Кепилдик системасы Перс булуңундагы падышачылыктарда мусулмандарды басынтуу үчүн колдонулган камчы
Кепилдик (кафала) системасы Перс булуңунда жыйырманчы кылымдын башында, Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташы жана калкы аз болгон жаңыча мамлекетчелердин жаралышынан кийин пайда болгон. Бул система 1950-жылдары мунайдын табылышы менен кеңейип, Перс булуңундагы падышачылыктар өздөрүндө эмгек күчү жок болгондуктан, чет элдик жумушчу күчүнө муктаж боло башташкан. Ошол эле учурда британ жана америкалык мунай компаниялары мунайды чалгындоо, өндүрүү жана дүйнөлүк рынокко экспорттоо тармагында үстөмдүк кылышкан.
Келген чет элдик жумушчулар айыл чарба жумушчулары, төө жана мал багуучулар, айдоочулар жана үй кызматкерлери болуп иштешкен. Кепилдик системасынын негизги максаты – зарыл болгон жумушчу күчүн тез арада өлкөгө киргизүү жана муктаждык бүткөндө оңой эле кайра чыгарып салуу болгон. Бул система аркылуу Перс булуңундагы падышачылыктар кепилдерге – жеке адамдарга же жергиликтүү компанияларга – чет өлкөлүк жумушчуларды алып келүү, аларды ишке орноштуруу, жашаган жана иштеген жерлерин көзөмөлдөө, юридикалык макамын аныктоо жана кайра кетирүү укуктарын жана жоопкерчилигин толугу менен жүктөгөн.
Кепилдик системасы заманбап кулчулуктун бир формасы
Кепилдик системасы мигрант жумушчуларды иш берүүчүлөргө толугу менен көз каранды кылган, алардын бири-бири менен болгон мамилесин бузган жана алардын укуктарын коргоо аракеттерине тоскоол болгон система катары белгилүү. Бул система жумушчулардын паспортторун иш берүүчүлөрдө карматып коюуга, алардын узак сааттар бою эмгектенүүсүнө, иш жана жашоо шарттары жөнүндө маалыматтын жоктугуна алып келет. Көптөгөн өлкөлөр бул системаны адамдарды сатып алуу жана башкаруу формасы катары кароодо, анткени ал жумушчунун башка жумушка өтүшүнө тыюу салып, көпчүлүк учурда качууга мажбур кылат.
Мигрант жумушчулар мамлекет тарабынан берилчү турак жай, медициналык тейлөө жана балдары үчүн мамлекеттик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн четтетилет. 1990-жылдан тартып, араб өлкөлөрүнөн келген жумушчуларды чыгыш азиялыктар алмаштырган. Алар эми түпкү калктын 80–90%ын түзөт, эң аз үлүш Оманда.
Адам укуктарын коргоо уюмдары бул системаны “заманбап кулчулук” деп атап, Перс булуңундагы мамлекеттерди катуу сынга алышкан. Алардын айтымында, бул система мигрант жумушчуларды эксплуатациялоого жагдай түзүп берип жатат. Иш берүүчүлөр көп учурда жумушчулардын паспортторун тартып алышып, аларды зомбулук менен иштетип жатышат, ал эми мыйзамдык жоопкерчиликке тартылуу ыктымалдыгы өтө төмөн. Көпчүлүк жумушчулар акыры өз өлкөлөрүнө депортацияланышат. «Экономист» журналы көрсөткөндөй, Эл аралык кесиптик кошуундар федерациясы 2014-жылдагы докладында мындай деп билдирген: «Мигрант жумушчулардын абалы кепилдик системасы оңдолмоюнча жакшырбайт, анткени азыркы шартта жумушчулар визасын алып берген иш берүүчүгө карыздар абалда калып жатышат. Бул система Перс булуңундагы өлкөлөрдө мигранттар менен атаандашкан жергиликтүү эмгек рыногунун пайда болушуна да жол бербейт».
Ал эми Батыш өлкөлөрүндө ар бир мамлекетке кирүү үчүн жөн гана виза талап кылынат, ал алардын элчилигинен алынат. 1995-жылдан тартып Шенген келишими Европа жарандарына жана Шенген визасы бар башка адамдарга Европада эркин жүрүүгө уруксат берген.
Араб тилинде كَفَلَ – يَكْفُلُ сөзү “жоопкерчилик алуу, милдеттенүү” дегенди билдирет. Абу Хайян “Бахр ал-Мухит” тафсиринде мындай дейт: «Кафала – кепилдик, «кафал, якфулу» – кепил болуу деген мааниден келип чыгат. Баштапкы мааниси – кепилдик, кийин башка маанилерде да колдонулган».
“Лисан аль-Араб” сөздүгүндө болсо: «Кафил, замиин, заамин – баары бир мааниде» деп жазылган.
Терминдик мааниде, кафала – бул бир адам (кепил) карыз алган адамды (макфул) карыз берген адамга (макфул ляху) карызын төлөбөй жаткан учурда алып келүү милдетин өзүнө алуу деген келишим.
