Темир жол темирдей көз карандуулукка алып келет
Пекин шаарында үч мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда “Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду. Документ каржылоо, курулуш жана башка маселелерди жөнгө салат. Кол коюу аземи 2025-жылдын 6-июнунда болуп өттү.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол компаниясы” ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлган. Ал эми 2024-жылдын 27-декабрында темир жол курулушунун башталышынын расмий аземи өткөрүлгөн.
Бул темир жол Кашгар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Андижан багыты боюнча өтөт. Жылына 15 миллион тоннага чейин жүк ташуу күтүлүүдө жана жүктөрдүн жеткирилүү убактысы 7 күнгө кыскарышы айтылууда. Долбоорго ошондой эле транзиттик-логистикалык инфраструктураны, кампаларды жана терминалдарды куруу да кирет.
Биринчи кезекте, Кытай үчүн бул жөн гана темир жол эмес. Бул — анын глобалдык таасиринин жаңы артериясы. Кытай (Россия жана Казакстан аркылуу өтүүчү) салттуу маршруттардан четтеп, тарыхта империялар кербен жолдорун кургандай Борбор Азияга жаңы жол салууда. Бул темир жолду — геосаясаттын уландысы, ал эми анын рельстерин — таасир тилкелери катары бааласак туура болот. Бул тилкелер аркылуу контейнерлер эле эмес, саясий-экономикалык кызыкчылыктар жана келишимдер да чуркамай болду. Демек, бул долбоор Кытайдын Борбор Азиядагы таасирин бекемдеп, аны Азия менен Европанын ортосундагы негизги транзиттик түйүн кылат. Кытайдын экономикалык кызыкчылыгы ачык-айкын жана прагматикалык мүнөзгө ээ. Ал транзитти бекемдөө, экспортту ылдамдатуу, логистиканы көзөмөлдөөнү каалайт. Бул жол Кытай үчүн жөн эле Өзбекстан же Кыргызстанга жол эмес — бул Евразиянын жүрөгүнө карай жол. Бул жолдун ар бир чакырымы — Пекин өз таасирин жайылтып жаткан аймак.
Ошондой эле бул долбоор аркылуу логистикалык маршруттарды кыскартуу максаты каралган. Бул Казакстан менен Россияны айланып өткөн жаңы жол (геосаясий татаалдыктардан улам өзгөчө актуалдуу). Жүктөрдү Европага жана Жакынкы Чыгышка жеткирүү 7–10 күнгө кыскарат, бул экономикалык жактан маанилүү. Бул долбоор Казакстан жана Транссибирь аркылуу өтүүчү маршруттардын куржалак калтырбаса да жүгүн бир топ азайта турган долбоор болот. Ошондой эле, бул маршрут Кытайдын жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыздай алат. Бирок Кыргызстан үчүн бул долбоор кыйла татаал. Кыргызстан чоң державалардын кызыкчылыктарынын ортосунда көпүрө болуп турат. Бир жагынан, өкмөт бул долбоорду өнүгүүгө карай кадам, жаңы жумушчу орундар, салыктар, экономикалык жандануунун мүмкүнчүлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Экинчи жагынан, коомчулукту тынчсыздануу каптап: ким курат, ким ага ээ болот, бул жол кимге таандык болот деген суроолор элдин уйкусун бузууда? Колго кире турган пайданын артында: “эртең мамлекет суверенитетинин бөлүгүн темир жолго алмаштырып жиберсечи?”- деген чочулоо да бар!
Кытайдын долбоорду каржылашы менен экономикалык таасири дароо күчөйт. Кытай долбоордун негизги бөлүгүн каржылайт, бул өлкөлөрдү Кытайга көз каранды кылып, анын саясий таасирин арттырат. Мындай долбоорлор Кытайдын саясатына көз каранды болууга алып келет. Каржылоо насыя түрүндө берилет жана анда кытай компаниялары катышат. Натыйжада, карызга байланыштуу көз карандылык коркунучу пайда болот (Шри-Ланканын Хамбантота портуна окшоп).
Саясий жактан алганда, Кыргызстанда салттуу түрдө Кытайга карата ишенимсиздик бар, айрыкча эгер жумушчу орундарын негизинен кытайлар ээлеп калса коомдо чыңалуу күчөшү мүмкүн. Өкмөт бул долбоорду куткаруучу мүмкүнчүлүк катары баалашы мүмкүн, бирок бул Кытайдын тузагына түшүүнүн эң жеңил жолу.
Кытай бул долбоор аркылуу өзүнүн экономикалык таасирин, логистикалык артыкчылыктарын жана саясий таасирин бекемдейт. Кыргызстан болсо, болгону бир ууч элита мүчөлөрү кандайдыр бир пайда көрүп калат деген үмүттө өзүнүн суверенитетин жоготуу жана Кытайдын карыз тузагына түшүп калуу коркунучуна туш болот.
Акыр-аягында, эгерде каржылык кыйынчылыктар жаралса, логистикалык объекттер кытай компанияларынын көзөмөлүнө өтүшү мүмкүн (концессиялар, күрөөлөр ж.б. аркылуу). Пекин саясий басымды күчөтүп, коопсуздук, логистика, киберкоопсуздук жаатындагы талаптарын таңуулайт. Мындан тышкары, Кытай ислам каршылыгы сыяктуу сезимтал маселелерде да басымын күчөтүшү мүмкүн (мисалы, Синьцзян маселеси). Ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде да саясий чыңалуунун өсүп жатканын унутпаш керек. Бул темир жол — Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды байланыштырып турган инфраструктуралык долбоор эле эмес, өзгөрүп жаткан дүйнөлүк тартиптин символу болушу мүмкүн. Сыртынан — шпалдар, тоннелдер, миллиондогон тонна жүк. Ал эми ичинде — саясий амбициялар, коркуу, убадалар жана теңдешсиз мүмкүнчүлүктөр. Андыктан, кыргыз өкмөтү бул жол менен өз элин кайда алып барып жатканынын үстүндө жети өлчөп, бир кесиши керек.
Хужжат Жамия