Кызыл деңиздеги деңиз жолдоруна көзөмөл орнотуу максаттары

182
0

Кызыл деңиздеги деңиз жолдоруна көзөмөл орнотуу максаттары

Ак үйдүн дүйнө жүзүндөгү жаңжалдарды башкаруу саясаты алардын чечилишине эмес, тескерисинче, аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга негизделгени барган сайын айкыныраак болууда. Кызыл деңиздеги кеме жүрүү эркиндигин камсыз кылуу маселеси күчтөрдүн тең салмактуулугуна же коргонуу чыгымдарына байланыштуу маселе эмес. Бул — Американын глобалдык жаңжалдарга карата туруктуу саясатынын бир бөлүгү.

Бүгүн биз аталган аймактагы жаңжалдарды башка бир нукта башкаруунун жаңы этабына күбө болуудабыз. Бул процесс Кызыл деңиздин географиялык ордуна жараша шартталууда. Ал Азия, Африка жана Европа континенттеринин ортосунда жайгашып, чыгыш менен батышты туташтырган стратегиялык көпүрө болуп саналат. Бул абал деңизди эл аралык сооданын негизги артериясы жана дүйнөлүк державалар үчүн өтө маанилүү аймакка айланткан. Ушундан улам Кызыл деңизди дүйнөлүк державалардын геосаясий күрөш аймагынын бир бөлүгү деп кароого болот.

Кытай сыяктуу соода гигантынын дүйнөлүк аренага кириши Кызыл деңизди одоно түрдө маанилүү стратегиялык тилкеге айлантты. Натыйжада бул деңиз дүйнөлүк атаандаштыктын чордонуна айланды. Ушул себептен, Кызыл деңиздеги кеме жүрүү коопсуздугунун бузулушу — АКШ үчүн аймакка кайтып келүүнүн жана өз кызыкчылыктарын камсыздоонун ыңгайлуу шылтоосу болуп калды. Бул ага бир катар стратегиялык максаттарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Алардын эң башкысы:

  • Кытайды экономикалык жактан алсыратуу, атап айтканда, анын араб дүйнөсүнө жана Европага карай багытталган экспортуна тоскоолдук кылуу;
  • Натыйжада Кытайды сооданын башка маршрутуна — мисалы, Индия аркылуу өткөрүүгө мажбур кылуу, бул болсо чыгымдарын олуттуу түрдө жогорулатат.

АКШнын деңиздеги коопсуздук күчтөрүн түзүүгө болгон ашкере кызыгуусу хуситтерге сокку урууну шылтоо кылып, чыныгы максатын жашырууда. Бул аракеттер АКШнын бир гана соода коопсуздугун эмес, бул маанилүү деңиз жолдорунун үстүнөн эл аралык легитимдүү көзөмөл орнотууну көздөп жатканынан кабар берет.

Аймактагы кырдаал татаал бойдон калууда — каалаган убакта жарылып кетчү потенциалы бар. Америка тынчтык орнотуу ордуна, аймакты атайылап согуштук абалда кармоого, хуситтерди ачык түрдө чагымга түртүүгө аракет кылууда. Бул болсо, анын аскердик күчтөрүнүн деңизде болушун актоого кызмат кылат. Бул нуктагы АКШнын дипломатиялык тил табышуусунан кайра баш тартуусу жана ачык эскалация жолуна өтүшү түшүнүктүү болуп калды.

АКШ жөн гана Йеменден атылган ракеталарды токтотуу же яхудий түзүмүнүн  коопсуздугун камсыз кылуу менен чектелбей, маселени эл аралык деңгээлге көтөрүүгө, жана бул багытта кеме жүрүү коопсуздугун коргоо деген ураандын артында аймакка кийлигишүүгө аракет кылууда.

Кадимки адатындай эле, Америка ар бир кризисти өзүнүн кызыкчылыктарына ылайык колдонуп, анын бир уюмга айланган дүйнөлүк үстөмдүк моделине шайкеш пайдалуу натыйжаларга жетүүгө умтулат. Бул аракеттер анын салттуу атаандаштарына каршы геосаясий күрөшүнүн бир бөлүгү бойдон калууда.

