчүн кымбатка түшөт, анткени бул товарлардын өндүрүш жана жеткирүү (бажы төлөмүнөн тышкаркы) чыгымдары өтө жогору.
Дүйнөлүк деңгээлде далилденгендей, Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) — АКШнын колонизатордук куралы. Анын «эркин базар» жана салыктык саясатка негизделген жоболору өлкөлөрдүн экономикасын көзөмөлгө алуу максатын көздөйт. Ал арада, жергиликтүү өнөр жай мекемелери энергия тартыштыгынан жана анын кымбаттыгынан жапа чегип жатканда, өкмөт электр жана күйүүчү майга болгон салыктарды төмөндөтүүнүн ордуна сактап калды. Муну менен жергиликтүү тармактар муунтулуп, чет элдик инвестицияны тартуу үчүн салыктык жеңилдиктер жана күйүүчү май менен камсыздоо кепилдиктери сунушталды. Өз кезегинде ишкерлер бул бюджеттин бизнеске каршы багытталган мүнөзүнө кабатырлыгын билдиришти.
Мына ушундайча, убактылуу өкмөт капиталисттик Эл аралык валюта фондунун саясаты аркылуу Батыштын колдоосуна ээ болууга аракет кылууда. Бул болсо элге болгон ачык саткынчылык. Аллах Таала мындай акылсыз башкаруучулардан бизди эскертүү менен кайтарган:
﴿وَلَا تُؤْتُوا السُّفَهَاءَ أَمْوَالَكُمُ الَّتِي جَعَلَ اللهُ لَكُمْ قِيَاماً﴾
“Кол алдыңардагы акылсыз кишилерге (жаш, жетимдерге) Алла силер үчүн турмуш керектөөсү кылып койгон малыңарды (колуңардагы алардын малдарын) берип койбогула!” (Ниса сүрөсү, 5-аят).
Элдик көтөрүлүш жана алардын чоң курмандыктары аркылуу залим Хасина кулатылгандан кийин түзүлгөн убактылуу өкмөт, тескерисинче, жергиликтүү жана чет элдик капиталисттердин кызыкчылыгын коргоону улантууда. Ал Хасина түзгөн колониялык экономикалык долбоорлорду да сактап калды. Өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген “Адани” (Adani) келишими жокко чыгарылган жок, “Квик рентал” (Quick Rental) компаниялары “кубаттуулук төлөмү” деген ат менен миллиондогон каражатты соруп жаткан уурулар токтотулган жок. Ошондой эле, Токионун сунушу менен башталган метро туннели жана Матарбари электр станциясы сыяктуу негизсиз жапон долбоорлору уланууда. Мунун баары элге кошумча салык жүгүн жүктөп, чет элдик насыялардын кошумча пайыздарын төлөтүүдө.
Тагдырдын ачуу тамашасы дискриминацияга каршы кыймылдан жаралган өкмөт, өзү ошол эле дискриминацияны улантып, “кара акчаны актоо” саясатын сактап калганында болуп жатат. Эй эл-журт! Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً﴾
“Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот.” (Таха сүрөсү, 124-аят).
Демек, элге болуп жаткан зулумду жоюу — халифалык башкаруусундагы исламий бюджет аркылуу гана мүмкүн. Биринчиден, шариат боюнча мамлекет ар бир жаранынын негизги муктаждыктарын, анын динине же улутуна карабастан: тамак-аш, турак-жай жана кийим-кечек менен камсыз кылууга милдеттүү. Ошондуктан Халифалыктын бюджети жумуш орундарын түзүүгө жана муктаждар менен кары-картаңдарга жардам көрсөтүүгө багытталат.
Экинчиден, жергиликтүү соодагерлерге бажы салыктарын же кошумча нарк салыгын (НДС) жүктөө шариатта тыюу салынган. Бажы төлөмдөрү (макс) — Пайгамбарыбыз ﷺ айткандай — чет элдик соодагерлерге гана салынышы мүмкүн:
«لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»
“Макс (бажы салыгы) алуучу бейишке кирбейт.” (Абу Дауд риваяты).
Үчүнчүдөн, электр энергиясы, газ жана мунай сыяктуу жалпы ресурстар — шариат боюнча умумий мүлк болуп эсептелет. Аларды менчиктештирүүгө болбойт. Мамлекет бул тармактарды өзү башкарып, түшкөн кирешелерди элдин пайдасына, мисалы, жолдор жана көпүрөлөр сыяктуу жалпы инфраструктуралык долбоорлорго жумшоого милдеттүү. Карыз алып, элге салык жүгүн жүктөөгө болбойт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«المُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ، وَالْكَلَأِ، وَالنَّارِ»
“Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто (энергияда).”
(Абу Дауд риваяты).
Башка бир риваятта: وَثَمَنُهُ حَرَامٌ – «Анын баасы арам», – деп айтылган.
Адилеттүү исламий бюджетти вахийге негизделген каржы системасын колдонуу гана элдин намысын сактап, бакубат турмушту камсыздайт жана адилеттүүлүктү орнотот. Бул Эл аралык валюта фондунун пландарынан жана саткын өкмөттөрдүн саясатынын кесепеттеринен алыс болот.
﴿وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَى آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَرَكَاتٍ مِنْ السَّمَاءِ وَالأَرْضِ وَلَكِنْ كَذَّبُوا فَأَخَذْنَاهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾
“Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек. Бирок алар (пайгамбарларыбызды) жалганчы дешти, анан, аларды өздөрү кылган күнөөлөрү себептүү кармадык.” (Аъраф сүрөсү, 96-аят).
Хизб-ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү
04.06.2025