Басма сөз баянаты
Мисир менен АКШнын кызматташуусу көзкарандылык жана колонизаторго багынуу!
2025-жылдын 25-майында Каир шаарында «Мисир менен Америка ортосундагы саясатчылар форуму» деген ат менен жыйын өттү. Ага Мисирдин премьер-министри Мустафа Мадбули, АКШнын элчиси Хиро Мустафа Гарг, АКШнын 60тан ашуун компаниясынын өкүлдөрү жана Мисирдеги ар кыл министрликтерден – өзгөчө коопсуздук жана экономика тармактарынан – министрлер катышты. Бул форум Мисир менен Америка ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган стратегиялык мүмкүнчүлүк катары көрсөтүлүп, расмий сөздөрдө америкалык жеке секторго Мисирди «өнүктүрүүдөгү» ролу үчүн мактоолор айтылып, чет элдик инвестицияга көптөгөн жеңилдиктер убада кылынды.
Бирок бул жалтырак дипломатиялык ураандарда жашырылбашы керек болгон ачуу чындык бар. Бул форум эки тең деңгээлдеги тараптардын кызматташуусу эмес, тескерисинче Мисирдин АКШ башында турган колонизатор күчтөргө саясий жана экономикалык жактан толук көз каранды болуп калгандыгынын далили болуп саналат. Бул үммөттүн байлыктарын соруп, Мисирдин көзкарандысыз чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн муунтуп, чыныгы көтөрүлүш жолдорун бууп турган жаңы бир доордун башталышы.
АКШны Мисир үчүн «экономикалык өнөктөш» катары көрсөтүү – бул чындыктын тескерисин айтуу жана элдин саясий аң-сезимин бурмалоо болуп саналат. АКШ эч качан ислам үммөтүнө дос болгон эмес. Ал бул үммөттү талап-тоноонун башында турган колонизатор. Ал согуштарды тутантат, диктатордук режимдерди колдойт, үммөттүн байлыктарын уурдайт жана саясий-экономикалык көзкарандылыкты түбөлүккө сактап калууга аракет кылат.
АКШ яхудийлердин түзүмүн курал-жарак жана акча менен колдогон күч. Ал Кэмп-Дэвид келишимин таңуулаган жана региондук коопсуздук түзүлүштөрүн көзөмөлдөп, яхудий түзүмүнүн артыкчылыгын камсыз кылуу жана ага кызмат кылуучу режимдерди – анын ичинде Мисир режимин – бекемдөө ишин жүргүзөт. Ошондуктан, ушулардын баарынан кийин, АКШны «стратегиялык экономикалык өнөктөш» катары көрсөтүү акылга сыйбаган иш!
АКШны өнөктөш катары көргөн киши же саясаттын чындыктарынан кабары жок наадан, же эркиндигинен ажыраган, намысы жок жан, же болбосо анын пландарын аткаруучу, АКШнын таасир куралына айланган агент. Бул форум жөн гана экономикалык жолугушуу эмес, ал АКШнын Мисирдин экономикалык саясатын түздөн-түз аныктоого мыйзамдуу жол менен кийлигишүүсүнө трибуна болуп берди. «Инвестициялык климатты жакшыртуу» жана «жеке секторду колдоо» деген шылтоолор менен Мисир экономикасынын ачкычтары суверенитетти тоготпогон америкалык компанияларга тапшырылды. Бул «инвестициялык артыкчылыктардын» ичинде төмөнкүлөр бар:
- Америкалык унааларга карата Мисирдин техникалык талаптарын жокко чыгаруу;
- АКШнын сүт азыктарын «халал» күбөлүксүз импорттоого уруксат берүү;
- Чет элдик инвесторлор үчүн «алтын лицензияны» ыкчам тартипте берүү;
- Соодада калган-каткан тоскоолдуктарды жокко чыгарган бажы келишимдерин түзүү.
Булардын баары инвестиция тартуу деген шылтоо менен жасалып жатат, бирок анын чыныгы жыйынтыгы Мисир рыногун америкалык импорт үчүн толук ачуу, улуттук өндүрүштү жок кылуу жана Мисир экономикасын АКШнын капиталисттик айлануусуна органикалык түрдө байлоо.
АКШлык компаниялар жөн гана соода уюмдары эмес, булар саясий-экономикалык үстөмдүктүн куралдары. Аларга Мисирди «куткарып берүү» ишин тапшыруу – бул акыл-эстин шылдыңы жана вакыйлыкты да, шариат чен-өлчөмдөрүн да бурмалоо!
