Кытай менен башталып жаткан “жаңы cуук согуш”: стратегиялык эсептер жана дүйнөлүк кесепеттер

239
0

Кытай менен башталып жаткан “жаңы cуук согуш”: стратегиялык эсептер жана дүйнөлүк кесепеттер

Учурдагы Америка администрациясы Кытай менен жаңы “суук согушту” ачык жарыялабаганы менен, анын жүргүзүп жаткан саясаты мындай тирешүү багытын ачык көрсөтүп турат. АКШ Кытайга америкалык жогорку технологияларды экспорттоого катаал чектөөлөрдү киргизип, ал жактагы завод жабдууларын башка өлкөлөргө которууну колдоп, Кытайдын айланасында стратегиялык альянстарды түзүп, Кытайдан импорттолуучу товарларга жогорку бажы төлөмдөрүн киргизүүдө. Бул Америка Кытайдын өнүгүүсүн пландуу жана методикалык жол менен курчоону көздөп жатканын көрсөтөт.

АКШнын Мамлекеттик катчысы мындай деген: “Биз Кытайды камакка алууну көздөбөйбүз, бирок биздин баалуулуктарга же кызыкчылыктарга болгон ар кандай коркунучтарга катуу каршы турабыз”. Бул билдирүү реалисттик саясат менен дипломатиялык риториканын ортосунда тең салмактуулукту сактоого болгон аракетти чагылдырат.

Мындан тышкары, тирешти “демократия менен автократиянын” кармашы катары сүрөттөө мүмкүн. Бул тиреш Советтер Союзу менен болгон мурдагы муздак согуштагыдай эле идеологиялык алкакты кайра жандандырып, Вашингтон узак мөөнөттүү стратегиялык тирешүүгө даярданып жатканын көрсөтөт. АКШ бул процессти расмий “суук согуш” деп атабаса да, дал ошондой форматтагы күрөштү уюшкан, комплекстүү жана тыгыз байланышкан формада жүргүзүп жатат.

Стратегиялык камоо жана үстөмдүк логикасы:

Советтер Союзу менен көп жылдар бою жүргөн суук согуштан кийин АКШ дүйнөлүк деңгээлде салыштырмалуу жалгыз үстөм державага айланды. Бирок Кытайдын экономика, аскер жана технология тармагындагы тездик менен көтөрүлүшү Вашингтондун тынчсыздануусун жаратып, СССР менен болгон мурдагы тирешти кайрадан эске салууда. АКШнын бул жааттагы саясатынын негизги түрткүлөрүн төмөнкүдөй жыйынтыктоого болот:

Стратегиялык үстөмдүктү сактоо:

АКШ Кытайды өзгөчө Индия-Тынч океан аймагында өзүнүн дүйнөлүк үстөмдүгүнө реалдуу коркунуч жараткан жалгыз атаандаш катары карайт,. Бул багытта АКШ аймактагы аскердик катышуусун күчөтүп, союздаштарды чыңдоодо. Стратегиялык үстөмдүктү сактап калуу АКШ үчүн негизги максатка айланган, муну коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Збигнев Бжезинский “Үстөмдүк” аттуу китебинде мындайча сүрөттөгөн: “Үстөмдүк — лидерлик менен алмаштырылды, эл аралык урмат-сый солгундады”.

Технологиялык үстөмдүк жана экономикалык коопсуздук:

АКШ Кытайдын жогорку технологияларга, өзгөчө жарым өткөргүчтөр жана жасалма интеллект тармагына жетүүсүн чектөө аркылуу стратегиялык үстөмдүгүн сактап калууга умтулууда. АКШнын соода министри Жина Раймондо мындай деген:

“Биз өз улуттук коопсуздугубузду коргойбуз, бул технологиянын туура эмес колдорго өтүшүнө жол бербөө аркылуу ишке ашат”.

