Аллах заалимдердин зулумунан кабарсыз эмес
Аллах таала айтат:
وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ
– Сен эч качан: «Аллах заалим адамдардын кылып жаткан иштеринен бейкабар» деп ойлобо! Болгону Аллах аларды(н жазаларын), көздөр (коркунучтан) катып кала турган, (Кыямат) Күнүнө гана калтырууда. [14-42]
Кыргызстанда мамлекеттик күч кызматтары тарабынан түрдүү кылмышкерлер аёосуз кармалып жатышканын көрүп жүрөбүз. Алардын айрымдары кылмыштуу топтун мүчөлөрү, айрымдары коорупционерлер ж.б. Эгер алар чындап эле ошондой болушса, анда алар шариятта дагы кылмышкер эсептелишет. Бирок, ушул эле учурда, эч кандай кылмышкер болбогон, Аллахтын динине чакырган жана “Роббим Аллах” дегени үчүн гана кармалып жаткан адамдар тобун да көрүүдөбүз. О.э. алар да кудум чыныгы кылмышкерлер катары аёосуз кармалып, камактарга ташталып, ал жайларда ырайымсыз уруп-сабоолорго, андан башка да “заманбап” түрдүү кыйноолорго кабылып жатышат. Ал мазлумдар – Хизб жигиттери, а заалимдер болсо бийлик жана анын күч кызматтары болуп калууда.
Азыр дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан Батыштын империалисттик каафир державалары Исламга каршы күрөшүү үчүн “терроризм”, “экстремизм” сыяктуу жомокторду ойлоп табышты. Аларга малай болгон мусулман өлкөлөрүнүн акимдери ошол каафир кожоюндарына кошамат кылышып, өз мамлекеттеринде терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү мыйзамдарын кабыл алышкан. Натыйжада, светтик-демократиялык мамлекеттер белгилеп койгон “рамкадан” сырт Аллахтын динине чакырган дааватчылар – террористтер жана экстремисттер деген “кылмышкерлерге” айланышкан.
Негизи, тогуттардын Аллахтын динине каршы күрөшүүсү кадимден бар. Куранда буга эң жаркын мисал болуп Фиравн кыссасы келген. Фиравн өз бийлиги менен ушунчалык текеберленгендиктен, өзүн кудай сезип алган:
فَحَشَرَ فَنَادَي ,32- فَقَالَ أَنَاْ رَبُّكُمُ الأَعْلَى ,42-
– «Андан соң (Фиравн адамдарын) топтоп жар салды. «Мен силердин эң улуу кудайыңармын» деди. [79:23-24]
Азыркы күндөгү куфр державаларынын жетекчилери да кудум Фиравн сыяктуу. Фиравн доорунда, сыйкырчылар Муса пайгамбардын а.с. муъжизасын көрүп, ыйман келтирип жиберишкен эле. Ошондо Фиравн минтип кыйкырды:
ءَامَنْتُمْ لَهُ قَبْلَ أَنْ ءَاذَنَ لَكُمْ ,17-
– «Мен рухсат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?!» [20-71]
Бүгүнкү күндөгү куфр жетекилери да адамдарга кандай ыйман келтирүүнү өздөрү туура көргөнүндөй үйрөтүп жатышат. “Ар кандай ишенимдерге ыйман келтиришиңер мүмкүн, мисалы, отко сыйынуубу, бутка сыйынуубу, айырмасы жок. Болгону, “ишеним эркиндигине” ылайык гана ыйман келтиресиңер о.э. диниңерге демократиялык мыйзамдар алкагында гана амал кыласыңар” деп жатышат. Ушуну гана туура деп жатышат:
قَالَ فِرْعَوْنُ مَا أُرِيكُمْ إِلاَّ مَا أَرَى وَمَا أَهْدِيكُمْ إِلاَّ سَبِيلَ الرَّشَادِ ,92-
– «Фиравн айтты: «Мен силерге өзүм туура көргөн нерсени көрсөтүүдөмүн жана мен гана силерди туура жолго жетектеймин». [40-29]
Фиравн өзүнө баш ийбеген ыйман ээлерин азаптар менен коркуткан эле:
فَلأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلاَفٍ وَلأُصَلِّبَنَّكُمْ فِي جُذُوعِ النَّخْلِ وَلَتَعْلَمُنَّ أَيُّنَا أَشَدُّ عَذَابًا وَأَبْقَى ,17-
– «…Демек, эми мен албетте колу-бутуңарды кайчылаш кесемин жана силерди курма бутактарына асамын, ошондо кайсыбыздын азабы катураак жана узагыраак экенин билесиңер». [20:71]
Жана ал момундарды өзү айткан өлүмгө өкүм кылды. Лекин, момундар ыймандарында бекем болушту жана шахиддикти тандашты. Мына ушуну менен Фиравндын азаптары момундардын ыймандары алдында алсыздык кылып, Фиравнды аргасыз калтырды.
