Сиси режими яхудийлерге калкан болууда
Дүйнөнүн төрт бурчунан топтолгон миңдеген активисттер баскынчы яхудийлердин Газаны геноцид кылуусуна каршы жүрүш үч күндүк жүрүшкө чыгышты. Активисттер Түндүк Африка, Европа, Түркия сыяктуу 32 өлкөдөн келип, газалыктарды камоодон бошотууну максат кылышкан.
Тилекке каршы, Сиси режими “израил” коргоо министринин өз армиясынан мусулмандарды Рафах өткөрмө пунктунан токтотууну талап кылуусун буйрук катары кабыл алып, яхудий армиясынын ордуна күч кызматкерлерин ишке салды.
Жүрүшкө катышуу үчүн келген айрым мусулмандар аэропорттон артка кайтарылса, айрымдары мейманканадан кармалып, убактылуу кармоочу жайларга жеткирилген.
Ар кандай тоскоолдуктарга карабай, Ариштен жолго чыккан активисттер үч күн жүрүш жасап, Рафах өткөрмө пунктуна жетип келишти. А бирок, 615 күндөн бери яхудийлердин кырыгынын күзөтүп отурган Сиси режими аларга тоскоолдук кылып, артка кайтарууда. Муну менен Кинана бийлиги дагы бир жолу мусулмандарга эмес, яхудийлерге достугун тастыктады. А түгүл, яхудий түзүмүнө калкан болуп берүүдө.