Адилеттүү  имам тууралуу  айтылгандар

42
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Адилеттүү  имам тууралуу  айтылгандар

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Жамиъ ат-Тирмизинин түшүндүрмөсү Тухфат аль-Ахвазийде  “Адилеттүү имам жөнүндө айтылгандар” бөлүмүндө айтат.

حَدَّثَنَا عَلِيُّ بْنُ الْمُنْذِرِ الْكُوفِيُّ حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ فُضَيْلٍ عَنْ فُضَيْلِ بْنِ مَرْزُوقٍ عَنْ عَطِيَّةَ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: إِنَّ أَحَبَّ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَأَدْنَاهُمْ مِنْهُ مَجْلِساً، إِمَامٌ عَادِلٌ وَأَبْغَضَ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ وَأَبْعَدَهُمْ مِنْهُ مَجْلِساً، إِمَامٌ جَائِرٌ

Бизге Али ибн Мунзир аль-Куфи Абу Саидден риваят кылды, ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Кыямат күнү Аллахка адамдардын эң сүйүктүүсү жана жыйында Ага эң жакыны адилеттүү башкаруучу. Аллахтын алдында адамдардын эң жек көрүндүсү жана жыйында Аллахтан эң алысы – зулум өкүмдар болот”.

“إن أحب الناس” “Адамдардын эң сүйүктүүсү” дегендин мааниси: Кари айткандай, алардын эң сүйүктүүсү. Аль-Манави айтты: Алардын эң сүйүктүүсү менен бактылуусу. وأدناهم “Жана алардын эң жакыны” дегендин мааниси: ээлеген орду жана даражасы боюнча. Бул тууралуу Аль-Кари билдирип, Аль-Манави айтты: “Анын кадыр-баркына эң жакыны жана Анын алдындагы даражасы эң бийиги”. إمام جائر “Адилетсиз имам” дегендин мааниси “зулум кылуучу”.

Урматтуу бир туугандар:

Касим бин Мухаймарадан риваят кылынат: “Силердин заманыңар – силердин башкаруучуңар. Эгер акимиңер жакшы болсо, заманыңар жакшы болот, эгер акимиңер бузук болсо, заманыңар да бузук болот”.

Халифа Умар бин Абдул Азиз халифалыкка келгенде ал Хасан Аль-Басрийге киши жиберип, адилеттүү имамдын сапаттары тууралуу сураганы айтылат. Аль-Басри мындай деп жазган: Билип кой, эй момундардын амири, Аллах Таала адилеттүү башчыны ар бир адашучуунун таянычы, ар бир залимдин ооздуктоочусу, ар бир бузукулуктун оңдоп-түзөөчүсү, ар бир алсыздын күч берүүчүсү, ар бир зулумдун адилети, ар бир кыйналгандын баш калкалоочу жайы кылган.

Адилеттүү имам, эй момундардын амири, төөлөрүнө боорукер чабандес сыяктуу. Ал үчүн эң жакшы жайыттарга алып барган бекем шериги, Аны кыйратуучу жерлерден коргойт, жырткычтардан сактайт, ысыктан жана жаракаттан сактайт.

Адилеттүү имам, эй момундардын амири, баласына мээримдүү, боорукер эне сыяктуу. Аны кыйналып көтөрүп, кыйналып төрөп, бала кезинде чоңойткон, анын кареги менен айланып бирде эмчек эмизип, бирде эмчектен ажыратып, амандыгына сүйүнүп, оорусуна кайгырган сыяктуу.

Эй мусулмандар!

Бул сапаттар силердин акимдериңерде барбы? Эмне болуп жатканын көрбөй жатасыңарбы? Адегенде акимдерибизден шалаакылыкты көрүп, кийин чыккынчылыкты көрө баштадык. Анан бүгүн ар тараптан куфрду, бузукулукту чогултуп жатканын көрүп жатабыз. Аларды сыпаттоодо тилибиз жетпей калды, араб тилинин сөздөрү алардын үммөткө болгон жек көрүүсүн, адепсиздигин, бузукулугун сыпатоого жетишсиз болуп калды. Ошондуктан  алардын адилеттүүлүгүн же адилетсиздигин айтуу да маңызсыз. Анда алардын Кыямат күнү Аллахтын алдындагы абалы кандай болот? Аллахтан абалыбыздан кечирим тилейбиз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 28-зул каада.

2025-ж, 26-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here