Фиравн сыналган сыңары, Трамп, Путин, Цзиньпин сыяктуу бүгүнкү тогуттар да бийлик бийиктиктери менен сыналышууда. Ошондуктан, алардын текеберликтери да ошончолук (жана азаптары да ошончолук болот). Ал эми алардын жыргалчылыктарына Ислам коркунуч туудурат. Ислам алардын бузгунчулуктарын жоготуу үчүн, адамзатты аларга окшогондордун зулумунан куткаруу үчүн келе жатат.
Алар го ал болду. А чоң тогуттарды адаштырган нерселерге ээ болбогон бу биздин бийликтер өз динине каршы күрөшүү менен эмнеге жетишмекчи болушту? Эмнеге каафир кожоюндарыңардын дүнүйөсү үчүн өз диниңерди сатып жатасыңар? Кожоюндары “бир үйлөсө жок болот” деп шылдыңдап жүрчү ушул арзыбас бийликтери үчүн динге кыянат кылып жатышабы?!
Ооба, пенде истинктинде бийликке умтулуу бар, лекин, инстинкттер Аллахтын буйрук-кайтаруулары менен теске салынбаса, андан башкасы адашуу. Бийлик эл үчүн кызмат кылабыз деп жатканын угабыз. Акыйкатта болсо, алар бийликке жетүү жана аны сактап калууда элден пайдаланышат. Анча-мынча пендечилик инстинктинен келип чыгып адамдарга кылынган жардам – ал мамлекеттик деңгээлдеги адамдарга кылынган кызмат эсептелбейт. Ал эми, мамлекеттик деңгээлдеги өнүүгүдөй көрүнүп жаткан нерселер болсо, алар бийликти бекемдөө үчүн гана кылынган кызматтар эсептелет.
Эй бийлик ээлери, ооба, силер бийликке дин менен башкарабыз деп келген эмессиңер. Бирок, бир ойлонуп көргүлө, тарыхта фараондор өттү, императорлор өттү… Алар бар болгону бир нече жылдар гана башкарышты, бирок, тозоктогу азаптары түбөлүктүр… Силердин бийлигиңер алардын бийликтерине эч качан тең келбейт, бирок, азаптарыңар алардыкындай болуп калышынан корккула.
Мусулмандарды камакка алдыңар, аларды азапка салдыңар, мейли, алардын айрымдарын позициясынан кайтардыңар дейли – муну менен эмнеге жетишмекчисиңер? Каафир кожоюндарыңарды раазы кылабыз деп ойлоп жатасыңарбы? Кечеги эле өтмүшдөшүңөр Саддам, Каддафи, Асад сыяктуу наалатылардын жазмышынан сабак албайсыңарбы? Элдин көпчүлүгүнө жагынабыз деп ойлоп жатасыңарбы? Акаев, Бакиев ж.б.лар да ошол көпчүлүкту раазы кылабыз деп ойлошкон… Силерден ар дайым пайда жетип турмайынча – капитализм менен тарбияланган эл – эч качан силерден раазы болбойт!
Булардан тышкары, силер бардык дааватчыларды позициясынан кайтарып жибере албайсыңар. Ыйманында жана андан келип чыккан позициясында бекем момундар Кыяматка чейин ар дайым табылат. Заманга жараша сандарда айырмаланса да, лекин, дайымий болот. Алардын акыркысы өлгөндө анан Кыямат болот. Ал эми, азыркыдай чакта – Аллах убада кылгандай, Пайгамбар а.с. сүйүнчү хабар бергендей – Ислам кайтып келе жаткан чакта, Ислам мамлекетинин карааны кыйырдан көрүнүп турган кезде, бир киши позициясынан кайтса, анын ордуна миң азамат кайтпоого касам ичип келет, бири шахид кетсе, анын артынан миңдеген шахиддикке ынтызарлар чыгат. Мунун мисалын ушул кезге чейин Хизб берген курмандыктардан көрүп келүүдөсүңөр.