Шариаттык жактан болсо, кепилдик бул атайын келишим болуп, анын негизинде кепил деп аталган адам белгилүү бир милдетти аткарууга милдеттенет. Ал карыз берүүчүгө (макфул ляху) убада берип, кепилдик берүүчү өзүнүн жоопкерчилигин карыз алган адамдын (макфул) жоопкерчилигине кошот. Башкача айтканда, бул алардын экөөнүн тең мойнуна бирдей карыз түшөт дегенди билдирет.
Кепилдик акчага байланыштуу же “денеге байланыштуу кепилдик” – башкача айтканда дене же жүз кепилдиги – бул кепилдин макфулду макфул ляхуга же сотко, же ага тете башка органдарга алып келүүгө милдеттүү болушу дегенди билдирет.
Кепилдик – акча каражаттарына байланыштуу милдеттенме катары – көбүнчө финансылык мамилелерде колдонулат. Бул жетимдерди же карыз алып, аны төлөй албай жаткан адамдарды колдоо катары ишке ашырылат. Мисалы, жаш курагына же башка мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине байланыштуу жашоодогу иштерди жүргүзө албаган адамдарга жардам катары каржылык жактан кудуреттүү адамдар алардын карызын төлөп беришет же жашоосунун иштерин өзүнө алып, аларды Аллах бай кылганга чейин багышат. Бул карызын төлөй албаган адамдын ордуна карызды жабууну өзүнө алган материалдык кепилдик.
Чыныгы кепил – бул жеке адамдар эмес, мусулмандардын казынасы – Байтул Мал болушу керек. Ал жетимдердин карызын жана жашоо чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. Бул Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисине таянып ишке ашат:
عن أبي هريرة رضي الله عنه:
«أنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ كان يُؤْتَى بِالرَّجُلِ الْمَيِّتِ عَلَيْهِ الدَّيْنُ فَيَسْأَلُ: هَلْ تَرَكَ لِدَيْنِهِ مِنْ قَضَاءٍ؟ فَإِنْ حُدِّثَ أَنَّهُ تَرَكَ وَفَاءً صَلَّى عَلَيْهِ، وَإِلَّا قَالَ: صَلُّوا عَلَى صَاحِبِكُمْ. فَلَمَّا فَتَحَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْفُتُوحَ قَالَ: أَنَا أَوْلَى بِالْمُؤْمِنِينَ مِنْ أَنْفُسِهِمْ، فَمَنْ تُوُفِّيَ وَعَلَيْهِ دَيْنٌ فَعَلَيَّ قَضَاؤُهُ، وَمَنْ تَرَكَ مَالًا فَهُوَ لِوَرَثَتِهِ»
«Алгач Пайгамбарыбыздын алдына ﷺ бир маркум алып келинсе, ал ﷺ мындай деп сурачу: «Бул киши карызын жабууга мал-мүлк калтырдыбы?» Эгер калтырганы айтылса, жаназа намазын өзү окучу; эгер калтырбаганы айтылса, силер досуңарга жаназа окугула дечү. Кийин Аллах ага фатх берип байлыкты ачып берген соң, мындай деди: «Мен момундарга алар өзүнө караганда да жакыныраакмын. Ким кайтыш болуп, артында карыз калтырса, аны төлөө – менин мойнумда. Ал эми ким мүлк калтырса, ал – мураскорлоруна». (Бухарий, Муслим).
Ошондой эле, жашоо-тиричилигин өзү жүргүзө албай жаткан адамдарга материалдык жардам көрсөтүү милдети төмөнкү аят менен да бекемделет:
﴿إِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَرَاءِ وَالْمَسَاكِينِ وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِي الرِّقَابِ وَالْغَارِمِينَ وَفِي سَبِيلِ اللَّهِ وَابْنِ السَّبِيلِ فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ﴾
“Албетте садакалар (тактап айтканда, зекеттер) жалаң кембагал-кедейлерге, бей-бечараларга, садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос-үлпөт кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга беришет. Бул Алла тарабьшан фарз кылынган иш. Алла Билимдүу жана Даанышман. (Тообо сүрөсү, 60-аят).
Биз ислам өкүмдөрүнүн арасында бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан кепилдик системасындай мамилени эч бир мисалда таба албайбыз. Мурда мусулмандар Йеменден Шамга, Мисирден Месопотамияга (Иракка), андан ары Хорасанга, Индияга жана башка мусулман аймактарына эч кандай тоскоолдуксуз, эч бир шартсыз жана уруксатсыз эркин көчүп жүрүшчү. Мындай кепилдик системасы мусулмандардын жерлери бөлүнүп-жарылып, исламга жат башкаруу системалары орнотулгандан кийин гана пайда болгон.
Ошентип, мусулмандарга Сайкс–Пико келишими менен жасалма түрдө сызылган чек аралардан өтүүгө тыюу салынды. Бул үчүн аларга паспорт, виза жана “кепилдик” талап кылына баштады, ал эми бул талаптар турмуштук шарттарды оорлотуп, жашоонун жолун кыйнап салды.
Кантип бул система пайда болгон болсо, дал ошондой жоготуу шарт. Кепилдик системасы биринчи жолу Халифалык мамлекети кыйратылып, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин орногон болсо, анын жоюлушу Ислам менен башкарган, мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий чек араларды жок кылган Халифалык мамлекетинин кайра орношу менен гана ишке ашат.
Роя гезити
М. Шафик Хамис