Дүйнөлүк тартипти коргоо:

АКШ Кытайдын Түштүк-Кытай деңизиндеги аракеттерин, Тайванга болгон мамилесин жана глобалдык таасирин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн эл аралык тартипке коркунуч катары көрөт. АКШнын мурдагы президенти Байден мындай деген: “Биз демократия менен автократиянын ортосундагы жарыштабыз. Демократия дагы эле иштей турганын далилдөөгө милдеттүүбүз”.

Союздарды куруу жана таасирди кеңейтүү:

Кытайды глобалдык тартипке коркунуч катары сүрөттөө аркылуу АКШ НАТО, Квад (төрттүк альянс) жана AUKUS сыяктуу альянстарды кайра активдештирүүгө жетишти. Саясий аналитик Фарид Закария айткандай: “Жалпы тышкы душман ар дайым союздарды бириктирүүнүн эң күчтүү каражаты болгон жана мындан кийин да боло берет”.

Экономикалык чаралар жана бажы төлөмдөрү:

Трамп администрациясы Кытайга карата соода теңсиздигин жана интеллектуалдык менчик укуктарын бузуу маселелерин чечүү максатында кеңири бажы төлөмдөрүн киргизген. Бул төлөмдөрдүн айрымдары азыркыга чейин күчүндө, бирок инфляцияны басаңдатуу жана Кытай менен экономикалык мамилелерди тең салмактоого аракет кылуу үчүн алардын айрымдары жоюлду. АКШ менен Кытайдын ортосунда айрым макулдашууларга жетишилгени жарыяланды, бул Кытай АКШнын талаптарына белгилүү бир деңгээлде жооп кайтарып жатканын билдирет.

Кытай менен болгон “суук согуш” стратегиясына кайра көңүл буруу:

Трамп администрациясынын тушунда Кытайды узак мөөнөттүү стратегиялык атаандаш катары кабылдоо ачык айкын болду. Бул саясат курч атаандаштыкка негизделгени менен, түз согушка кирбей турууну максат кылат. АКШ жаңы “суук согушту” баштоону ачык тануу менен бирге, көптөгөн талдоочулар бул өлкө Кытайды АКШнын ритмине ылайык башкарылган, мурунку “суук согушка” окшогон стратегиялык тирешүү моделин кабыл алууга мажбурлап жатканын белгилешет.

Кытай “суук согуш” менталитетин четке кагат

Кытайдын жетекчилиги, өзгөчө төрага Си Цзиньпин башында туруп, жаңы суук согушка кирүү идеясын кескин четке кагып келет. Алар АКШнын саясатын эскирген үстөмдүк менталитетинин көрүнүшү катары баалашат. Кытайдын позициясы төмөнкүдөй:

  • Дипломатиялык билдирүүлөр:

Төрага Си Цзиньпин бир нече жолу “суук согуш” менталитетине каршы эскертүүсүн айткан. 2021-жылы Давос форумунда ал мындай деген: “Чакан блокторду түзүү же жаңы суук согушту баштоо дүйнөнү бөлүп-жарууга алып келет”. О.э ал АКШны Кытайды курчоого аракет кылып жатат деп айыптаган.

          Көп уюлдуу дүйнөнү жактоо:

Кытай дүйнөлүк тартип көп уюлдуу болушу керек деп эсептейт. АКШнын үстөмдүгүн адилетсиз деп сыпаттайт. Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И мындай деген: “Биз күчкө таянган бардык саясат формаларына жана суук согуш менталитетине каршыбыз”.

  • Экономикалык өз ара көз карандылык:

Кытай эки тараптуу соода кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, экономикалык ажырым эки тарапка тең зыян алып келерин айтат. Мурдагы вице-премьер Лю Хэ айткан: “Согушта жеңүүчү болбойт” – бул соода согуштарына да тиешелүү.

  • Стратегиялык сабырдуулук:

Кытай түз тирешүүдөн качууга аракет кылат, бирок “Бир алкак – бир жол” демилгеси жана глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен бекем байланыштар аркылуу өз таасирин кеңейтип келет.

Суук согуш коркунучу жана анын дүйнөлүк тартипке тийгизчү таасирлери:

  • Дүйнөлүк тартиптин бөлүнүшү:

5G технологиясы, жасалма интеллект жана соода жолдорундагы атаандаштык дүйнөлүк экономиканы туңгуюкка алып келиши мүмкүн.