Мусулмандарга каршы күрөштө каафир кожоюндарыңарга кошамат кылып кабыл алган мыйзамдарыңарды качанга чейин бетке кармайсыңар. Кожоюндарыңарды ээрчип, кече Талибанды “террористке” чыгарган элеңер. Бүгүнгө келип, дагы кожоюндарыңарды ээрчип анын бийлигин тан алып олтурасыңар. Ушуну өз эркиңер менен кылсаңар болбойт беле? О.э. өз элиңерден болгон, эл ичиндеги эң жакшыларыңардан болгон, жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарган дааватчы жигиттерге каршы күрөшүүнү токтотууга өз эркиңер жетпейби?!
Эй бийликтегилер, силерди да мусулман бир туугандар деген этибарда, төмөнкү нерселерден эскертебиз.
Аллах Таала айтат:
فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْ عَذَابِ يَوْمٍ أَلِيمٍ -,
– “Ошондуктан, ал заалим кишилерге ал Күн–Кыяматтын жан чыдагыс азабынан турган кыйроо болсун!” [43:65]
Пайгамбарыбыз а.с. Роббисинен хадис кудсийде риваят кылат: “эй пенделерим, албетте Мен Өзүмө зулмду харам кылдым, демек, силер да бири-бириңерге зулм кылбагыла”.
Расул Акрам с.а.в. айтты: “Силер зулм кылуудан сактангыла. Анткени, зулм Кыямат күнүнүн зулматтарынан”.
Ошондуктан, эй бийлик ээлери жана күч кызматкерлери, Хизб жигиттерине кылган зулмуңар жаатында Аллахка тообо келтирип калгыла. Аллах Таала айтат:
إِلاَّ مَنْ ظَلَمَ ثُمَّ بَدَّلَ حُسْنًا بَعْدَ سُوءٍ فَإِنِّي غَفُورٌ رَحِيمٌ -,
– “Бирок, ким зулумдук кылса, кийин жамандыктан соң, аны жакшы (иштерге) алмаштырса, албетте Мен Кечиримдүү, Мээримдүүмүн”. [27:11]
Эми ушул зулумдарга күбө болуп турган, Мухаммад а.с. Умматынын бир бөлүгү болгон Кыргызстан мусулмандарына айтар кебибиз да бар. Эй мусулмандар, эгер силер бийликти зулумдары жаатында эсеп-китеп кылып тергебесеңер, бул нерсе бийликти зулумунда, адилетсиздигинде тентиретип, тогуттугун күчөтөт. Акыры барып, алардын адилетсиздиги жана зулуму ар бириңердин үйүңөрдү ачып кирет.
Жогоруда мисал келтирилген Фиравн кыссасында бийликтен тышкары силер үчүн да ибрат бар. Аллах Таала айтат:
فَلَمَّا آسَفُونَا انتَقَمْنَا مِنْهُمْ فَأَغْرَقْنَاهُمْ أَجْمَعِينَ(55)فَجَعَلْنَاهُمْ سَلَفًا وَمَثَلًا لِلْآخِرِينَ
– “Эми качан алар Бизди ачуулантып койгондо, биз алардан өч алдык-алардын бардыгын чөктүрүп жибердик. Ошентип, аларды кийинкилер үчүн өрнөк жана мисал кылып койдук”. [43:55-56]
Аллах Таала айтат:
وَاتَّقُوا فِتْنَةً لاَ تُصِيبَنَّ الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْكُمْ خَاصَّةً
– «О.э. жалаң заалим адамдардын өзүнө гана тийбей (жалпыга тие турган) балээден сактангыла!” [8:25]
Расулуллах с.а.в. айтат: «Аллах Азза ва Жалла жалпы адамдарды жеке адамдын амалы себептүү азаптабайт, адамдар өз араларында мункарды көрүшүп, аны четке кагууга кудуреттүү болуп туруп, аны четке кагышпаса, анда, Аллах жеке адамды да, жалпы адамдарды да азаптайт».
