Германия тарыхый мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жатат

85
0

Басма сөз баянаты

Германия тарыхый мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жатат

Яхудий түзүмү менен дипломатиялык алакалар түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгында Германия өзү жасалма түрдө мойнуна алган “яхудийлер алдындагы күнөөнүн” оордугунан кутулуу үчүн берилген тарыхый мүмкүнчүлүктү текке кетирди. Анын ордуна, Германия “мамлекеттин жогорку кызыкчылыгы” деп аталган түшүнүктү шылтоо кылуу менен, яхудий түзүмүн толук колдоону актаган бул жогорку деңгээлдеги саясий фанатизмди “Германия жашоосунун маңызы” деп жарыялады.

Фридрих Мерц Германиянын онунчу канцлери болуп шайланган соң, 2025-жылдын 14-майындагы өкмөттүк билдирүүсүндө, яхудий түзүмү менен болгон алакаларды “Германия үчүн үмүт кылууга да мүмкүн болбогон керемет жана белек” деп мүнөздөдү. Ал “Израил” деп аталган түзүмдүн бар болушу жана коопсуздугу Германиянын “жогорку кызыкчылыгы болуп келген жана боло берет” деп белгиледи. Буга чейин, 12-майда, ал бул түзүмдүн башчысы Исаак Герцогду кабыл алган учурда, Холокосттон 80 жыл өткөн соң, Германия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы достукту “эбегейсиз байлык, аны сактап калуу керек” деп атады.

Германиянын жаңы тышкы иштер министри Йохан Фадевол да бул “достуктун” маанисин Палестинадагы сионисттик колонизатордук саясатты активдүү колдоо менен көрсөттү. Ал кызматка киришкен замат Тель-Авивге сапар тартып, “Израилдин коопсуздугу — Германиянын жоопкерчилиги жана анын тышкы саясатынын негизги таянычы” деп жарыя кылды.

Министрдин Газа боюнча ок атышууну токтотуу чакырыгы 2,1 миллион палестиналык аба соккулары жана ачарчылык коркунучу алдында турганына байланыштуу эмес, бул чакырык түздөн-түз яхудий түзүмүнүн жашоосу уланышы үчүн жасалды. Ал мындай деген: “Мен бул (Израилдин) стратегиялык максаттарына жетүүгө алып келер-келбесин, ошондой эле бул чара “Израил”дин коопсуздугуна узак мөөнөттө кызмат кылабы же жокпу анык билбейм. Ошондуктан биз ок атышууну токтотуу боюнча олуттуу сүйлөшүүлөргө кайтууну талап кылабыз”.

Жаңы федералдык өкмөт “мамлекеттин жогорку кызыкчылыгы” деген саясатты жөн гана улантуу менен чектелбестен, бул түшүнүктү акылга сыйбаган деңгээлге чейин көтөрдү. Буга чейин бул багытты мурунку канцлер Ангела Меркел баштап, анын мураскери Олаф Шольц уланткан. Эми болсо канцлер Мерц бул фанатизмди мындан да ашырып, “Икс” платформасында яхудий түзүмү менен дипломатиялык алакалардын 60 жылдыгына карата мындай билдирүү жасады: “(Израил) жана анын коопсуздугу биздин жашообуздун өзөгүнө терең орногон”.

Мындан да аша чаап, ал яхудий түзүмүнүн жетекчиси Биньямин Нетаньяху эл аралык кылмыш соту чыгарган камакка алуу чечимине карабастан Германияга келе аларын билдирди. Муну ишке ашыруу үчүн, Мерц “жолун табаарын” жана “сот чечимин аткарбоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын” айтты. Бул болсо — юрист Кай Амбустун баамында — эл аралык укукту ачык бузуу болуп саналат.

Германия Рим статутуна кол койгон мамлекет катары, Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга милдеттенген. Демек, мындай кадам менен Германия өзү мактанып жүргөн “бийлик бутактарынын бөлүнүшү” принцибин да четке кагып жатат, анткени бул жерде аткаруу бийлиги сот бийлигинин чечимине кийлигишип, камакка алуу жана өткөрүп берүү иштерин атайылап токтотууга аргасыз болот. Бул болсо сот бийлигинин көз карандысыздыгын толук жокко чыгарат.