Америка Кызыл деңиздин экономикалык, аскерий жана коопсуздук жагынан зор маанисин терең түшүнөт. Анткени бул деңиз дүйнөлүк сооданын жүрүшүнө түз таасир этет. Ушундан улам, АКШ же башка бир да мамлекет бул маанилүү деңиз жолуна дүйнөлүк коомчулук үчүн негиздүү себеп көрсөтпөстөн кире алмак эмес. Айрыкча, бул жолго чыккан өлкөлөр муну шылтоосуз кабыл алышпайт. Ошондуктан, аймактагы кырдаалды атайылап чыңалтып туруу бул аймакты аскерлештирүүгө жол ачат жана АКШнын бул аймактагы таасирин күчөтүп, Баб-уль-Мандеб кысыгына көзөмөл орнотууга даярдык катары кызмат кылат.

Мына ошондуктан, АКШ хуситтердин коркунучун атайылап чоңойтуп, аларды маалымат мейкиндигинде “үрөй учурган коркунучтуу күч” катары көрсөтүүдө. Бул болсо, АКШнын узак мөөнөттө аймакта калуусун актоого шарт түзөт. Ал эми бул соода жолуна көзөмөл орнотуу — аймактагы ар кандай куралдуу жаңжалда үстөмдүк кылууга жана араб дүйнөсүнө, Азияга кирип-чыгып жаткан бардык агымдарды көзөмөлдөөгө чоң өбөлгө берет.

Мындан тышкары, Америка бул стратегия аркылуу мурда баштаган максаттарын бүтүрүүгө аракет кылууда. Себеби деңиз жолдорун көзөмөлдөө — АКШнын эки негизги атаандашына: Россия жана Кытайга каршы таасир этүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Бул деңиз аркылуу өтүп жаткан сооданы кесүү аркылуу АКШ аларга экономикалык кысым көрсөтүүнү көздөйт. Бул стратегиянын бир мисалы — Россияны Украинадагы согушка батырган тактика. Бул согуш аркылуу Россия экономикалык жактан алсырап, узакка созулган “баткакка” кирип калган.

АКШ бул сценарийди Кызыл деңизде да кайталагысы келет. Себеби бул аймак — Россия менен Кытайдын тарыхый таасир зонасы. Мындан тышкары, АКШ Кызыл деңизге жакын жайгашкан араб өлкөлөрүнө дагы коопсуздук жана экономика жагынан басым кылууда. Бул өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугу жана экономикалык туруктуулугу деңиз соодасына түз байланыштуу болгондуктан, аларды АКШнын көз карандылыгына алып келет.

Перс булуңундагы өлкөлөр үчүн болсо, бул кырдаал башкача багытка бурулат: АКШнын бул аймактагы аскердик катышуусу Ирандын таасирине каршы туруштук берүү үчүн кызмат кылып, ошол эле учурда Иранды “региондук полиция” катары көрсөтүп, бул өлкөлөрдү АКШга саясий жактан көз каранды кылуу үчүн мөөнөттүү кысым куралына айланууда. Ошентип, АКШнын бул аймакты аскердештирүү аракети анын өз кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле яхудий түзүмүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана ага карата нормалдашуу процесстерин алга жылдыруу сыяктуу колонизаторлук максаттарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Жогорудагы бардык фактыларга таянып айтсак, АКШнын Кызыл деңиздеги эскалациясы жөн гана кеме жүрүү коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эмес. Тескерисинче, хуситтердин кыймыл-аракеттерин өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарына ылайык колдонуп, Жакынкы Чыгыштагы өзүнүн таасирин күчөтүү, чыгыш лагериндеги атаандаштарын көзөмөлдөө, жана аларга каршы глобалдык кысым көрсөтүү — Американын негизги максаты болуп саналат.

Устаз Мунис Хамид – Ирак вилаяты

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here