Басма сөз баянаты
Европа парламентинин жаңы колония кылуу чечимдери
Өткөн жумада Европа Биримдигинин парламенти Танзанияны бир катар кадамдарды жасоого чакырды. Алардын катарында: оппозициядагы партиянын лидерин куугунтуктоо ишин “саясий себептүү иш” деп чечип, аны токтотуу, саясий эркиндикти кеңейтүү үчүн диалог жүргүзүү, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жана партиялардын эркин шайлоого катышуу укугун урматтоо талаптары бар. Мындан тышкары, Европа парламенти Танзанияны оппозициялык саясатчыларды, адам укуктарын коргоочуларды, гомосексуалдардын жактоочуларын, журналисттерди, жарандык коом уюмдарын жана башкаларды куугунтуктоону токтотууга чакырды.
Европа Биримдигинин бул чечимдерине байланыштуу биз, Танзаниядагы Хизб ут-Тахрир партиясы төмөнкүлөрдү билдиребиз:
- Европа Биримдигинин бул чечимдери Европа мамлекеттеринин өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө, анын ичинде Танзанияга карата “жаңы колониялаштыруу” ыкмасын улантып жатканынын далили. Өздөрүнүн кара тагы бар колонизатордук тарыхына жана ага байланыштуу терең зыянга карабастан, Европа Биримдигине кирген айрым өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүнү улантууда. Алар айрым маселелерди өз жыйындарында күн тартибине коюп, ал өлкөлөргө атайын көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Качан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн парламенттери чогулуп, Европа өлкөлөрүнө буйрук берип чечим чыгарган?
- Европа Биримдигинин “саясий эркиндик, эркин шайлоо, шайлоо реформасы жана оппозицияны куугунтуктоону токтотуу” чакырыктарына келсек, Хизб ут-Тахрир партиясы демократиялык бузук саясий системаны кабыл албаган менен, адамдык негизде – саясатчы болобу же жөнөкөй адам болобу – эч кимди куугунтуктоону туура эмес деп эсептейт. Ошентсе да, Европа Биримдигине ачык айтылууга тийиш нерсе: оппозицияны куугунтуктоо, алдамчылык, добуш уурдоо, кысым көрсөтүү ж.б. нерселер демократиянын өзүнө мүнөздүү көрүнүштөр. Ал эми Европа Биримдиги бул демократиялык системанын бир бөлүгү болуп, анын байрагын көтөрүп жүрөт жана бул системаны өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таңуулап жатат. Эгер бул система өзүнүн пайдаларын гана көздөп иш алып барса, анда ал адилеттүүлүк, теңдик жана укукту кантип камсыздай алмак эле?
- Ал эми алардын гомосексуализмди жана гомосексуалдарды колдоо чакырыгына келсек, бул алардын демократиялык системасынын эки багыттан тең түгөнгөнүн көрсөтөт: биринчиден, ал адамдын табиятына каршы келет; экинчиден, бул система адамдарды адеп-ахлактык тажрыйбалардын объектиси кылып койду. Алар мунун башында гомосексуализмди четке каккан болсо да, азыр аны ачык колдоп, жайылтып жатышат. Мындан тышкары, Африкада жана башка аймактарда бул ыпыластыкка каршы чыгуу — алардын демократиялык системасынын кабыл алынбаганынын далили. Анткени бул системанын негизги устундарынын бири — “жеке эркиндик”, ал болсо дал ушундай ыплас иштерге дем берет.
- Биз Европа Биримдигине мындай суроо узатабыз: алар Танзания маселесин Газа секторунда болуп жаткан геноцидден да маанилүү деп эсептейби? Алардын мамлекеттери сионисттик яхудийлерге бул кыргынды жүргүзүүдө бардык материалдык, саясий жана дипломатиялык жардамдарды көрсөтүп жатышканын ким билбейт? Эгер ушундай кылып жатышса, анда Европа Биримдигинин адамгерчилиги деп жаткан нерсе чындыгында эки жүздүүлүк жана кошстандарттуулук эмес эмне?
Акыры, түшүнүшүбүз керек болгон нерсе, Европа Биримдигинин негизи бул — капитализм, ал болсо колонизатордук жана эзүү системасы. Ал эми алардын “демократия” деген саясий түшүнүгү — бул жөн эле элди алдоо жана саткынчылык. Ушул жалган ураандын (демократиянын) алдында алар өз кызыкчылыктарын камсыздап бере алган ар кимди колдошот. Адамгерчилик, адилеттүүлүк же адам укугу деген түшүнүктөр болобу, болбойбу ага карашпайт. Ошондуктан, ар бир акыл-эси жайында адам бул демократиялык системадан баш тартып, динге, тектерге, географиялык жайгашууга карабастан адилеттүүлүк менен теңдикти камсыз кыла турган ислам системасына кайтуусу зарыл.
Масъуд Мусаллам
Танзаниядагы Хизб ут-Тахрир партиясынын маалымат бөлүмүнүн өкүлү
15.05.2025