Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Алардын жүрөктөрү жумшак жана жан дүйнөсү назик
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
رَوَى مُسلِمٌ فِي صَحِيحِهِ قَالَ: حَدَّثَنَا أَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ، وَأَبُو كُرَيْبٍ، قَالا: حَدَّثَنَا أَبُو مُعَاوِيَةَ، عَنِ الْأَعْمَشِ، عَنْ أَبِي صَالِحٍ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَتَاكُمْ أَهْلُ الْيَمَنِ، هُمْ أَلْيَنُ قُلُوباً وَأَرَقُّ أَفْئِدَةً، الْإِيمَانُ يَمَانٍ، وَالْحِكْمَةُ يَمَانِيَةٌ، وَرَأْسُ الْكُفْرِ قِبَلَ الْمَشْرِقِ
Муслим өзүнүн “Сахихинде” риваят кылды. Абу Бакр ибн Абу Шайба жана Абу Курайб Абу Хурайра (радыяллаху анхудан) Расулулла (с.а.в)дын ушундай дегенин риваят кылат: “Йемен калкы силерге келди. Алардын жүрөктөрү жумшак жана жан дүйнөсү назик. Ыйман менен акылмандык Йеменде. Каапырлыктын башы чыгыш тарапта”.
Сүйүктүү бир туугандар!
Жүрөктөрдүн кээ бири катуу, кээ бири жумшак. Аллах Таала айтты:
(ثُمَّ قَسَتْ قُلُوبُكُم مِّن بَعْدِ ذَٰلِكَ فَهِيَ كَالْحِجَارَةِ أَوْ أَشَدُّ قَسْوَةًۚ وَإِنَّ مِنَ الْحِجَارَةِ لَمَا يَتَفَجَّرُ مِنْهُ الْأَنْهَارُ ۚ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَشَّقَّقُ فَيَخْرُجُ مِنْهُ الْمَاءُ ۚ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَهْبِطُ مِنْ خَشْيَةِ اللَّهِ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ). (البقرة 74)
“Андан кийин силердин жүрөктөрүңөр таш сыяктуу, же андан да катуу болуп калды. Чындыгында, таштардын арасынан дарыялар агып чыккандары бар. Акыйкатта, алардын (таштардын) арасында жарылып, ичинен суу агып чыккандары жана Аллахтан коркуп кулагандары да бар. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабарсыз эмес”. (Бакара 74).
Аллах Таала айтты:
أَفَمَن شَرَحَ اللَّهُ صَدْرَهُ لِلْإِسْلَامِ فَهُوَ عَلَىٰ نُورٍ مِّن رَّبِّهِ ۚ فَوَيْلٌ لِّلْقَاسِيَةِ قُلُوبُهُم مِّن ذِكْرِاللَّهِ ۚ أُولَٰئِكَ فِي ضَلَالٍ مُّبِينٍ. اللَّهُ نَزَّلَ أَحْسَنَ الْحَدِيثِ كِتَابًا مُّتَشَابِهًا مَّثَانِيَ تَقْشَعِرُّ مِنْهُ جُلُودُ الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ ثُمَّ تَلِينُ جُلُودُهُمْ وَقُلُوبُهُمْ إِلَىٰ ذِكْرِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُدَى اللَّهِ يَهْدِي بِهِ مَن يَشَاءُ ۚ وَمَن يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ)
“Аллах кимдин көкүрөгүн Исламга кеңейтсе, ал Раббисинин нурунда болот. Жүрөктөрү Аллахты эстөөдөн катуу болгондорго азап болсун. Мына ошолор ачык адашууда. Алла ырааттуу болгон эң жакшы сөздү түшүрдү: (көп кайталануучу аяттар]. Андан Раббисинен корккондордун терилери титирейт. Ошондо алардын терилери жана жүрөктөрү Аллахты эстегенде жибийт. Бул Аллахтын Туура Жолу, аны менен Ал кимди кааласа туура жолго салат. Аллах кимди адаштырса, аны туура жолго салуучу жок. (Аз-Зумар 23).
Жүрөктөрдүн кээ бири назик, кээ назик болбойт. Аллах Таала айтат:
(قُلْ هُوَ الَّذِي أَنشَأَكُمْ وَجَعَلَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ ۖ قَلِيلًا مَّا تَشْكُرُونَ). (الملك 23)
“Айткын: “Ал силерди жараткан жана силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жараткан. Силер аз шүгүр кыласыңар”.” (Мүлк 23).
