Алтын күмбөз жана анын дүйнөлүк коопсуздукка коркунучу
“Алтын күмбөз” деп аталган система кургакта, деңизде жана космосто жайгашкан ракетага каршы коргонуу тутуму катары аныкталат. Ал коркунучтарды аныктоо үчүн заманбап сенсорлор жана технологиялар менен жабдылган спутниктерге негизделген. Бул аталыш, “Израил”дин “Темир күмбөз” системасынан айырмаланышы үчүн тандалган көрүнөт. Анткени ал система Газадан жана башка тараптардан атылган ракеталарды тосууда көп жолу ийгиликке жете алган эмес.
2025-жылдын 20-майында АКШ президенти Дональд Трамп бул системаны жарыялап, аны “тарыхый секирик жана АКШны коргоодо өтө өнүккөн кадам” катары баалап, ал ракета космостон же дүйнөнүн экинчи тарабынан атылса да аны тосуп калууга жөндөмдүү экенин айтты. Трамп бул система 2029-жылдын аягына чейин толугу менен ишке киргизилет деп болжолдоду. АКШнын коргоо министри Хегст бул системанын максаты — “гипершамалдуу, баллистикалык жана круиз ракеталары сыяктуу өнүккөн ракеталардын, салттуу же өзөктүк коркунучуна каршы туруу” экенин белгиледи.
Генерал Майкл Гетлайн, бул системаны иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн адам, аны Кытай жана Россиянын өнүккөн ракеталарына жана душмандын спутниктеринин башка спутниктерге кагылышуусу же кибер чабуул сыяктуу коркунучтарга каршы “зарыл чара” катары мүнөздөдү. Бул система Патриот ракеталарын (кургактык), Стандарт ракеталарын (деңиздеги кемелерден атылуучу), ошондой эле космосто жайгашкан сенсор жана жаңы куралдар менен жабдылган спутниктерди айкалыштыруу аркылуу курулат. Бул өзөктүк чабуулдарды жана башка коркунучтарды токтотууда АКШнын каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн бекемдемекчи.
АКШ конгресси бул долбоордун наркын 20 жылдык мөөнөткө 542 миллиард доллар деп баалады. Бул сумма Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад ибн Салман, Катар эмири жана БАЭ башкаруучусу Трампка убада кылган 3,5–4 триллион доллардын болжол менен алтыдан бир бөлүгү. Эгерде бул башкаруучуларда акыл же аз да болсо үммөткө болгон ишеним бар болгондо, мындай каражаттарды өз өлкөлөрүндө индустриялык жана технологиялык революция жасоого, өз ракеталык системаларын өнүктүрүүгө жумшашмак. Бирок алар бул миллиарддаган акчаларды Америкага бекер берип, анын куралдарын жүздөгөн миллиард долларга сатып алышат, анан аларды үммөткө каршы гана колдонушат. Алар бул куралдарды техникалык тейлөө, тетиктер жана ок-дары үчүн да дайыма АКШга муктаж бойдон калат. Муну менен эле тим болбостон, ал куралдар үчүн акча төлөнсө да, АКШ уруксат бермейинче аларды колдоно алышпайт; аларды чыныгы кожоюну катары колдоно албайт.
Бул система расмий жарыяланардан мурда эле, Кытай менен Россия аны кескин сынга алган. Алар 2025-жылдын 8-майында биргелешкен билдирүү жасап, мындай дешкен: “Биз космосто курал жайгаштырууну алдын алууга багытталган кеңешүүлөрдү баштайбыз жана космосту согуш талаасына айлантуу, аскердик үстөмдүккө жетишүү аракеттерине каршы турабыз”.
Кытай ТИМинин өкүлү мындай деди: “АКШ өзүнүн абсолюттук коопсуздугуна ашкере берилип алган. Бул чабуулдук система өтө коркунучтуу жана космосту тынч максатта колдонуу принцибин бузат. Ал космосту согуш талаасына айлантуу жана куралдануу жарышын баштоо коркунучун арттырат. Бул эл аралык коопсуздук жана куралсыздануу тартибине чоң зыян алып келет”.
Россия болсо бул системаны “Жылдыздар согушу” долбооруна окшош” деп баалады. Кээ бирлери бул системаны өтө кымбат жана анча натыйжалуу эмес деп баалашты. Бирок аскердик эксперттер мындай система АКШга каршы ракеталык коркунучтар улам көбөйүп жаткан шартта коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн зарыл деп эсептешет, өзгөчө Россия жана Кытай сыяктуу өлкөлөр.
Россия учурда континенттер аралык баллистикалык ракеталарын жана өнүккөн так ракеталарын жаңылап жаткан болсо, Кытай ракеталык технология боюнча АКШ менен болгон ажырымды кыскартууга аракет кылууда. АКШ акыркы жылдары Украинадагы согушта орус ракеталарына жана дрондоруна каршы, Йеменден атылган хуситтердин ракета-дрон чабуулдарына, ошондой эле Иран тарабынан яхудий түзүмүнө карата жасалган ракета жана дрон чабуулдарына каршы өзүнүн ракетадан коргонуу тутумун колдонуп, бул багытта тажрыйба топтоду.
АКШ мындай өлкөлөрдү — Россия менен Кытайды — өзүнө аскерий күчү жагынан жакындап келаткан жана коркунуч жаратып жаткан тараптар катары көрөт. Мурда АКШнын күчү жалаң эле Россия, Кытай, Франция сыяктуу кийинки он аскерий держава биригип турган күчтөн да жогору болчу. Эми булар ортодогу ажырымды азайтып жатышат.