Бул билдирүүлөр жана позициялар Газанын башынан өткөрүп жаткан геноцидине карабай айтылды. Палестина маселесине болгон дүйнөлүк көз караш кескин өзгөрүп, яхудий түзүмүнүн легитимдүүлүгүнө болгон шек күн санап күчөп жатат. Жарандык инфраструктуранын толук кыйратылышы, миллиондогон адамдардын ачарчылыкка дуушар болушу, кары-картаңдар, аялдар жана балдардын жапырт түрдө кыргынга учурашы бул түзүмдүн жапайы мүнөзүн эл аралык коомчулукка ачык-айкын көрсөттү. Ошол эле учурда, Германиянын ички коомдук пикиринде да бул маселе боюнча олуттуу өзгөрүүлөр орун алууда.

Мамлекеттин “жогорку кызыкчылыгы” деген түшүнүк – өкмөт аны кандай аныктаса да – көптөгөн юридикалык эксперттер тарабынан ачык сынга алынган жана четке кагылган түшүнүк болуп эсептелет. Мисалы: Юахим Филанд аны “укуктук эркиндиктерге каршы келчү түшүнүк” деп атаган, Кай Амбос “бул – авторитардык жана мыйзамга каршы түшүнүк” деген, Марита Ауэр “укуктук күчү жок саясий ураан” деп белгилеген, Германиянын Илимий Кызмат Көрсөтүү Институту болсо “жөн гана саясий принцип” катары аныктаган.

Мындан да маанилүүсү Холокосттон аман калган кээ бир адамдар да яхудий түзүмүнүн Газадагы согушун геноцид деп айыптап жатышат. Эгер Германияда яхудий түзүмүнө карата күнөө сезими коллективдүү аң-сезимде калыптанып калган болсо, ал 2023-жылдын 7-октябрындагы окуялар жана андан кийинки Газадагы кыргындар менен бузулду. Ошондуктан азыр Германиянын бул түбөлүк күнөө туюмунан кутулуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүгү бар. Өз тарыхынан туура сабак алып, “Холокост эч качан кайталанбашы керек” деген ураанды чындыкка айлантуу үчүн, ал бүтүндөй бир элдин көчүрүлүшүнө жана жок кылынуусуна каршы ачык жана принципиалдуу позиция көрсөтүүгө милдеттүү.

Германия өкмөтүнүн бул жолду улантуусу — саясий акмакчылык. Эгер ал яхудий түзүмүнө болгон берилгендиги менен бул тарыхый мүмкүнчүлүктү да текке кетирсе, анда анын кесепетин тартаарын билиши керек. Эгер Германия өзүн яхудий түзүмүнүн коопсуздугу үчүн жоопкер сезип, ошол багытта иш алып барууну улантса, анда келечекте ошол жоопкерчилиги үчүн эсеп берет.

Бул убакыт маселеси гана. Ислам үммөтү өзүнүн саясий эркин жана өзүн коргой турган мүмкүнчүлүгүн кайра колуна алат. Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекети тикеленет жана ал Жакынкы Чыгыштагы колонизатор түзүмдөрүн толук тазалайт. Ошондо Германия яхудий түзүмүнүн кылмыштары үчүн жоопкерчиликти көтөрүүгө даяр болобу?

﴿هَذَا بَلَاغٌ لِلنَّاسِ وَلِيُنْذَرُوا بِهِ﴾

“Бул (Куран) адамдар эскертилүүлөрү жана (Алла) Жалгыз Кудай экендигин билүүлөрү, ошондой эле акыл ээлери үлгү-эскертме алуулары үчүн (Алла тарабынан тушүрүлгөн) бир аят-кабар”. (Ибрахим сүрөсү, 52-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин немис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдөгү маалымат бөлүмү

20.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here