Ыссык-Көлдөгү айкелдер

72
0

Ыссык-Көлдөгү айкелдер

Бир нече күндөн бери Ыссык-Көлдө орнотулган эки айкел тууралуу кызуу талкуулар болуп жатат, дагы эле талаш-тартышуулар токтой элек. Эске салсак, Балыкчы шаарында жеке компания грек мифологиясындагы кудайчалардын айкелин орноткон. Бирок, эл арасында бул айкелдер жөнүндө резонанс жаралгандан кийин компания бул айкелдер жөн гана декорация экенин айтып актанууга аракет жасады.

Ошол эле маалда коом ичинде бул айкелдерге каршы чыккандар болуп, колдогондору да бар. Ал эми «светскийлер» анын эч кандай саясатка да, динге да тиешеси жоктугун билдиришүүдө. Алардын арасында «Батыштын телефонун, интернетин, машиналарын колдонуп жатасыңар го, эмне үчүн бул айкелдерге каршы чыгасыңар? Андай болсо Батыштын технологияларын колдонбой койгула» дегендер да болуп жатат. Өкүнүчтүүсү, кээ бир мусулмандар да билип-билбестен бул айкелдердин орнотулушун колдоп жатышат.

Негизи маданият өзгөчө жана жалпы болуп эки түргө бөлүнөт. Мисалы, ошол эле айкелдерди, айкел жасоону алсак, алар куфр дүйнө карашынан келип чыккан нерселерден, тагыраагы, өзгөчө маданият болуп эсептелет. Мындай маданият көрүнүштөрүн кабыл алуу Исламга тескери. Себеби алар Исламдан башка дүйнө караштан келип чыккан. Андай маданият көрүнүштөрү Батыштын динди жашоодон бөлгөн идеясынын натыйжасы. Ал эми Ислам жашоонун бардык тармагын ийне-жибине чейин камтыйт. Исламда дин жашоодон бөлүнбөйт, арийне ал жашоонун бардык иштерине: саясатка, маданиятка,  башкарууга жана башкаларга өкүм берет.

Ал эми маданияттын экинчи түрүнө келсек, бул – жалпы маданият. Илим жана өнөр жайдын натыйжасында пайда болгон нерселер жалпы маданиятка кирет жана алар кандайдыр бир дүйнө караштан келип чыккан эмес. Тагырак айтканда, телефон, интернет, машина сыяктуу технологиялар илимдин, илимий өнүгүүнүн натыйжалары болуп эсептелет. Бул технологиялар аларды ойлоп тапкан адамдардын дүйнө таанымын чагылдырбайт. Алар – илимдин продукциясы. Ошондуктан мусулмандар аларды колдонсо Исламга тескери нерсени колдонгон болуп калбайт. Андан тышкары Батыш бул технологияларды бизге кайрымдуулук сыяктуу берип жаткан жок. Тескерисинче ал үлкөн пайда көрүп жатканы үчүн бул технологияларды бизге экспорттоп жатат. Батыш өзүнүн материалдык пайдасын жана кызыкчылыгын гана ойлойт. Ошондуктан алардын технологиясын бетке кармоонун кереги жок. Кала берсе, Батыш бул технологияларын бизге чектеп же тыйып коё албайт. Себеби анын негизги мүдөөсү материалдык пайда болгону үчүн андай кадамга барбайт.

Ушул айтылган нерселерге таянып мусулмандар маданияттын кайсы түрүн кабыл алса болоорун, кайсы түрү болбой турганын аңдап жетиши зарыл. Ал эми жогорудагы айтылган айкелдер Исламга тескери. Себеби, айкел жасоо куфр дүйнө карашынан келип чыккан маданият болуп, Ислам айкел жасоону харам деп эсептейт. Андан тышкары, бул айкелдер байыркы грек маданиятынын кудайлары болуп эсептелишет. Ошондуктан бул жана ага окшогон башка көрүнүштөрдү четке кагуу керек. Себеби алар Исламга карама-каршы болуп, мусулмандардын акыйдасын бузууга, коомубузга жат пикирлердин кирип келүүсүнө жол ачат.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here