Яхудий түзүмү баш тарткандан кийин, Египет газ үчүн Катарга жалынууда жана көз карандылыктын отунда күйүүдө!

207
0

Яхудий түзүмү баш тарткандан кийин, Египет газ үчүн Катарга жалынууда жана көз карандылыктын отунда күйүүдө!

2025-жыл, 14-май, шаршемби күнү “Мазид” платформасы өзүнүн сайтында кабарлагандай, яхудий түзүмү күнүнө 200 миллион куб газ берүүнү июнь айына чейин кечеңдетип, Египеттин мунай мекемесине кысым көрсөтүп, бааларды көтөрүүнү жана жеткирүү шарттарын өзгөртүүнү талап кылды. Андан соң, Египет дароо Катарга кайрылып, газ муктаждыгын камсыздоо үчүн жаңы узак мөөнөттүү келишимдерди талкуулай баштады.

Египет учурда чоң энергетикалык тартыштыкты башынан кечирүүдө. Өндүрүш көлөмү күнүнө 4.3 миллиард куб болсо, керектөө 6.3 миллиардга жетет. Мындай ажырым аны яхудий түзүмүнөн жана дүйнөлүк рыноктон газ импорттоого мажбур кылууда. Белгилүү болгондой, Египет 2018-жылы яхудий түзүмү менен 15 миллиард долларлык газ сатып алуу келишимине кол койгон, кийин ал келишим 19.5 миллиардга чейин көбөйтүлгөн. Ошондон бери Египет газ муктаждыгын өзү камсыз кыла албай калган.

Уяттуу жана шылдың көрүнүштө, Египет газ кемчилигинен кутулуу үчүн Катардан жардам сурап жатканын жарыялады. Анткени яхудий түзүмү аны таштап, макулдашылган газ көлөмүн июнь айына чейин кечиктирип койду. Бул “техникалык кечеңдөө” эмес, тескерисинче, сионисттик түзүмдүн компаниялары Египеттин мунай мекемесине кысым көрсөтүп, жеткирүү шарттарын өзгөртүү жана бааларды жогорулатуу үчүн жүргүзүп жаткан саясий оюнунун бир бөлүгү болуп саналат. Алар бул кысымды жайкы мезгилдеги газга болгон суроо-талаптын жогору болушунан пайдаланып жасап жатышат.

“Блумберг” жана “Аш-Шарқ Блумберг” сыяктуу бир нече экономикалык булактар жарыялаган маалыматтарда айтылгандай, Египет күнүнө 2 миллиард куб газ тартыштыгын башынан кечирип жатат. Ал эми керектөө күнүнө 6.3 миллиардга жетет.

Эми бул окуяга саясий жана шарий баа кандай берилет? Бул болгону өтүп кеткен каталыкпы? Же бул Египеттин тагдырын душмандын чечимдери менен колонизаторлордун кызыкчылыктарына байлап койгон вассалдык башкаруунун бетке чапкан көрүнүшүбү?

2018-жылы Египет яхудий түзүмү менен 10 жылга эсептелген, көлөмү 64 миллиард куб метр газ сатып алуу келишимине кол койгон. Анын баасы 15 миллиард доллар болгон. 2019-жылы бул келишим өзгөртүлүп, көлөмү 85 миллиард куб метрге, ал эми келишим баасы 19.5 миллиард долларга жеткен.

Бул келишим ошол кезде “экономикалык секирик” катары көрсөтүлүп, бийлик бул келишимди “географиялык генийлик” деп мактаган. Египет яхудий түзүмүнөн суюлтулган газды алып, кайра Европага экспорттой турганын жар салган. Бирок чындык – Египет 2018-жылы газ боюнча өзүн-өзү камсыз кылганын жарыялаганы менен, кыска убакыт ичинде кайрадан өз күнүмдүк муктаждыгы үчүн колонизатор түзүмүнөн жалдыраган импортчу мамлекетке айланып калган!

