Кыргызстандын жаңы өнүгүү долбоору — бул утопия
Садыр Жапаров 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын бекитүү боюнча жарлыкка кол коюп, бул боюнча кайрылуу жасады. Документке ылайык, программа төмөнкү негизги багыттарды камтыйт: экономика жана социалдык саясат, руханий баалуулук жана экологиялык туруктуулук. Ошондой эле жакындап келе жаткан шайлоону эске алганда, жашоо сапатын жакшыртуу, билим берүүнү өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана инфраструктураны модернизациялоо сыяктуу ураандарга өзгөчө көңүл бурулган. Садыр Жапаровдун кайрылуусу – бардык максаттар негизги максатка каратылган —ал жарандарга ардактуу, коопсуз жана келечектүү жашоо камсыз кылуу – деген мааниде айтылды.
Программа төрт артыкчылыктуу багыттын негизинде түзүлгөн:
Индустриализация — экспортко жана кошумча наркы жогору продукция чыгарууга басым жасоо менен заманбап өнөр жай базасын түзүү.
Кыргызстанды аймактык хаб катары — Кытай, ЕАЭБ мамлекеттери жана Түштүк Азиянын ортосундагы транзиттик логистикалык борборго айлантуу.
Айыл чарба жана туризм — органикалык өндүрүштү жана туруктуу экотуризмди өнүктүрүү.
Жашыл энергетика — ички туруктуулук жана экспорт үчүн суу ресурстарын жана калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу.
Анда эмесе, эмне үчүн президенттин койгон максаттары жана сунуштары акыйкаттан алыс экенин талдап көрөлү.
Мисалы — индустриализация. Максат – экономиканы диверсификациялоо жана кошумча наркка багытталган продукция чыгаруу — чынында акылга сыярлык жана туура багыт болуп эсептелет. Натыйжасы чындап эле жумуш орундарын бир аз болсо да көбөйтүүгө жана бюджет кирешесин көбөйтүүгө алып келиши мүмкүн.
Бирок ошол эле учурда бул багыттардын кемчиликтери жана тобокелчиликтери бар экенин белгилеп кетели:
Эң биринчи — бул Кытайдын инвестициясына жана технологияларына болгон көз карандылык. Аймактагы индустриализациянын негизги бөлүгү толугу менен Кытайдын өнөр жай зоналары, кредиттери жана жабдуулары аркылуу ишке ашууда. Бул технологиялык эгемендүүлүктүн жоготулушуна алып келиши мүмкүн. Андан соң, эң олуттуу маселе — карызга батуу болот (мисал катары “Камбар-Ата” долбоору жана Кытайдын инфраструктуралык кредиттери). Ошондой эле алсыз экономикалык саясат шартында индустриализация квалификациялуу кадрлардын сыртка кетишине алып келет. Эмгек шарттарынын атаандаштыкка жөндөмсүздүгүнөн улам адамдар баары бир Россияга кетүүнү уланта беришет. Экономикалык саясатта дагы чоң боштук бар жана улуттук өндүрүш стандарты жетиштүү иштелип чыккан эмес, жергиликтүү бизнести колонизатор өлкөлөрдүн экспансиясынан коргоо чаралары алсыз.
Эми аймактык хаб тууралуу. Оң жактары — Евразиянын чок ортосунда, ынгайлуу географиялык жайгашуусу. Ошондой эле инфраструктурага инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү артыкчылыкка кирет, бирок, тилекке каршы, алар дагы сырттан келет.
Эми, тобокелчиликтер жана кемчиликтер тууралуу айтсак:
Биринчи — бул саясий жана экономикалык туруксуздук, бул нерсе инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн ишенимин төмөндөтөт. Андан соң Кыргызстан негизги транспорт агымдарын көзөмөлдөй албайт жана көзөмөлдөбөйт — бул агымдарды долбоор боюнча Кытай (Жаңы Жибек жолу) жана Россия (ЕАЭБ) көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, дагы бир терс жагы — эгер Кытай менен ЕАЭБ ортосундагы мамиле курчуп кетсе, Кыргызстан эки тараптан тең кысымга кабылышы мүмкүн болгон жогорку геосаясий тобокелчиликтерге туш болот.
Эми айыл чарба жана туризм тууралуу. Кыргызстан чындап эле мыкты экологияга жана органикалык азыктарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок бул үчүн чоң көлөмдөгү кайра иштетүү программалары керек экенин түшүнүү зарыл. Дал ушул программалардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугунан айыл чарба продукциясынын көбү чийки түрүндө сатылып, кошумча нарк аз болот. Ошондой эле айыл чарба аба ырайына катуу көз каранды жана бул тармак сырткы соккуларга туруштук бере албайт.
