Басма сөз баянаты
Холера адамдарды кырууда, ал эми мамлекет шалаакылыгы менен эл аралык уюмдардан жардам тилеп жатат!
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму Суданда холера илдетине чалдыккан болжол менен 60 миң учур катталганын жана анын айынан 1640тан ашык киши каза болгонун жарыялады. Уюм Судандагы Cаламаттыкты сактоо системасынын кыйрашы оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Бул маалымат холера оорусу Хартум штатында кеңири жайылып жаткан учурда жарыяланды. Анткени өлкөдөгү бардык жуктуруп алгандардын 90%дан ашыгы дал ушул аймакка, айрыкча Карри, Омдурман жана Умбадда аймактарына туура келет. Судандын Cаламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын 27-май шейшемби күнү бир жуманын ичинде 2729 учур катталып, алардын ичинен 172 киши каза болгонун билдирди.
Судандын Саламаттыкты сактоо министри доктор Хайсам Мухаммад Ибрахим Хартумдагы холеранын жайылышын айлана-чөйрөнүн начар абалы жана таза ичүүчү суунун жетишсиздиги менен түшүндүрдү. Ал эми жаңы дайындалган премьер-министр Камал Идрис болсо Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом менен байланышып, холерага каршы күрөшүүдө жардам сураганы маалымдалды.
Судандагы Саламаттыкты сактоо тармагында болуп жаткан окуя бул өкмөттүн ачык шалаакылыгынын жана кайдыгерлигинин натыйжасы. Холера оорусуна каршы дароо чара көрүү керек болгон учурда, премьер-министр уюмдардан жардам тилеп убара. Ал эми бул ишти чечүүгө түз милдеттүү болгон Саламаттыкты сактоо министри болсо, себептерди айтып гана чектелүүдө. Бирок ооруну жоюу боюнча эч кандай реалдуу аракеттерди жасаган жок. Болбосо, өкмөт чын дилден аракет кылса, бул илдеттен арылуу жеңил эле болмок. Бул биздин башыбызга келген жана бизди унуткан башкаруучулар чындыгында элдин ооруп же ачка калып же өлүп жатканына кызыгышпайт. Эгерде өкмөт элдин коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылганда холера оорусун алдын алуу жана анын жайылуусуна жол бербөө мүмкүн болчу. Анткени таза ичүүчү сууну камсыз кылуу, оорулуулардын бөлүнүп, дарылануусу анча кыйын эмес иш. Мындан тышкары, дарылоонун өзү деле көп акча талап кылбайт. Жөн гана тамырга куюла турган суюктуктарды камсыз кылуу жетиштүү. Бул эң жөнөкөй чаралардын бири. Бирок мамлекет бул жөнөкөй каражаттарды да камсыздаган жок. Ал тургай, алардын баасы ушунчалык жогору болгондуктан, карапайым эл аларды сатып алууга алы жетпеди.
Бул бузулган, адам тарабынан чыгарылган башкаруу системалары элди башкарууга татыктуу эмес. Судандагы мусулмандар элдин ишин чындап көзөмөлдөп, алардын саламаттыгына, коопсуздугуна жана бейпилдигине кам көрө турган башкаруу системасын орнотууга умтулуулары керек. Мындай түзүм бир гана Ислам өкүмдөрү негиз болгон башкаруу менен ишке ашат. Анткени Ислам башкаруучуну өз элин камкордукка алуу менен милдеттендирет. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«فَالْإِمَامُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Элге башчы болгон адам – коргоочу, ал өз карамагындагы эл үчүн жооптуу» (Бухари, Муслим).
Ошондой эле ﷺ айткан:
«مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِناً فِي سِرْبِهِ، مُعَافًى فِي جَسَدِهِ، عِندَهُ قُوتُ يَوْمِهِ، فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا»
«Силердин араңардан кимде-ким эртең менен коопсуз, ден соолугу жакшы, бир күндүк азыгы бар болсо, анда ага бүт дүйнө берилгендей болот» (Тирмизи, Ибн Мажа).
Оо Судан мусулмандары!
Келгиле, чыныгы камкордукка негизделген башкарууну — Пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалык мамлекетин тикелейли!
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла.» (Анфал сүрөсү, 24-аят).
Ибрахим Усман Абу Халил
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү
28.05.2025