Ушундан улам, жакшылыктуу Умматтын перзенттери болгон Кыргызстан мусулмандарын залимдерди зулумунда колдобоого жана аларды колдорунан кармап токтотууга, тергеп-тескөөгө чакырабыз. Андай кылбасаңар, биз силерди Аллахтын каарына калуудан эскерттик, Аллах күбө!
Эмки сөзүбүз болсо, бул окуялардын чыныгы каармандарына каратылмакчы. Эй дааватчы бурадарлар! Силер атеисттик тарбия алып өскөн адамдар элеңер, бирок, акыл жүргүзүү акыбетинде ыймандуулар сабына кошулдуңар. Исламын толук түшүнө албаган мусулмандар каршысында Исламыңарды фикрат жана тарыйкаты менен бирге толук тапкан, ушул жолдо аракет кылган халыс мусулмандар катарына кирдиңер. Максадыңар Аллахтын раазылыгы экенин билдиңер. Анын раазылыгына Анын шариятына амал кылуу менен жетишилерин да тунук түшүнүп алдыңар. Аллахтын шарияты Ислам Мамлекетинде гана толук колдонулушуна эч шексиз ишеним жараттыңар. Биздин ушул доорубузда Аллахтын раазылыгына жетүү б.а. Аллах алдында биз эң жоопкер болгон маселе – фарздардын туу чокусу болгон Халифалыкты тикелөө экенин да эң жакшы түшүнүп жеттиңер. Мына ушул аркылуу бу дүйнөдө жеңишке, ахыретте бейишке жетүү убада кылынган. Бул жолдо жанды курбан берүү шахиддик даражасы менен сыйланды. Тирүүлөргө нусрат берүү убада кылынды. Эгерде эле акыйдаңарга байлансаңар, анда эле өзүңөрдүн шахиддикке ынтызар экендигиңерди табасыңар. Эгерде эле максадыңар ар дайым көз алдыңарда болсо, анда өзүңөрдү ар дайым сабыр үстүнөн көрөсүңөр.
Аллах Таала айтат:
– «Акыйкатта болсо, биз алардан мурунку кишилерди сынаган элек го, анан (ушул сыноо аркылуу) албетте Аллах чын сүйлөгөн кишилерди да, жалганчы кимселерди да анык билет»
Аллах Таала айтат:
– «Адамдар арасында Аллахка бир четте (т.а. чын дилден эмес, тил учунда) ибадат кыла турган кимселер да бар. Анан, эгер ага жакшылык жетсе, ошол себептүү кадыржам болот, эгер бирер фитна жетсе (динден) жүз үйрүп кетет. Ал дүйнө жана акыретте зыян көрөт. Бул болсо ачык-айкын зыян» [22:11
وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ بِشَيْءٍ مِنْ الْخَوْفِ وَالْجُوعِ وَنَقْصٍ مِنْ الأَمْوَالِ وَالأَنفُسِ وَالثَّمَرَاتِ وَبَشِّرْ الصَّابِرِينَ الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
– Дагы албетте, Биз силерди кооп-коркунуч, ачкачылык, мал-жаныңарды жана мөмө-жемиштерди азайтуу сыяктуу нерселер менен сынайбыз. (Эй Мухаммад) Бирер кайгы келгенде: «Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз» – дей турган сабыр кылуучуларга сүйүнчү кабар бер.
– «Байкагыла, албетте Аллахтын досторуна (ахыретте) эч бир кооп-коркунуч жок жана алар кайгырышпайт. Ыйман келтирген жана таква кылган заттар үчүн дүйнө жашоосунда да, ахыретте да башарат бар. Аллахтын сөздөрү өзгөрбөйт, мына ушул улуу бакыт» [10:62-64]
Аллах Таала айтат:
– «Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана муминдерге дүйнө турмушунда да, күбөлөр тура турган күндө да жардам беребиз. Ал күндө залим кимселерге узр-шылтоолор пайда бербейт жана аларга наалат болот, аларга эң жаман жай-тозок болот» [40:51-52]
Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү