Басма сөз баянаты
Эл аралык мыйзам жапайычылык мыйзамы, ага таянууга болбойт!
﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللهِ حُكْماً لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾
«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!» (Маида сүрөсү, 50-аят).
Йемендеги Эл аралык Кызыл чырым комитетинин гуманитардык иштер боюнча координатору Даниэль Каволинин камкордугунда, 2025-жылдын 20-21-май күндөрү Сана шаарында Йемендин Маалымат министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте, Тышкы иштер министрлигинде медиа жана басма сөз мекемелеринин кызматкерлери үчүн атайын машыгуу курсун уюштурду. Бул курста эл аралык мыйзамдын негиздери жана максаттары, айрыкча эл аралык гуманитардык мыйзамга тиешелүү түшүнүктөр – адам укуктары, ардактуу жашоо укугу, зомбулуктун алдын алуу, аяр катмарлардын муктаждыктарына жооп берүү, корголушу керек болгон топтор, тынч жарандарды согуштук аракеттердин кесепетинен коргоо жана ашыкча зыян же зарылсыз азапты тыюу маселелери каралды.
Эң таң калычтуусу бул курска Маалымат министринин орун басары доктор Омар Бухайтинин катышуусу болду. Ал Йемендеги журналисттер арасында бул мыйзамдын негиздерин жайылтууга чакырып, маалымат каражаттарынын эл аралык гуманитардык мыйзамдын негизги эрежелерин чагылдыруудагы ролуна басым жасады. Ал ошондой эле Йемендеги Кызыл Чырым Комитетинин мындай курстарды жана элди маалымдоо программаларын улантып жаткандыгын мактап, бул курстарды массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери үчүн көбүрөөк уюштурууну суранды.
Иш-чарага Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык институттун деканы, элчи доктор Ахмад аль-Имад, Йемендеги Эл аралык Кызыл Чырым Комитетинин укуктук кеңешчиси Мухаммад ан-Назили, жана Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү элчи Вахид аш-Шами да катышып, өз сөздөрүндө эл аралык мыйзам, анын эрежелери жана түшүнүктөрү тууралуу түшүндүрүү беришти жана бул түшүнүктөрдү жайылтуу жана бекемдөө зарылдыгын баса белгилешти.
Булардын баары – ыйман жана акылмандыктын жери саналган Йеменде, өздөрүн «Ансаруллах» деп атаган башкаруучулардын колдоосу менен болуп жаткан иш! Анда эмне үчүн революция кылышкан эле? Өзгөрүү жана кайра куруу ураандары кайда калды?! Бош жана жалган ураандар эмне болду?!
Эл аралык мыйзам бардык баскычтарында – 1648, 1919 жана 1945-жылдары – Исламга жана мусулмандарга душмандык негизинде түзүлгөн. Ошондуктан анын бардык идеяларын мусулмандардын өлкөлөрүндө колдонууга, жайылтууга жана ага чакырууга эч качан жол берилбейт. Анткени ал Ислам акыйдасына карама-каршы келет жана адам жашоосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө Ислам акыйдасынан келип чыкпаган жолдорду сунуштайт. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштар дал ушул эл аралык мыйзамдын шарттарында болгон жокпу?!
Йеменде мусулман боордоштор өз ара 11 жылдан бери согушуп жатышканы БУУнун 7-беренесинин негизинде, тынчтыкты сактоо деген шылтоо менен дүйнөлүк уюмдардын көзөмөлүндө болуп жаткан жокпу? Газага карата дээрлик эки жылдан бери жүрүп жаткан геноцид дагы дал ушул “эл аралык мыйзамдын” колдоосу менен ишке ашып жаткан жокпу?!
Исламдагы мамлекеттер аралык мамилелер – дүйнөнү «Дару-с-салям» жана «Дару-л-харб» деп бөлүүгө негизделет, эл аралык мыйзамдын негизинде эмес. Өлкөлөр аралык мамиле тең укуктуу жана өз ара урматтоо негизинде болот. Исламда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндегидей туруктуу мүчөлөр чечимдерге вето коюу укугуна ээ болуп, ал эми калган мүчөлөр андай укукка ээ эмес болуучу түзүмдөргө жол берилбейт.
Хизб ут-Тахрир тышкы саясатта жана мамлекеттер аралык мамилелерде, ошондой эле башкаруу системасында, экономикалык түзүлүштө, коомдук түзүлүштө ж.б. жашоонун бардык тармактарында экинчи рошид Халифалыкты Пайгамбарлык жолунда кайрадан куруу максатында ачык жана так шаръий көз карашка ээ. Каапырлар менен маек түзүп, аларга жагынуу, алардын куралы менен басып өтүү жана алардан колдоо алуу – бул саясий суицид, ачык айкын саткынчылык жана Ислам менен мусулмандарга чыккынчылык болуп эсептелет.
Биз, Хизб ут-Тахрир, кыянатчыл колонизаторлорду жана алардын саткын кызматкерлерин ачык айыптай беребиз, үммөт арасында аң-сезимди ойготуп, Кудуреттүү Алла Тааланын душмандарын жана алардын малайларын токтотуу үчүн күрөшө беребиз. Үммөттү Исламий жашоону кайра жандандыруу максатында Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты орнотууга жетелеп, аны алдыга баштай беребиз.
﴿وَاللهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт». (Юсуф сүрөсү, 21-аят).
Хизб-ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү
29.05.2025