Өкүнүчтүүсү – айрым мисирлик министрлер америкалык компанияларга шарт жеңилдетүүдө, чектөөлөрдү алып салууда бири-бири менен жарышып жатышат. Алар өз өлкөсүнүн байлыктарын сатуучу агенттерге айланып калышты. Андан да кейиштүүсү – премьер-министр Мадбулинин өзү ушундай деди: «Мисир мамлекеттин экономикалык ролун кыскартып, жеке секторго көбүрөөк орун берет» – деп билдирди. Бул сөздүн чыныгы мааниси – өлкөнүн стратегиялық өзөктөрүн чет элдик, көбүнесе америкалык, таасирге тапшыруу. Бүгүнкү күндө энергетика, инфраструктура, транспорт, байланыш, өнөр жай жана билим берүү тармактары толугу менен менчиктештирүүнүн столунда жатат. Ал эми чет элдик «инвесторлордун» башында АКШ турат. Бул – жаңы доордун колонизаторлугу. Өндүрүш менен кызмат көрсөтүүнүн стратегиялык түйүндөрүн ээлеп алуу, мунун баары аскердик басып алууну деле талап кылбайт.
Ал эми Мисир режими бул коркунучтуу саткынчылыкты «структуралык реформалар» деп сатууда. Чындыгында болсо – бул элди, анын жашоосун, тагдырын жана ресурстарын колонизаторлорго толук багынтуу гана!
Мисир режими Америка менен экономикалык алакаларды бекемдөө жана ага өлкөнүн ресурстарын пайдаланып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен ачык түрдө харам иш кылууда. Бул – Ислам өкүмдөрүнө толугу менен каршы келет жана төмөнкү бир нече себептер менен тыюу салынган:
- Күрөш жүргүзүп жаткан кыянат душмандарга жакындашуу шариятта арам. Америка дал ушундай душман. Ал мусулмандардын жерин басып алган, яхудий түзүмдү колдогон, Исламга каршы турушу менен белгилүү. Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ﴾
«Эй момундар! яхудийлер менен насараларды (өзүңөргө) дос кылбагыла!» (Мааида сүрөсү, 51-аят). Америка – ушул адамдардын башында турат жана Ислам менен мусулмандарга эң катаал душман.
- Кафир колонизаторлорго мусулмандардын өлкөсүндө эч кандай үстөмдүк берүүгө болбойт. Саясий, экономикалык же аскерий жактан аларды колдоо – бул ачык харам.
- Үммөттүн байлыктарын сатуу, жана чет элдик компанияларга экономиканын маанилүү тармактарын берүү – бул аманатка кыянаттык, элдин байлыктарын тебелөө жана жер жүзүндө бузукулук таратуу болуп эсептелет.
Кризистен чыгуу жана маселелерге натыйжалуу чечим – бул Америкага же башка душман өлкөлөргө мындан да көбүрөөк багынууда эмес. Чыныгы чечим – саясий жана экономикалык эркти батыш үстөмдүгүнөн толук бошотууда, жана Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекетти калыбына келтирүүдө.
Анткени, ал эгемендикти шариятка кайтарат, колонизатор мамлекеттер менен бардык алакаларды үзөт, Ислам экономикасын күчтүү өндүрүшкө, айыл чарбага жана соодага негиздеп кайра куруп чыгат, колонизатор компаниялардын өлкөгө киришине жол бербейт, байлыктарды өзүнүн шариаттагы табигый абалына – умумий мүлк катары – кайтарып, элдин пайдасына колдонууга шарт түзөт, чыныгы алтын-күмүшкө негизделген акча системасын орнотуп, инфляцияны толук жок кылат, элдин мүлкүн жана эмгегин коргойт, рибаны жоёт, көзкарандылыкты токтотот, чет элдик таасирдин бардык жиптерин үзөт.
Мисир менен АКШнын экономикалык форуму бул мактанчу жетишкендик эмес. Бул саясий шерменделик, Мисирдеги режимдин канчалык деңгээлде ачылып калганын жана америкалык душманга кандайча көз каранды экенин даана көрсөтүп турган факт. Алар айткан “стратегиялык өнөктөштүк” деген сөздөр болсо — ачуу чындыкты жашыруучу куру сөздөр гана. Бул сөздөрдүн артында көзкарандылык, багынуу жана колонизаторго кызмат кылуу жатат.
Мусулмандар бул багытты катуу четке кагуусу жана түшүнүүсү керек. Куткарылуу ак үйдүн эшиктеринен келбейт! Нааразычылык билдирүүнүн өзү жетишсиз. Исламга кайтуу жана анын саясатта да, экономикада да толук үстөм болушу менен гана үммөт кайра көтөрүлөт. Бул болсо Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты калыбына келтирүү аркылуу ишке ашат. Ушундай Халифалык Үммөттү өз ордуна, дүйнө элдеринин ичинде урматталган абалга кайра алып келет, колонизаторлорду жерибизден кууп чыгат, чыныгы адилеттүүлүктү орнотот.
Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал сүрөсү, 24-аят).
Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү
26.05.2025