АКШнын Аскердик чалгын кызматы (DIA) эскерткендей, Кытай алдыдагы он жыл ичинде өзөктүк баштыкчалар менен жабдылган орбиталык ракеталардын ондогон бирдиктерине ээ болушу мүмкүн. Бул система “жарым-жер орбиталык сокку” деген ысым менен белгилүү. Бул ракеталар АКШны космостон, кадимки ракетага караганда кыйла кыска убакытта, күтүүсүз багыттан сокку ура алат. Алар алгач төмөн орбитага чыгат, андан соң жерге кайтып келип, түндүк-тангенс системаларынан качып, түштүк уюл аркылуу учуп өтүү менен эрте эскертүү жана коргонуу системаларын айланып өтөт. Бул аларга алдангыс траектория берип, бар болгон бардык коргонуу системаларын адаштырат.
Аталган агенттик билдиргендей, 2035-жылга чейин Кытай мындай орбиталык ракеталардын 60ына, ал эми Россия 12сине ээ болушу мүмкүн. Мына ушул кооптуу келечекке жооп кайтаруу максатында АКШ “Алтын күмбөз” системасын өнүктүрүп жатат. АКШ эч бир өлкө өзүнөн ашып кетишин же өзүнө теңдеш болушун, же болбосо коркунуч жаратышын каалабайт. Ал дүйнөнүн полициясы жана үстөмдүк кылуучу күч бойдон калууну көздөйт. Себеби дүйнөгө саясат таңуулоо жана башка өлкөлөрдү өзүнүн эркин аткарууга мажбурлоо үчүн аларды коркутуп туруу керек. Бул болсо эч ким тең келе албаган коркунучтуу аскерий күчкө ээ болууну талап кылат, ушунун жардамы менен башка өлкөлөрдү коркутуп, эл аралык чечимдерди өзү кабыл алып, мамлекеттерди шантаж кылып, дүйнөнүн байлыгын талап-тоноону улантат. Бирок элдер АКШны жек көрө башташты. Алар эми аны каалашпайт, анын пландарына, ураандарына жана баалуулуктарына т.а демократия, эркиндик жана адам укуктары сыяктуу маскаларына ишенишпейт. Анткени булар жалган экенин, колонизатордукка кызмат кылган куру сөз экенин түшүнүштү. Ошондуктан Трамп жана анын администрациясы буга окшогон ураандарды көтөрүп чыгууну токтотту.
АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүн сактап калуусунун жалгыз калканы — бул өнүккөн, мисалы жок аскерий күч жана аны колдонуу менен коркутуу. Ким каршы чыкса ошолорго каршы пайдаланууга даяр турган коркунуч. Кытай АКШ менен түз карама-каршылыкка барбастан, жарышка аралашпай туруп ага жетүүгө умтулууда. Ал АКШ мындай системалар аркылуу өзүн коркутуп, милдеттүү түрдө курал жарышына тартууга аракет кылууда деп эсептейт. Бирок Кытай өзүнүн куралдарын тынч, жымжырт өнүктүрүүгө аракет кылууда, анткени мындай жарышка кирүү анын экономикасына зыян келтириши мүмкүн. Бул көрүнүш 1980-жылдары да кайталанган: АКШ космосто ракета чыгаруу системаларын өнүктүрө баштаганын жарыялап, бул долбоор «Жылдыздар согушу» деп белгилүү болгон. Бул жарышка СССР тартылып, экономикалык жактан алсырап, натыйжада керектүү деңгээлде ракета иштеп чыга алган эмес.
Эгерде АКШ мындай системаларды чындап эле чабуулдук мүнөзгө ээ кылып өнүктүрүп кетсе, анда Кытайдын өзү жана анын спутниктери да коркунучка туш болот. Бул Кытай үчүн космостук чектин кыскарып калуусуна алып келмекчи. Себеби согуш талаасы эми океандын ар жагында же Индия менен болгон чек арада эмес, Кытайдын асманында жайгашмакчы болот. Россия да ушундай коркунучтан кооптонуп турат. Ошондуктан Кытай менен Россия бул маселени өз билдирүүлөрүндө ачык белгилешкен.
Мындайча айтканда, азыр дүйнөдө АКШга коркунуч туудура ала турган деңгээлде курал өнүктүрүп жаткан өлкөлөр пайда болууда. Бул болсо АКШнын дүйнөдөгү биринчи держава катары аброюна жана үстөмдүгүнө шек келтире баштайт. Бул дагы АКШнын текебердигин жана үстөмдүгүн ооздуктаган фактор болуп калууда.
Дүйнөдө бир уюлдуу эмес, көп уюлдуу дүйнө тартибине кайтуу мүмкүндүгү күчөп баратат. Ар түрдүү күчтөр атаандашып, АКШ каалаган нерсесин жасап кете албай калат. Башка өлкөлөр бул күчтөргө кайрыла баштайт, алар болсо АКШнын коркутууларына каршы турушат. Бул элдерге – өз тагдырын өзү аныктап, АКШнын таасиринен кутулууну самаган калктарга – чоң мүмкүнчүлүк берет.
Ислам үммөтү болсо азат болууга эң ылайыктуу талапкер. Анын ичинде ушул максатта иш жүргүзүп жаткан калыс жана ишенимдүү инсандар бар. Алар бул куткаруу жолу пайгамбарлык жолундагы Рошид Халифалык мамлекети аркылуу гана ишке ашарын түшүнүшөт.
Бул Халифалык аскердик кубатын өнүктүрөт, мындай зомбулук күчтөргө каршы туруу жөндөмүн жаратат жана дүйнөгө жакшылык жана адилеттүүлүк алып келүүчү Ислам рисалатын көтөрөт.
Роя гезити
Асъад Мансур