Аллах Таала айтты:
(وَلَا تَقْفُ مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ ۚ إِنَّ السَّمْعَ وَالْبَصَرَ وَالْفُؤَادَ كُلُّ أُولَـٰئِكَ كَانَ عَنْهُ مَسْئُولًا)
“Жана өзүң билбеген нерсени ээрчибе, албетте, кулак, көз жана жүрөк – алардын баары жөнүндө суралат”. (Исра 36).
Бул жерде суроо туулат: жүрөк (кулууб) менен жүрөк (фуааддын) ортосунда айырма барбы? Же алар бир нерсенин эки атыбы? Жооп берүү үчүн айтабыз: Көптөгөн уламалар бул маселени изилдешкен. Алардын арасында доктор Фадхил Ал-Самарраи жана доктор Хуссам Ал-Нуайми бар. Мына ушуга байланыштуу айтылгандардын айрымдары: Алардын кээ бирлери: Жүрөк (фуаад) – бул жүрөктүн өзү десе, кээ бирөөлөрү: Жүрөк (Фуаад) – жүрөк (калб) эмес, тескерисинче, жүрөк (фуаад) – жүрөктүн тынчтыгы дешти. Анткени, биздин араб тили так тил. Ал нерселердин бөлүктөрүнө чейин атайт. Ал ар бир бөлүгүн өз аты менен атайт. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадистеринен жана Курани Каримдин сөздөрүнөн биз ишенген нерсе, фуад жүрөктүн тынчтыгы экендигине далалат кылат.
Ал эми Курандын тексттеринде жана Пайгамбардын хадистеринде жүрөк (фуаад) жөнүндө айтылганда, жүрөк (фуаад) жан дүйнө жана анын ичиндегилер. Анткени фуаад сөзү “тафаввууд” сөзүнөн алынган, ал күйүү, тутануу, кумарлануу дегенди билдирет. Демек, жүрөк бул нерселердин жайгашкан жери, ошондуктан бул жерде ушундайча колдонулган.
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Йемен калкын жакшы көргөндүктөн: “Ыйман менен акылмандык Йеменде” деп айткан. Ал айтат: “Йемен калкы силерге келди. Алардын жүрөктөрү жумшак жана жан дүйнөсү назик”.
Лисаанул арабда айтылат “فأدَ الخُبزَةَ فِي المَلَّة يَفْأَدُها فَأْداً شَوَاهَا” “нан көмөч казанга бышырылса аны күйгүзүп таштайт”. Бул жерде “фуаад” сөзү күйгүзүү маанисинде колдондулган. Жүрөк кээде уккан жана ага айтылган сөздөн туталанып күйөт, бирок чыныгы күйүү эмес! Ошондуктан, жүрөктүн туталанып күйүүсү фуаад деп аталат. Ошондой эле: “Фуаад – жүрөктүн ортосу, жүрөктүн чел кабыгы, жан дүйнө” деп айтылган. Биз аны тандап алдык. Бирок, “биз ушул маанини тандап алдык” дегенибиз башка маанилерди жокко чыгарып жатабыз дегенди билдирбейт. Анткени, бул маани кээ бир аалымдарыбыздын араб тилин билүүлөрү аркылуу жеткен сөздөрү жана пикирлери. Аалымдардын бир нече пикири болгондо, биз өзүбүзгө эң жакын болгон нерсени тандап алабыз. Биздин алдыбыздагы далилдер биздин тандообузду бекемдейт. Анын сөзүндө (ага Аллахтын салам салаватты болсун) “Силерге Йемен калкы келишти, алардын жүрөктөрү эң жумшак жана жүрөктөрү (фуаад) эң назик”. Бул жерде жүрөк – жан дүйнө маансинде айтылып, жүрөктү жумшак, назик деп сыпаттаган. Назиктик жана тунуктук –жука үлбүрөгөн нерсеге, жумшактык – көлөмү бар жоон нерсеге колдонулат. Ошондуктан Жүрөк (калб) жумшак, жан дүйнө (фуаад) назик. Фуаад жүрөктү каптап турган кабыкча. Калб жумшарат жана катуулайт. Алдыбыздагы хадисте муну ачык-айкын түшүндүрөт. Анткени ал эки сөздү бир жерде колдонгон. Жүрөктү (колб) жумшактыкка колдонгон, жан дүйнө (фуаадды) назиктикке колдонгон. Жумшактык назиктик эмес. Эгер ошондой болсо, анда Алла Тааланын Касас сүрөсүндөгү сөздөрүнүн мааниси кандай болмок?
وَأَصْبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَى فَارِغًا إِنْ كَادَتْ لَتُبْدِي بِهِ لَوْلَا أَنْ رَبَطْنَا عَلَى قَلْبِهَا لِتَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ)؟
«Ошондо Мусанын энесинин жүрөгү (фуад) бош болуп калды. Эгер Биз анын жүрөгүн (колбун) момундардан болушу үчүн күчтөндүрбөсөк, ал дээрлик аны ачыкка чыгармак (Муса а.с.ды ачыкка чыгармак)». (Касас: 10).
Арабдар жүрөк “колб” жана жан дүйнө “фуаад” деген сөздөрдү бирдей мааниде колдонушат. Бирок хадис бул экөөнүн ортосунда айырмачылыкты көрсөтүп, “фуаадды” жан дүйнөгө таандык кылган. “Жүрөктөрү (фуаад жан дүйнө) эң назик” жана жүрөктү (колбду) жумшак кылып, “Жүрөктөрү жумшак” деп эки мааниге иштеткен.
Ошентип, биз Лисан ал-арабда айтылган сөздү алдык. Жүрөк – бул фуаад. Айтылды: анын ортосу. Айтышты: фуад – жүрөктүн кабыкчасы. Бул аятка карама-каршы келбейт. Анткени Мусанын энесинин жүрөгүнүн боштугуна жүрөк боштугу да жан дүйнө боштугу да кирет. Бул чыныгы боштук эмес, ал эч нерсе менен алек болбогондуктан, дендароо болуп калгандыктын кабарын берет. Жана Аллах Тааланын (لَولا أنْ رَبَطْنَا عَلَى قَلبِهَا) “Эгерде анын жүрөгүн күчтөндүрбөсөк” сөзү, Биз аны сабырдуу кылдык дегенди билдирет. Анткени, жүрөктү байлоо сабыр дегенди билдирет, аны жүрөгүнө байлады, демек аны сабырдуу кылды. Сөздүктө ушундай жазылган!
Урматуу бир туугандар!
Кээ бир аалымдар айтышты: (Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам) аларды жумшак жана назик жүрөктүү деп сыпаттаган. Анан аларга ыйман жана даанышмандыкты ыйгарды. Аны менен ыйманды Аллах Таала макулуктарына карата мээримдүүлүккө негизделгенин кабарлагандай болду. Аларга (Йемендиктерге) жумшак мамиле кылуу керектиги айтылды. Анткени “Ыйман – Йемендиктерде” деген сөзү алардын ыйман менен сыпаатталган өзгөчөлүгү айтылды. Даанышмандык – бул Аллахты ыраазы кылган жана Ал сүйгөн нерселерине жетишүү жана Ал ачууланып, жактырбаган нерселерин таштоо. Турмуш чындыгында көрүнүп тургандай бул нерсеге жетүү эскертүүлөрдүн тоскоолдугу менен болот, буга жумшак жана таза жүрөк аркылуу гана жетишүүгө болот. Анткени Аллахтын эскертүүчү тоскоолдук ар бир момундун жүрөгүндө, Кимдин жүрөгү таза болсо, ал бул тоскоолдукту жакшыраак түшүнөт жана ага жетүү үчүн натыйжалуураак болот. Ошондуктан, ал даанышмандыкты жүрөгү (жан дүйнөсү фуаад) назик болгонго ыйгарган. Жүрөк менен жан дүйнө (фуаад) бир нерсеге айтылышы мүмкүн, балким, жан дүйнө (фуаад) жүрөктүн ички бөлүгүнүн көрүнүшү болушу мүмкүн. Акылмандар айткан: Көкүрөк жүрөктүн сырты, жан дүйнө (фуаад) анын ичинде. Ошондуктан ал жүрөктү жумшак, жумшак нерсе ийилип, ийкемдүү болот деп сүрөттөгөн. Анткени “колб” сөзү өзгөрүп бир калыптан экинчиге өтүп түруучу сөздүн маанисин берет. Ошондуктан ал катууланып жумшарып бир калыптан экинчиге өтүп турат. Ибн Аббас Аллах алардан ыраазы болсун айтты: Жүрөк термелгендиктен бир калыптан экинчи калыпка өткөндүктөн жүрөк деп аталат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
«مَثَلُ الْقَلْبِ مَثَلُ رِيشَةٍ بِفَلاةٍ مِنَ الأَرْضِ تُقَلِّبُهَا الرِّيَاحُ ظَهْراً لِبَطْنٍ».
“Жүрөк шамал менен ары бери оодарылып кеткен ээн талаадагы бир тал канаттай”.
