Мисирдеги абалды өзгөртүү сөз же аракет менен эмес, Аллахтын шариаты менен гана болот

199
0

Басма сөз баянаты

Мисирдеги абалды өзгөртүү сөз же аракет менен эмес, Аллахтын шариаты менен гана болот

Мисир президенти мындай деп билдирди: “Биз бул жерге өлкөбүздүн абалын өзгөртүү үчүн келдик. Бул өзгөрүү ниет менен эмес, аракет менен болот. Эл бизге жардам бериши керек…”. Бул анын өзүнүн ийгиликке жетпеген саясатын “жалпы кызыкчылык” деген шылтоо менен актоо үчүн дайыма кайталап келе жаткан ураандарынын бири.

Бирок чындык бул эмес. Чыныгы өзгөрүү куру ураандар же Аллахтын жолунан ажыраган аракеттер менен келбейт. Тескерисинче, ал өзгөрүү — мамлекетти жана коомду башкарууда Аллахтын шариатын өкүм кылуу менен гана ишке ашат.

Исламда өзгөрүү жасалган аракеттердин Аллахтын шариатына канчалык шайкеш келиши менен өлчөнөт. Ал оор же көп аракет болушу шарт эмес. Эгер аракет Исламга негизделбесе, “пайда үчүн” деген кооз сөздөр менен кооздолбосун анда ал фасадга алып келет,. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَمَن لَمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

“Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, алар фасыктар!” (Маида сүрөсү, 47-аят).

Сисинин Эл аралык валюта фондунун (МВФ) алдында баш ийүүсү, өлкөнүн байлыктарын сатуу, салыкты көбөйтүү, субсидияларды алып салуу сыяктуу аракеттери шариатта белгиленген реформаларданбы? Жок, булар дал ошол Аллах тыюу салган иштер.

Сиси өзүнүн ийгиликсиз саясаты үчүн жоопкерчиликти элге жүктөп жатканда, ал башында турган система Батыштын капиталисттик системасына толук көз каранды экенин унутуп жаткандай. Бул система өлкөнүн байлыгын бир ууч коррупциялашкан элитанын кызыкчылыгы үчүн талап жатат. Исламда болсо башкаруучунун милдети элдин ишин жеңилдетүү, элге кыйынчылыкты жүктөө эмес. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

“Имам — көзөмөлчү, ал өз карамагындагылар үчүн жооптуу” (Бухарий, Муслим риваяты).

Ал эми Сисинин: “Биздин максат — пайда, сен аны башкача көрүп жатсаң да” — деген сөзү, бизге Фараондун Муса пайгамбарга عليه السلام  айткан сөзүн эске салат:

﴿إِنِّي أَخَافُ أَن يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَن يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ﴾

«Чындыгында мен (Муса) силердии диниңерди өзгөртүп жиберишинен же Жер жүзүндө бузукулукту көбөйтүүсүнөн коркомун». (Гафир сүрөсү, 26-аят).

Исламда “пайда” деген түшүнүк — башкаруучунун же элитанын көз карашы менен эмес, шарият нусустарына ылайык аныкталат. Чыныгы пайда — бул Аллахтын өкүмдөрүнө шайкеш келгенде гана болот.

Демократиялык секулярдык система ичинде же Батышка баш ийген шартта жасалган ар кандай өзгөрүү өлкөнү оңдогондун ордуна мындан да чоң кыйроого алып келерин тажрыйба көрсөттү. Элдин абалы секуляризмдин ордуна Ислам түзүмү орнотулмайын оңолбойт. Бул тууралуу Фарук (Умар ибн аль-Хаттаб رضي الله عنه  мындай деген: “Биз Аллахтын Исламы менен улуулукка жеткен үммөтпүз. Эгер аны таштап, башка нерседен улуулук издесек — Аллах бизди кор кылат”.

Чыныгы өзгөрүүнүн жолу — бул пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты орнотуу. Бул халифалык башкарууда, экономикада, билим берүүдө жана саясатта Исламды толук колдонуп, дааватты дүйнөгө таратып, адилеттик орнотуп, байлыктарды кайра адилеттүү бөлүштүрүп, үммөттү көз карандылыктан куткарат.

Эй Кинана аскерлери!

Силер баатырлардын урпактарысыңар, үммөттүн үмүтүсүңөр. Эмне үчүн дагы эле унчукпайсыңар? Силердин ант силерди бир агент түзүмдү коргоого милдеттендирген беле же акыйкат жана динди коргоого бел байлоого каратылган беле? Үммөт силерден анасар болууну күтүп жатат. Ошондуктан Хизб ут-Тахрирдин Халифалык орнотуу үчүн аракет кылып жаткан шабабдарына жардам бергиле жана жеңиштин эшигин ачкыла.

﴿الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ ۗ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ﴾

“Аларды (мусулмандарды) эгер Биз жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти (тийиштүүлөргө) беришет, жакшылыктарга буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Алланын (эрк-ыктыярында)”. (Хаж сүрөсү, 41-аят).

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

23.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here