Чындап эле бай табигый ресурстарга ээ болгон бир мамлекет өзүнүн энергетикалык коопсуздугун мусулмандардын жерин басып алган душманга байлап коёбу?! Ал эми бул энергия Египеттин башкаруучулары чек араларды делимитациялоо келишими аркылуу баш тарткан, алардын байлыктарынан зордоп алынган энергия эмеспи?! Чындап эле Египет үчүн эч кандай чыныгы кызыкчылыксыз моюн сунуу келишимине кол коюлгандан кийин, энергетикада бурулуш чекити болгонбу?

Египеттин Катар менен узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюуга умтулуусу — бул “альтернативалуу стратегия” эмес, тескерисинче ошол эле көз карандылык логикасынын уландысы, болгону каржылоочулар гана алмашууда. Анткени Катар өз алдынча чечим кабыл ала турган көз карандысыз мамлекет эмес, тескерисинче дүйнөлүк энергетикалык ресурстарга Батыш үстөмдүгүн орноткон системанын ичиндеги вассалдык бир түзүм. Катар Япониядан тартып Европага чейин кол койгон бардык газ келишимдери — АКШ үстөмдүк кылган капиталисттик түзүм аркылуу өтөт. Демек, Египеттин Катарга кайрылуусу душмандан кутулуу эмес, колонизаторлордун ортосунда гана алмашуу.

Мусулмандардын жерин басып алган душмандан газ импорттоо шариат боюнча болобу?

Түпкүлүгүндө, Исламда табигый ресурстар умумий мүлк болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деп айткан:

«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ، وَالْكَلَأِ، وَالنَّارِ»

“Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто (энергияда)”. (Абу Дауд риваяты).

Табигый газ — “от” түшүнүгүнө кирип, энергияга тиешелүү болгондуктан, ал үммөткө таандык мүлк болуп эсептелет. Аны эч бир тарап — мамлекет же жеке компания — монополия кылууга же сатып жиберүүгө акысы жок. Ислам мамлекетинин милдети — бул байлыкты үммөттүн кызыкчылыгында башкаруу, аны сатууга же колонизатор күчтөргө күрөөгө коюуга тыюу салуу.

Ал эми яхудий түзүмүнөн импорт кылуу тууралуу айтсак, бул шариат боюнча ачык арам. Себеби бул нерсе ал түзүмдү таанып, анын экономикасын колдоп, үммөткө каршы альянска кирүү дегенди билдирет. Мындан тышкары, бул душманга өлкөгө каршы стратегиялык басым көрсөтө турган курал берүү болот. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«الْمُسْلِمُونَ تَتَكَافَأُ دِمَاؤُهُمْ، يَسْعَى بِذِمَّتِهِمْ أَدْنَاهُمْ، وَهُمْ يَدٌ عَلَى مَنْ سِوَاهُمْ»

“Мусулмандардын каны бирдей, эң төмөнкү мусулман берген кепилдик да бүт үммөттүн атынан болот. Алар башкаларга каршы бир кол болушат”.

Эгерде мусулмандардын колу бир болууга тийиш болсо, анда Газадагы мусулмандарды кырып жаткан, Масжид ал-Аксаны басып алган, Синайды коркутуп жаткан душмандан газ сатып алууну кантип түшүндүрөбүз?!

Чыныгы кыйроонун себептери техникалык эмес, саясий жана түзүмдүк мүнөздө. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

  1. Чет элдик компанияларга (Shell, BP, Eni) көз карандылык — алардын изилдөө жана өндүрүш иштериндеги катышуусу чоң үлүш менен сыйланып, мамлекет өз байлыктарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
  2. Газды арзан баада сатуу саясаты — буга мисал катары мурда яхудий түзүмүнө өндүрүш наркынан төмөн баада газ экспорттолушу айтылат.
  3. Газ түтүктөрүнө, кайра иштетүүчү жана сактоо инфратүзүмүнө инвестиция салынбашы, себеби энергетикага бөлүнгөн бюджет каражаттары борбор калаа долбоору, монорельс сыяктуу саясий максаттарга кызмат кылган жеке долбоорлорго бурмаланган.
  4. “Зохр” газ кенинин чыгашалуу түшүмү — бул кен ММКларда “куткаруучу” катары жарнамаланган, бирок реалдуу башкаруудагы начарлыктан улам өндүрүш төмөндөп кеткен.

