Медицина куткаруу миссиясын аткарышы керек

162
0

Медицина куткаруу миссиясын аткарышы керек

Кыргызстанда жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия берүүгө убактылуу тыюу (мораторий) салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Акыркы жылдары Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйлөр курчуп жатат. Өкмөт болсо  министрлерди токтоосуз алмаштырып, саламаттыкты сактоо жаатында үзгүлтүксүз реформаларды, инфратүзүмдү жакшыртуу иштерин, жана натыйжалуулугун жогорулатып жаткандыгы жөнүндө дайыма жар салууда.

2019-жылдан бери саламаттык сактоого бөлүнгөн каржылоонун көлөмү эки эсе көбөйгөнү, жаңы мекемелер курулуп жатканы тууралуу айтылууда. Ошондой эле МРТ жана компьютердик томография жабдуулары сатып алынып жатканы кабарланууда. Бирок ошол эле учурда өз убагында жардам ала албаган балдардын өлүмү көбөйүп жатат. Мындан тышкары, 335 жаңы “тез жардам” унаалары алынган, ал өз кезегинде тез жардам кызматынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртышы керек болчу.

Ошондой эле мамлекет медицина кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууга каражаттын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда. Кесипкөй дарыгерлер үчүн эң негизги түрткү – бул жетиштүү айлык маяна экени сыр эмес.

Бирок мамлекеттин бул аракеттерине карабастан, саламаттык сактоо системасында көйгөйлөр сакталып калууда. Алардын арасында мекемелер ортосундагы координацияны жакшыртуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн (айрыкча борбордон сырткары жашагандар үчүн) жогорулатуу зарылдыгы турат.

Саламаттыкты сактоонун ролу – бул заманбап коомдогу эң маанилүү жана этикалык жактан олуттуу маселелердин бири. Адам үчүн эң кымбат нерсе – анын өмүрү жана ден соолугу. Ар бир адамды оболу өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден соолугу түйшөлтөт. Ошондуктан көчө кесилиштеринде, мечиттерде жана социалдык тармактарда медициналык жардамга каражат чогултуу үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Медициналык жардамдын жетишсиздигинен улам (камсыздоонун жоктугунан, медициналык кызматтын кымбаттыгынан же ресурстардын тартыштыгынан) каза болуп же ден соолугу начарлап жаткандардын саны көбөйүп жатса, демек медицинага бизнес катары караган көз карашты (түшүнүктү) кайра карап чыгуу зарыл.

Мунун себептери төмөнкүлөрдө:

  1. Медицина – бул товар эмес, адамдын негизги муктаждыгы. Ден соолук – бул жашоонун жана адамдын негизги муктаждыгы. Эгер медициналык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү акчалуулар менен гана чектелсе, анда бул теңдик принцибин бузат жана жашоого болгон укукту коркунучка салат.
  2. Алдын алууга мүмкүн болгон себептерден улам өлүмдүн көбөйүшү – системанын иштебегендигинин белгиси. Көпчүлүк учурларда адамдар убагында диагноз коюлбагандыктан, өнөкөт оорулар дарыланбагандыктан же тез жардам жетишсиз болгону үчүн көз жумууда. Бул – медицина алсыз болгону үчүн эмес, материалдык пайда пациенттин кызыкчылыгынан жогору коюлганынан болуп жатат.
  3. Дарыгерлик этика бизнес логикасына каршы келет. Дарыгер жардам берүүгө, дарылоого жана зыян келтирбөөгө ант берип, ага милдеттендирилген. Бирок саламаттыкты сактоонун бизнес моделинде дарыгерлер көбүнчө бейтаптын эмес, камсыздандыруу компанияларынын, инвесторлордун же менеджерлердин кызыкчылыгына иштөөгө мажбур болушат. Бул коом менен дарыгердин ортосундагы ишенимди бузат.
  4. Медициналык жардамга жетүүдө теңсиздик коомдогу туруктуулукту начарлатат. Эгер дарыланууга жетүү мүмкүнчүлүгү киреше деңгээлине же коомдогу абалга жараша болсо, анда бул институттарга болгон ишенимдин төмөндөшүнө жана коомдогу чыңалуунун күчөшүнө алып келет. Эл адилетсиздикти сезет жана келечекке болгон ишенимин жоготот.