Кыргызстандагы туризм кооз тоолору жана керемет Ысык-Көлү менен табигый жана маданий потенциалга ээ. Бирок туризм саясий туруксуздук, инфраструктуралык көйгөйлөр жана Кыргызстандын эл аралык брендинин жоктугу себептүү олку-солку болуп турат. Туризмди экономиканы өнүктүрүүдө негизги булак катары баалоо күмөндүү, анын үстүнө дүйнө боюнча ийгиликтүү мисалдар дээрлик жок. Туризм, сезондук кирешеден тышкары, маданият тармагында тобокелчиликтерди да жаратат. Эгер туризм туура нукка багытталбаса, анда ал улуттук жана руханий баалуулуктарга залал келтириши мүмкүн (мисалы, маданий мурастын ордуна көңүл ачууга артыкчылык берилсе).
«Жашыл энергетикага» келсек, Кыргызстанда чоң гидроэнергетикалык потенциал бар, бирок ГЭС куруу бул өтө көп каражат талап кылган долбоор экени айтпаса да түшүнүктүү. Кыргызстан бул долбоорлорго аралашканда Кытай же Россиядан инвестиция алууга аргасыз болот, ал эми бул — тикелей эле колонизаторго көз карандуулукка алып баруучу жол, максаты — кул кылуу. Бизге, албетте, бул долбоорлор таза энергияны экспорттоого мүмкүнчүлүк берет деп ишендиришет, бирок энергия экспорту ар дайым арзан баада болуп келген. Мунун үстүнө, ички инфраструктура дагы деле алсыз жана эски бойдон калууда.
Эң негизгиси — мындай долбоорлор Кыргызстанда ар дайым коррупцияга кабылып келгендиктен алардын ишке ашуусу кыйла кечеңдейт, же каражаттарды максатсыз колдонуудан улам таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн. Мындай долбоорлор башкаруунун алсыздыгынан улам өзгөчө сууга муктаж Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу өлкөлөр менен чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.
Эгер долбоордун жана бул пландын кемчиликтери тууралуу уланта турган болсок, анда анда маданият жана руханий өнүгүү багытында стратегиялык сызык такыр жок экени көрүнүп турат, ал эми бул багыттар негизги максат катары жарыяланган болчу. Башкача айтканда, элдин руханий баалуулуктарын кантип бекемдөө пландалып жатканы такыр түшүнүксүз. Бир тараптан өнүгүү тууралуу сөз жүрүп жатканда чакта, экинчи жагынан диний укуктарга чектөө коюлуп, басмырлоо күчөп жаткан шартта билим берүү, өзгөчө руханий тарбия жаатына такыр эле көңүл бурулбагандай. Ошондой эле өнүгүүнүн өзөгү, негизи боло турган туруктуу, бир бүтүн идеология тандалып алынган эмес. Ал эми идеологиялык жана маданий негиз болбосо экономика бу жакта турсун, улуттук биримдикти түптөө да ишке ашпас кыял болуп калат .
Булардын бардыгын мамлекет институттук базаны өзгөртпөстөн ишке ашырууну көздөйт, ал эми бул база өлкөдө абдан алсыз бойдон калууда. Бул пландын кандай гана бөлүгү болбосун, ал кандай гана идеалдуу болбосун, башкаруу түзүмүн реформалоосуз, коррупцияны жок кылбай туруп ишке ашырууга талпынуу ийгиликсиздикке учурайт.
Долбоордо тышкы көз карандылыктан коргонуу механизмдери көрсөтүлгөн эмес, балким анын үстүндө такыр эле иш жүрбөгөндөй сезилет. Бул механизм иштелип чыкпаса өлкө менен эл кайрадан эле колонизаторлордун кулчулугуна түшөт. Технологиялык эгемендүүлүк же ички бизнести өнүктүрүү тууралуу да сөз жок.
Дагы суроолор калууда. Мисалы, индустриализация жана энергетика жөнөкөй жарандын жашоо сапатына кандай таасир берет? Жумушсуздук кантип азаят, айыл менен региондор кантип бекемделет, кирешелер кандайча адилет бөлүштүрүлөт?
Акыры, Кыргызстан – Кытай, Россия жана Батыштын ортосунда тең салмактуулук издеп турган шартта бул долбоор геосаясий көз карандылык маселесин эч канча чече албай турганын көрүп турабыз. Бул өлкө үчүн саясий туруксуздуктун эң эле аз көрүнүшүндө да экономикалык соккулардын коркунучун жана тобокелдигин жаратат. Ошондой эле Кытайдын кредиттеринин эсебинен инфраструктура жана ГЭСтерди куруу аркылуу карыз тузактарына түшүү коркунучу жаралат.
Эми руханий жаат жөнүндө айтсак, экономикадан тышкары, алгач идеологиялык таяныч жөнүндө ойлонуп, аны орнотуу зарыл, бул таяныч маданияттын өзгөчөлүгүн сактап гана тим болбостон, жарандарды башка элдер жана өлкөлөр үчүн өрнөк кылып алып чыгат. Бул жерде басым салттуу улутчулдукка эмес, элди өнүгүүгө жетелей турган, башка элдер менен бириктирүүчү кудуретке ээ диний платформага жасалышы керек. Эгер андай болбосо, пайданын артынан гана кууган капиталисттик пикирлер коюлган максаттарды жана маданиятыбызды ошол капиталисттик өлкөлөрдөгүдөй түп орду менен жууп жок кылат.
