Бекер сыр капканда гана болот
Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери 26-27-май күндөрү Дубайда жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады. Жолугушуу Дүйнөлүк банктын көмөгү менен өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үч өлкөнүн өкмөтү Дүйнөлүк банкка кайрылып, долбооорго техникалык көмөк көрсөтүүнү, анын техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоого, экологиялык жана социалдык таасирин баалоого жардамдашууну өтүнгөн. Жолугушууга аталган банктын жогорку кызматтагы өкүлдөрү да катышты. Алар башка эл аралык уюмдар менен кошо үч мамлекеттин Камбар-ата-1 ГЭСин чогуу куруу аракеттерин колдошорун билдирди.
Жыл башында энергетика министри Таалайбек Ибраев Камбар-Ата-1ди курууга каражат дээрлик табылганын билдирген. Ташкенттеги министрлердин жолугушуусунда тараптар Дүйнөлүк банктан ар бир өлкөгө 500 миллион доллардан берүүнү сурап кат тапшырганын айткан. Анда аталган донордук уюм бул долбоорго жалпы 18 миллиондон ашык каражат бөлгөнүн, бул акча техникалык-экономикалык негиздемеге кошумча-алымча киргизүүгө жана юридикалык компанияга сарпталып жатканын кошумчалаган.
Камбар-Ата-1 ГЭСин Борбор Азиядагы үч өлкө биргелешип куруу чечими 2023-жылдын башында кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзүлөт, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. Долбоорго 4 миллиард доллардан ашык каражат керектелет.
Буга чейин Эл аралык валюта фондунун өкүлү да өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтөөрүн айтып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу тууралуу маалымат алган.
Белгилүү болгондой, эл аралык каржы уюмдары кредит жана гранттарды өлкөдөгү тарифтерди кымбаттатуу талабы менен беришет. Маселен, өткөн жылы Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар бере турган болгондо, банктын мурдагы вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”. Натыйжада, өлкөдө жыл сайын электр энергиясынын тарифин кымбаттатуу чечими кабыл алынган. Жаңы режим бийликке келгенден бери светтин баасы 53% кымбаттады. Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырышат. Алар тарифти кымбаттатуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркын кымбаттатууну да каалашат. Натыйжада, жергиликтүү ишкерлер чет элдик капиталисттердин арзан баадагы товарларына атаандаша албай калат. Мына ушундай жол менен эл аралык каржы уюмдар үстүбүздөгү капиталисттик түзүмдүн зулумдуктарын ишке ашырышат.
Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш.
Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:
اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ
“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон. Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет.
Жыйынтыктап айтканда, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан калкы алгач бул капиталисттик түзүмдөн баш тартып, колонизаторлорду кууп чыкканга чейин өз мүлкүн өзү эркин колдоно албайт. Ал эми аларды кубалап чыгып, калктын кызыкчылыгын коргоп бере турган система Исламда гана бар. Ушундай болгон соң, калк жана анын башындагылар ушул жолдо аракет кылуусу шарт!
Мумтаз Маверанахрий