Ошондуктан ал Йемен калкынын жүрөктөрү жумшак жана ийкемдүү деп сыпаттады. Жүрөктүн ыйманга жана даанышмандыкка өзгөрүшү жана ийкемдүүлүгү, башка нерселерге караганда көбүрөөк. Алардын жүрөктөрү (фуаад жан дүйнөлөрү) назик болгондуктан, кайыпка ыйман келтирүүгө көбүрөөк күбө болушат, анткени назик нерсе тоскоолдуктардан өтүп кетет. Ал эми калың нерсени тоскоолдук тосуп калат, кимде-ким тоскоол пардадан өтүп кетсе, ыйманга, анын акыйкатына жана Аллах Таала жөнүндө айтылган хикматка жетет.
Жүрөктүн жумшактыгы менен кичи пейилдикке, моюн сунуу жана сабырдуулукка, текебердик менен төрө пейилдикти таштоого ишара кылышы мүмкүн. Анткени бул амалдар жүрөгү жумшак адамда гана пайда болот жана бул анын сырткы көрүнүшүнүн сыпаты. Алардын жүрөктөрүнүн назиктиги, боорукердиги, алар өздөрү үчүн жакшы көргөн нерсени башкаларга да жакшы көрүшкөн, башка адамдарга болгон ырайымдуулугу, аларга боорукердиги, аларга болгон назиктиги жана аларга болгон насааттары аркылуу болгондугуна ишарат кылгандай. Булар ички жан дүйнөнүн сыпааттамасы. Ошондуктан алар сыртынан да, ичинен да эң сонун адеп-ахлакка ээ экенин көрсөткөндөй.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «أَكْمَلُ الْمُؤْمِنِينَ إِيمَاناً أَحْسَنُهُمْ خُلُقًا» “Момундардын ыйманынын эң толугураагы – эң жакшы кулк-мүнөздүүлөрү”. Анын: “الإِيمَانُ يَمَانٍ” “Ыйман Йемендиктерде” деген сөзүнүн мааниси: Йемен калкы ыйманы жагынан эң кемчиликсиз адамдар дегени. Даанышмандык – ыйманы толук болгон адамдын сыпаттарынан. Аларды жумшак жүрөктүү деп сыпаттоосу алардын акыйкатты кабыл алганынын көрсөткүчү. Анткени Йемен калкы согушсуз Исламга даъват кылуу менен жооп беришти. Ошентип, алар ислам акыйкатын кабыл алышты, анткени алардын жүрөктөрү жумшак болгон. Канчалык далилдер көп болсо да, далилдер канчалык жүйөлүү болсо да, кимдин жүрөгү катуу болсо, ал чындыкты кабыл албайт. Аллах Таала айтты:
(فَقُلْنَا اضْرِبُوهُ بِبَعْضِهَا كَذَلِكَ يُحْيِي اللَّهُ الْمَوْتَى وَيُرِيكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ. ثُمَّ قَسَتْ قُلُوبُكُمْ مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ فَهِيَ كَالْحِجَارَةِ أَوْ أَشَدُّ قَسْوَةً). (البقرة 74)
“Ошентип айттык: “Аны бир бөлүгү (уйдун эти) менен ургула.” Аллах өлгөндөрдү ушинтип тирилтет жана түшүнүшүңөр үчүн силерге Өз аяттарын көрсөтөт. Ошондон кийин жүрөгүңөр таш сыяктуу, же андан да катуу болуп калды”. (Бакара 74).
Кимдин жүрөгү катуу болсо, далил белгилер көрүнсө да акыйкатка кайтпай турганын, ал эми аяттарды жүрөктөрү катуу болгондордун сыпаттарына карама-каршы (жүрөктөрү) болгондор гана түшүнөрүн кабарлады. Ошон үчүн аларга ыйманды аларга ыйгарды, анткени алар ыйманды согушсуз жаңжалсыз кабыл алышкан. Даанышмандыкты да аларга ыйгарган, анткени акылмандык даанышмандык – чындыкка жетүү. Ошондуктан алар жүрөктөрүнүн жумшактыгы менен акыйкатка жетишти жана акыйкатты кабыл алуусу үчүн ыйман келтиришти. Анын “أَرَقُّ أَفْئِدَةً” “жүрөктөрү (жан дүйнөлөрү) эң назик” деген сөзүнүн мааниси алардын кайыпка ыйман келтирүүгө болгон көз караштарында назиктик бар экенине ишарат болсо керек. Алардын ички абалына караганда сырткы көрүнүштөрү күчтүүрөөк экенине ишарат кылгандай. Муну алардын абалына күбө болгондор билишет. Аллах Таала эң бийик жана Билүүчү.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 14-зул хижжа.
2025-ж, 10-июнь.