Бул фактылар саламаттыкты сактоо системасын адамдын ден соолугуна кам көрүү жана анын ден соолугун сактоо миссиясына багыттоо зарылдыгын көрсөтөт. Медицина социалдык миссияга ээ болушу керек. Бул өз убагында Ислам Мамлекетинде гуманизмдин үлгүсү болгон.

Европа караңгылык доорунда, орто кылымдык наадандыкта жашап турган мезгилде, чыгыштагы ислам цивилизациясында азыркы тил менен айтканда гумандуу жана жогорку илимге таянган саламаттык сактоо системасы калыптанган. Ислам медицинасында жеке пайда эмес, боорукердик, билим жана адамга болгон камкордук негиз болгон. VIII-XIII кылымдар аралыгында гүлдөгөн ислам медицинасы адамзат тарыхындагы уникалдуу көрүнүш болгон. Анын миссиясы – динине, абалына же улутуна карабастан, мусулмандарды гана эмес, бүтүндөй адамзатка, кызмат кылуу болгон.

Бул медицинада ден соолук Кудайдын белеги, жана адам ага жооптуу деп эсептелген. Боорукерлик, жоомарттык, билим жана кызмат кылуу – дарыгердин негизги сапаттары болчу. Бул жөн гана кесип эмес, руханий кызмат болчу. Дарыгерлер адамдын денесин эле эмес, жан дүйнөсүн да изилдешкен – экөөнү бири биринен ажыратып дарылоого болбойт деп эсептешкен. Ислам цивилизациясынын бүткүл аймагында – Багдаддан Дамаскка, Мароккодон Кордового чейин бимаристандар (госпиталдар) курулган. Бул жайларда жардамга муктаждардын бардыгына – алардын теги же динине карабастан – акысыз кызмат көрсөтүлгөн. Айыгып чыккандарга турмушун кайра түзөп алуусу үчүн акчалай стипендия да берилген.

Бимаристандарда терапия, хирургия, психиатрия бөлүмдөрү болгон, татаал операциялар жасалган, ароматерапия жана музыкалык терапия колдонулган, психикалык ден соолукка физикалык дарылоо менен бирдей маани берилген. Эркектер жана аялдар өзүнчө дарыланган, санитардык шарттар жогору деңгээлде кармалган. Булардын баары Европада гигиена жана санитария жөнүндө сөз боло электе болгон.

Мусулман аалымдарынын илими ислам дүйнөсүнөн алыска тараган. Алардын эмгектери латын тилине которулуп, Европа университеттеринде кылымдар бою окутулган. Мисалы, Аль-Рази (Разес) клиникалык учурларды өтө так сүрөттөгөн. Алар медицинаны системдүү, акылга сыярлык жана гуманисттик негизде изилдешкен.

Мусулман дарыгерлер Европада жогору бааланган. Европанын падышаларынын жанында иштегендердин арасында мусулман дарыгерлер болгон. Алар падышаларды жана ак сөөктөрдү дарылашкан. Андалусия доорунда Испанияда христиандар, иудейлер жана мусулмандар биргелешип госпиталдарда жана медреселерде иштеп, дарылоо жана билим берүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул жайлар бүгүнкү университеттер менен клиникалардын прототиби болгон.

Ошентип, ислам медицинасы илимий жандашуунун башаты гана болбостон, жогорку моралдык стандартты белгилеген. Мында саламаттыкты сактоо – бул артыкчылык же товар эмес болчу. Бул – Жаратуучунун ыраазычылыгы үчүн Ага болгон сүйүүнү билдирүү катары ибадаттын формасы болгон. Ар бир оорулуу – бул жүк эмес, боорукерликти, кең пейилдикти көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болгон.

Ошондуктан медицина, айрыкча саламаттыкты сактоо системасы, бизнес катары каралышы мүмкүн эмес. Пайда адам өмүрүнөн жогору турбашы керек. Эгер коомдо туруктуулукту, адилеттүүлүктү жана боорукерликти орнотуу максат болсо , медициналык жардам – товар эмес – ар бир жарандын ажыралгыс укугу катары кабыл алынышы керек. Саламаттыкты сактоо түзүмүн бүтүн бойдон адамдын өмүрү жана абийирин коммерциялык кызыкчылыктардан жогору коюуга багыттоо зарыл. Ал эми мындай жоопкерчилик – Халифанын жоопкерчилиги, анын мындай камкордугу өз элинин урматы жана Аллахтын Ырайымы менен сыйланат.

Хужжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here