  • Аймактык чыңалуу жана курал жарышы:

Тайвань жана Түштүк-Кытай деңизи боюнча чыңалуу аймактык жаңжалдарга түрткү берип, Азия-Тынч океан чөлкөмүндө аскердик чыгымдардын өсүшүнө себеп болууда. Бул жаатта 2025-жылдын 23-апрелинен 10-майына чейинки Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу тирешүү мисал боло алат.

Көп уюлдуулукту алсыратуу:

Эгер геосаясий атаандаштык глобалдык маселелерден (климат, саламаттык, өзөктүк курал жайылышын алдын алуу) жогору коюлса, анда эл аралык кызматташтык чоң зыянга учурашы мүмкүн. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш мындай деп эскерткен: “Дүйнө жаңы суук согушту көтөрө албайт”.

Союздар аркылуу уюмдаштыруу жана бөлүнүү:

Африка, Түштүк-Чыгыш Азия жана Латын Америкасындагы мамлекеттер кайсы бир тарапты тандап алууга мажбурланууда. Бул дипломатиялык бейтараптуулукка коркунуч жаратып, туруксуздуктун коркунучун күчөтөт. Бул көрүнүш мурун Советтер Союзу менен болгон суук согуш маалында да байкалган. Көптөгөн өлкөлөр бир тарапка ыктаган же “Бейтарап мамлекеттер кыймылына” кошулган.

Экономикалык жана соода кесепеттери:

Кээ бир бажы төлөмдөрүнүн алынуусуна карабастан, Кытайга каршы соода чектөөлөрү жана мыйзамдар узак мөөнөттүү экономикалык ажырымга карай багыт бар экенин көрсөтүп турат. Бул дүйнөлүк рыноктор менен камсыздоо сфераларына олуттуу зыян келтирет. Кытайдын алдында турган тандоо: көзөмөлдөнгөн суук согушпу же ачык куралдуу тирешүүбү?

Суук согуш — бул түз согушка айланбай тургандай кылып түзүлгөн тирешүүнүн бир формасы. Азыркы шартта Кытай эки оор тандоонун ортосунда турат:

  1. Эрежелер менен чектелген, бирок узак мөөнөттүү суук согуштун шартын кабыл алуу;
  2. Же Тайвань, Түштүк-Корея жана Индия сыяктуу аймактарда эсептелбей калган кадамдардын айынан ачык куралдуу жаңжалга тартылуу.

Вашингтон стратегиялык камоо жана атаандаштык жолуна ачык дана түшүп жатса, Бээжин бул рамканы формалдуу да, мазмун жагынан да четке кагууда. Бирок Бээжин бул позициясын алсыздык катары көрсөтпөөгө аракет кылууда. Ошентсе да, эки тараптын ортосундагы саясий риториканын жана саясаттардын туруктуу курчушу Кытайды эки гана жолдон бирин тандоого мажбур кылышы мүмкүн:

  • Узак мөөнөттүү, эрежелүү муздак согуштун чегинде жашоо,
  • Же аймактык куралдуу жаңжалдар аркылуу дүйнөнү согушка жакындатуу.

Бул тирешүү кыска мөөнөттүү стратегиялык максаттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн, бирок анын улануусу:

  • эл аралык кызматташтыкты үзүп,
  • дүйнөлүк туруксуздукту күчөтүп,
  • өз ара байланышы күчтүү дүйнөдө жаңы жана терең бөлүнүүлөрдү жаратат.

Бул чыңалуу жана тирешүүлөр, балким, жаңы эл аралык күчтөрдүн жана жаңы тартиптердин пайда болушуна шарт түзүшү мүмкүн. Алар дүйнөгө чыныгы туруктуулукту алып келчү, азыркы жаңжалдардын адамзатка алып келчү балээге бөгөт коё турган идеяларды сунушташы ыктымал.

Доктор Мухаммад Жилани

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here