Бул себептердин бардыгы, болуп жаткан окуялар кокустук эмес экенин, тескерисинче колонизатордук саясаттын мыйзам ченемдүү натыйжасы экенин далилдейт. Бул саясатты өз алдынча чечим кабыл ала албаган жана үммөттүн кызыкчылыгы үчүн эмес, башка күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеген вассал режим жүргүзүүдө.

Кээ бирөөлөр бул саясатты мындай деп актагылары келет: “Эмне кылышыбыз керек? Бизде өзүн-өзү камсыздоо жок, керектөө жогору, импорттон башка чарабыз жок!”. Бирок шариаттык жана саясий жооп так жана түшүнүктүү:

Ислам мамлекети өзүнүн азык-түлүк же энергетикалык коопсуздугун душмандын колуна байлабайт. Ал өзүн камсыз кылуу үчүн оор өнөр жайын жана инфраструктураны өнүктүрүүгө, талап кылынган ресурстарды кайра кайтарууга аракет кылат. Эгер жетишпестик жаралса, чаралар ичкериден көрүлөт: убактылуу керектөөнү чектөө, альтернативалуу энергия булактарын өнүктүрүү ж.б. Бирок душмандын алдына баш сунуп, муктаждыкты колонизаторлор аркылуу чечүү – жол берилгис иш.

Яхудий түзүмү менен Катар ортосундагы бул чуркоо энергетикалык саясат эмес, бул — үммөткө болгон ачык чыккынчылык! Бул — анын байлыктарын ысырап кылуу, душманды байлыкка ээ кылуу жана саясий эгемендиктин кыйрашы. Бул вассалдык режимден оңдоо күтүлбөйт, анткени анын бүт түзүлүшү бийликте калуу үчүн колонизаторго кызмат кылууга негизделген.

Жалгыз чечим — Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты кайра тикелөө. Ал Ислам үммөтүнүн байлыктарын колонизаторлордун тырмагынан бошотот, душман менен экономикалык да, аскерий да кызматташууга тыюу салат, энергия жана башка тармактарда күчтүү өнөр жай базасын калыптандырат. Бул база байлыктарды казып алуудан тартып, энергия өндүрүү жана бөлүштүрүүгө чейин камтып, башка тармактарда да ошол энергияга таянып иш алып барат. Натыйжада, үммөт өзүн өзү камсыз кылган, ашыгын башкага экспорттогон күчкө айланат, душманынан же анын вассалдарынан газ сурап жалынган эл болбойт!

Эй Кинана калкы! Силер Аллахтын жердеги казыналарына ээ болгон жерди ээлеп турасыңар. Ал жерде дүйнөнүн көптөгөн ири өлкөлөрүндө жок байлыктар бар. Анда кантип душмандарыңардын ырайымына муктаж болууга ыраазы болуп жатасыңар?! Алар силерге жакырчылыктан жана кордуктан башка эч нерсе каалабайт.

Силердин улуулугуңар жана ар-намысыңар — бул өлкөңөрдү колонизаторлордун жана алардын куралдарынын чеңгелинен куткарып, диниңерди бекем карманып, Аллахтын шариатын колдонуу менен гана кайтып келет.

Эй Кинана аскери!

Силер фатихтердин урпактарысыңар! Анда кантип өзүңөрдү душман менен байланыштырган, үммөтүңөргө жардам берүүгө тыюу салган кордук жана маскара келишимдердин сакчысы болууга макул болуп жатасыңар?! Силердин вазыйпаңар — өлкөнү душмандарга сатып жаткан режимдерди коргоо эмес, динге жардам берүү жана Аллахтын жердеги өкүмүн орнотуу! Бул — Ислам жана анын Халифалык мамлекети астында гана ишке ашат.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал сүрөсү, 24-аят)

Устаз Махмуд аль-Лейси

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here