Казакстан Борбор Азиядагы никабга каршы күрөшүү кербенине кошулмакчы
Казакстан парламентинин жогорку палатасы “Бузууларды алдын алуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык коомдук жайларда паранжа, никаб жана бетти толугу менен жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы жазды.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө бир гана медициналык муктаждык, жарандык коргонуу, мыйзам талабы, катаал аба ырайынын шарттары же спорттук жана маданий иш-чаралар учурунда гана бетти жапкан кийим кийүүгө уруксат берилери белгиленген.
Президент Касым-Жомарт Токаев быйыл март айында өткөн Улуттук курултайдын жыйынында бети жабылган кара кийимдердин ордуна улуттук стилдеги кийимдерди жайылтуу зарылдыгын белгилеген.
Белгилүү болгондой, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда да никаб шылтоосу менен Исламга каршы мыйзамдар кабыл алынган. Айрыкча, Өзбекстан менен Тажикстанда мезгил-мезгили менен рейддер жүрүп, полиция көчөдө бара жаткан сакалдуу же никабчан адамдарды токтотуп, “диний экстремизм” шеги менен полиция бөлүмүнө алып барган учурлар арбын. Өткөн айда Кыргызстанда да күч кызматкерлери түштүк региондо никабга каршы рейддерди жүргүзгөн эле. Учурда казак бийлиги бул күрөш кербенине кошулуу босогосунда турат.
Албетте, Борбор Азиядагы бийликтердин Исламга каршы күрөшү дароо эле башталган эмес. Балким, өз оппоненттерин жок кылып, диктаторлук режимди орноткондон кийин башталган. Маселен, Өзбекстан канкору Каримов 1999-жылы, 16-февраль жардыруусун уюштургандан кийин массалык түрдө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн баштаган.
Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон болсо терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда, ал тургай жаңы төрөлгөн балдарга Исламий ат коюуга тыюу салды. Тажикстан бийлиги он миӊдеген кишинин сакалын мажбурлап алдырып, миңдеген аялдын хижабын чечтирди.
Түркмөнстанда болсо расмийлер өздөрү “динчил” деп эсептеген жарандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшүп, Куръандан башка ар кандай диний адабиятты конфискациялап келет. Түркмөнстан өкмөтү Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Өзбекстан жана Тажикстандан кем калбайт. Мамлекеттин күч түзүмдөрү тарабынан 50 жашка чейинки мусулмандардын сакалын мажбурлап алдыруу, андан соң арак ичүүгө мажбурлоо, буга моюн сунбаган ыймандуу мусулмандарды катуу таяктап, эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга камап салуу адаттагы көрүнүшкө айланып калган. Мамлекеттик кызматкерлер жана аскер кызматкерлери үчүн намаз окуу сыяктуу ибадаттарга тыюу салынган. Буга моюн сунбагандар дароо иштен алынышат жана ар түрдүү материалдык жана физикалык кысымдарга кабылышат.
Кыргызстанда болсо өткөн жылы Ислам динин жана мусулмандарды чектөөгө багытталган дин тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды. Мунун алкагында муслима эже-карындаштарыбыздын никаб кийүүсүнө тыюу салынды. О.э даават жүгүн көтөргөн мусулман боордошторубузга каршы күрөш күчөтүлүп, убактылуу кармоочу жайларда токко тарттыруу, уруп-сабоо сыяктуу мыйзам тышындагы көрүнүштөр адатка айланып барууда. Муну менен өлкө бийлиги коомдо терең тамыр жайып бара жаткан исламий чөйрөнү көзөмөлгө алууга аракет кылууда.
Ал эми, Казакстанда Исламий баалуулуктарга каршы күрөш мектептердеги окуучу кыздардын жоолук салынуусуна тыюу салуунун аркасынан катуу күчөгөн.
Түпкүлүгүндө, никаб жана сакалга тыюу салуу бул диктатор режимдер ээрчип жаткан демократиялык баалуулуктарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, демократиянын чордону болгон Батыштын өзү идеясынан баш тартууну эчак эле баштаган. Башкача айтканда, Батыш үчүн бул эркиндиктер Ислам жана мусулмандардан башкаларга гана колдонулат. Маселен, сатанизм же дагы башка бузукулуктар үчүн дин эркиндиги берилет. О.э мусулмандардан башкалар үчүн каалагандай кийим кийүүгө а түгүл, жылаңач жүрүүгө жол ачып беришет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Муну Франциянын 2004-жылы окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салуусу, хижаб кийген кызматкер муслималарды мамлекеттик мекемелерден кууп чыгаруусу, 2010-жылы коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салуусу ачык көрсөтүп турат!
Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет! Айрыкча, Чыгыш Түркистан, Ооганстан, Сирия жана акыркы Газадагы болгон окуялар эркиндик, аялдар жана балдардын укугу деген ураандар бомбалар менен кошо жерге көмүлүп калганын көрсөтүп койду.
Түпкүлүгүндө, мусулмандар никабды эки жүздүү демократтар уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кийбейт. Тескерисинче, Исламий баалуулук жана өкүм катары кийишет. О.э сакалды кафирлер жана анын малайлары тыйып койгону үчүн өстүрбөй калбайт. Тескерисинче, жашоонун бардык тармагына өрнөк болгон Мухаммад мустафа (с.а.в)дын сүннөтү болгону үчүн өстүрөт. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар Борбор Азиядагы диктатор режимдердин Исламга каршы күрөшүнө жапа тырмак каршы туруубуз шарт. Анткени, бүгүн никаб менен сакалга тыюу салган бийликтер, эртең дааватыбызга, намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.
Мумтаз Маверанахрий