Кыргызстандын экономикалык жана айрыкча руханий жандануусунун планы жалаң гана прагматикалык болбошу керек — ал шыктандыруучу, ойготуучу, жаңы доордо жана жаңы формада улуулукту калыбына келтирүүгө чакырган план болушу керек.
Эгер өнөр жай тууралуу айта турган болсок, анда жок дегенде оор өнөр жай — мисалы, машина куруу багыты болушу шарт. Ал эми энергетика колонизаторлордон бүтүндөй көз карандысыз болушу керек. Аларсыз мамлекет чыныгы эркин жана күчтүү боло албайт. Мамлекет кул кылууну адат кылып алган колонизаторлордун кредиттерине эмес, бекем ишенимге, өз элине жана өз эркине таянып курулушу керек. Ал эми экономикалык кубат улуу максатты ишке ашыруунун каражаты гана болушу керек. Анткени кыргыз элинин жаны, нарк-насили материалдык баалуулуктардан алда канча жогору турат.
Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүндө жалгыз болбошу керек. Жаныбызда эле кыбыласы бир, намазы бир, жаназасы бир, бир тууган коңшу мамлекеттердин элдери жашайт, булар кезинде бир бүтүн ислам үммөтүнүн бөлүгү болгон. Ошол эле Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан, Түркия сыяктуу — бизди жалпы тарыхыбыз эле эмес, ыйман нуру бириктирип келген элдерге кол сунуубуз учурдун талабы. Балким пайда үчүн эмес, биригүү үчүн, чыныгы кубатка ээ болуу үчүн бири бирибизге кол сунушубуз керек. Дагы бир жолу пайда үчүн эмес, мусулмандардын кенен келечеги үчүн.
Эми ошондой жаңы мамлекет жаралышы мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн, анткени тарых тастыктагандай андай мамлекет дүйнөдө өкүм сүргөн, жана учурда долбоор сыпатында анын түйүлдүгү калыптанып келүүдө, жана анын кайрадан жашоого кайтып келүүсү жакындап келе жатат. Борбордук жана Түштүк Азиядагы ислам өлкөлөрүнүн биригиши — кайсы бир империянын туусу астында эмес, Ислам Халифатынын желеги астында болушу керек. Ал логистика, технология жана энергетика менен байланышкан болу п көрбөгөндөй экономикалык өнүгүүнү камсыз кылат. Анда илим-билим, бизнес эле үйрөтүлбөстөн, ыйман, маданият жана ар-намыс да сиңирилет. Ал курулай ислам ураанына оролбостон – Ааламдардын Эгеси Улуу Аллахтын ыраазылыгын максат кылган руханий биримдиктин, адилеттүүлүк жана тынчтыктын ордосу болот, иншАллах.
Бул утопия эмес — бул чыныгы чакырык. Дүйнө көптөн бери залалаттын баткагына батып, урандыга айланып, бөлүнүп-жарылып жатат. Батыш адамзаттын таштанды дооруна карай багыт алса, чыгыш – экономикалык лидерлик үчүн күрөшүп жатат. Биз болсо — Ислам идеологиясына негизделген – ыйман жана күч кубаттын жолун тандашыбыз керек.
Кыргызстан жаңы доордун лидери жана барсканы болушун каалайбыз. Сан жагынан аз болсо да, сансыз кубатка ээ болуусун каалайбыз. Исламды тарыхый эстелик катары эмес, келечек күч катары кайра жандандыруучу өлкө болсун. Сатылбас жана коркпос мамлекет болсун. Ислам дөөлөтүн куруп, башкаларды артынан ээрчиткен өлкө болсун.
«(Эй, момундар!) Силерге жагымсыз болсо да, согуш парз кылынды. (Бирок) силерге жагымсыз нерсе, (балким) силер үчүн жакшыдыр. (Ал эми) силерге жагымдуу нерсе, (балким) силер үчүн жамандыр. Аллах билүүчү. Силер билбейсиңер»
(Куран, 2:216)
Бул аят чыныгы жакшылык көп учурда биздин каалоо-пландарыбызга дал келбей калышы мүмкүн экенин, ал эми сыртынан түйшүктүү же жагымсыз нерселерге баш ийүү — акыры жакшылыкка алып келиши мүмкүн экенин үйрөтөт. Коомдун өнүгүүсү үчүн бул жол кайраттуулукту, тайманбастыкты, дайымий аракетти, талыкпас эмгекти, реформаларды жана темирдей тартипти талап кылат, жана бизди бул ишмердүүлүк кооптондурушу мүмкүн, бирок дал ушул эмгек келчекте өнүгүп-өсүүгө жана акыреттик ийгиликке алып келет.
Латыфуль Расых