Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Моюн сунуу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
خْبَرَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ، قَالَ: حَدَّثَنَا اللَّيْثُ، عَنْ يَحْيَى بْنِ سَعِيدٍ، عَنْ عُبَادَةَ بْنِ الْوَلِيدِ بْنِ عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ، عَنْ عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ، قَالَ: «بَايَعْنَا رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي الْعُسْرِ وَالْيُسْرِ وَالْمَنْشَطِ وَالْمَكْرَهِ، وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ، وَأَنْ نَقُومَ بِالْحَقِّ حَيْثُ كُنَّا لَا نَخَافُ فِي اللَّهِ لَوْمَةَ لَائِمٍ» (السنن الكبرى للنسائي 6551)
Бизге Кутайба ибн Саид Убада ибн ас-Самиттен риваят кылган хадисте айтты: “Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламга) кыйынчылыкта жана жеңилдикте да, жакшы көргөн учурда жана жаман көргөн учурубузда да угуп, моюн сунууга байъат бергенбиз. Жана бийликти бийлик ээлеринен талашпоого, кайсы жерде болсок дагы, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эч бир айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой, акыйкатты жакташыбыз үчүн байьат бергенбиз” (Сунанул-Кубра, ан-Насаи, 6551).
Сөздөрдүн эң жакшысы Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын хидаяты.
Бул хадис бизди Аллах Таала сүйгөн жана ыраазы болгон амалдарды аткарууга үндөйт. Бул жерде Убада бин ас-Самит сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун), алар Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны угуу жана анын буйругун аткаруу үчүн байъат беришкени жөнүндө айтып жатат. Жеңил же кыйын абалдабы, аракетчил эмгекти сүйгөн абалдабы, же кыйынчылык жана түйшүктүү абалдабы, айырмасы жок буйруган нерсени угуп, аны толук аткаруу – баш ийүүнүн эң жогорку даражасы. Бул ким Исламга кирип, аны өз жашоосун жөнгө салуучу дин катары кабыл алса, Ислам алып келген нерселердин бардыгын Шарият көрсөткөн үзүрдөн башка учурда жагдай кандай болсо да эч шылтоосуз жана үзүрсүз аткарышы керек экендигине далалат кылат.
Насста бийликти жана кожоюндукту сүйүүгө болгон адамдык каалоолорубузду жеңүү жана алардын канааттануусун жөнгө салуу үчүн иш-аракеттерибиз бар экени айтылат. Бул бийликке умтулуп, аны бийлик ээлери менен талашып-тартышпашыбыз үчүн. Анткени бийлик биздин арабыздан кимдир бирөөнө жүктөлсө, ал корголушу керек болгон аманат болуп саналат. Насс бизди дайым акыйкат адамдары менен бирге болууга чакырат. Акыйкатты айтууда жемелөөчүнүн жемесинен коркпостон бир гана Аллахтан коркууга чакырат. Акыйкат ээлери Исламды турмушка ашыруу үчүн аракет кылгандар жана аны ислам үммөтүн адилетсиздиктен жана баш ийбестиктен коргогондор. Мындай адамдар эч кимге жашыруун эмес, алардын арасында адам баш аламан болбойт.
Аллахтан бизди Анын буйруктары менен амал кылуучулардан, акыйкат ээлеринен, ага сабыр кылуучулардан, шариятты ишке ашыруучу жана аны коргоочулардан кылуусун тилейбиз. Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 12-зул хижжа.
2025-ж, 8-июнь.